Ура! Көптөн бери мени кыжырлантып келген бир маселе чечилип жатат. Күн сайын жумушка жаңы оңдолгон У. Асаналиев көчөсү менен маанайым көтөрүңкү өтөм. Бирок ал сезимдер көпкө созулбайт, анткени андан кийин эле Б. Бейшеналиева менен Киев көчөлөрү башталат. Шаардагы эң ири деп эсептелинген Ош базары мына ушул көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан. Бул жердеги тынымсыз болуп турган жол тыгыны, баш аламан көрүнүш, ызы-чуулуу жаман шарттагы
базар зээнимди кейитет. Эмне үчүн сатуучуларга жана сатып алуучуларга жакшы шарттар түзүлгөн эмес, качан бул район оңдолот, эмнеге мэрия буга көңүл бурбайт деген сыяктуу жүздөгөн суроолор мээмди аралап өтөт. Кесилиштеги светофор өзүнчө эле иштей берет, аны он адамдын арасынан үчөө көрсө көрөт, калганы эл дүрбөсө кошо дүрбөп, астындагы адамды
ээрчип кете беришет. Ошол жерден айдоочунун “Эмне койсуңарбы?!” деген кыйкырыгын укканда аларга нааразы болуп кетем. Таң атпай кабагым бүркөлөт. Ушул көчөлөрдөн өтүп кеткенче ким билет, күн сайын канчалаган нерв клеткаларым өлөт. Бирок жакындан бери бул райондун тегерегинде оңдоо, түздөө иштери жүрүп баштады. Кудайга үнүм жетти окшойт. Айдын эң жагымдуу жаңылыгы мен үчүн ушул болду. Буюрса, жакында кенен, таза жолдордон өтүп калам.
Ноябрь, 2012
«Некрасов, Лев Толстой көчөлөрүндөгү жанагы сонун самсыдан ала барайынбы?» – деп жумуштагы кыздарга чалган мен кезек күтүп туруп калдым. Тандырга жабылган самсынын жыты буркурайт. Күтүп турган адамдардын саны болсо жыйырмага жакын. Хмм… мага качан кезек жетет деп үшкүрүнүп туруп калдым. Кезекте турган адамдардын арасында классикалык стилде кийинген улуу байкелер, курулуш кызматкерлери, жөнөкөй жумушчулар деги койчу, түрдүү адамдар кездешет. Көпчүлүгүн мырзалар түзгөн кезекте туруп алып, өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезип турдум. Апарык кыз ушундай майлуу самсы жейт деп эч ким ойлобосо керекJ. Ошол жерде турган бардыгыбыз самсы жаап жаткан баланы карап турдук. Арык чырай келген жаш жигит шыпылдап иштеп жатты. Карап туруп, ичимен ага баа бердим. Канчалаган адамдар бул баланын колунан чыккан даамдуу самсыны жеп, ыраазы болуп кетишет. Бул көчөдө көптөгөн кафелер жайгашкан, бирок атайын ушул жердин самсысынын даамын татыш үчүн келишет. Болбосо жөнөкөй эле жер, бурчта, тамактануу үчүн өтө деле ыңгайлуу шарт жок, бирок самсысы – мыкты! Демек, бул жакта эмгектенген адамдар өз иштерин сүйгөн мыкты топ, же жетекчиси ушундай тартипте кармайт. Самсы жөнүндө жазсам ушундай жакшынакай журналдын форматына туура келеби деп ойлодум. Бирок даамдуу тамак жөнүндө сөз кылууга эмнеге болбосун?! Бул биздин жашообуз, а жашоону тамаксыз элестетиш кыйын. Сөзүмдү аяктап жатып, бул эмгек жамаатын өз иштерин мыкты жасаарын белгилеп кетким келди. Эгер сиз дагы майы билегиңизден аккан, ичинде жарым килограмм эти бар самсы жегиңиз келип жүргөн болсо, түптүз ошол жерге барыңыз.
Февраль, 2013
Кеңседе кыздар менен сүйлөшүп отуруп, эгерде биз мырза болуп калсак, мекенибиз, сүйүктүүбүз үчүн кандай эрдиктерди жасамак элек деп, толтура тизмени айтып, бир сыйра күлүп алдык. 2005-жылы Коомдук телерадиокомпаниясында «Мекен чегинде» программасын алып барып жүргөн кездеримди эстедим. Ошондогу чек арада мамлекетти коргоо үчүн күндүн ысык суугуна карабай, күнү-түнү кызмат өтөп жүргөн, беттери туурулган, арык жоокерлер көз алдыма тартылды. Ооба, кыйын эле жашоолору. Мен андайга чыдамак эмесмин. Кудай мени аялзаты кылып жаратканына миң мертебе шүгүр дедим J Андыктан кыздар, мырзаларга деле оңой эмес. Дайыма биз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, үй-бүлөбүздү, мамлекетибизди коргоп жүргөндөрү үчүн биз аларга күч- кубат бололу. Убактан пайдаланып, мырзаларыбызды 23-февраль ата-мекенди коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм. Мырзалар, бар болуңуздар жана ар дайым өз жарыңыздарды колдоп, сүйүп, эркелетиңиздер. Анткени биз айымдар сиздерден гана мындай жылуу мамилени күтөбүз!
Март 8, 2014 at 9:12 пп |
Кыргызча тамга менен жазганда ө,ү,ң тамгалары башка тамгалар менен бирдей болуусу үчүн кыргыз тамга клавиатурасын көчүрүп алсаңыздар окурмандарга жагымдуу болмок http://bektour.com/2011/08/05/kyrgyzskaya-raskladka-klaviatury-kyrgyz-klaviaturanyn-raskladkasy/
Март 12, 2014 at 3:22 пп |
Венера, рахмат эскертүүңүзгө! Сөзсүз оңдойбуз!
Февраль 12, 2016 at 7:17 пп |
Чынында айтылуу Ош базарыбыздын тегереги зээнди кейитет.