Бир канча баракты миңдеген китептердин мазмунун айтып, корутундулоо – бул амалкөйлүк. Башкалардын таңуулаган көз караштарынан арылып, өзүңдү кээ бир кемчиликтериң үчүн кечирип, сүйүп, урматтоону үйрөнүү үчүн психология факультетинде беш жыл окууга же өсүү үчүн психотерапевттик курстарга барууга мүмкүнчүлүк менен каалоо баарында эле боло бербейт. Бул макаланы жазып жатып, акылыбыз жетпеген нерсени түшүнбөйт экенибизди түшүндүм, ошондуктан бүгүн кайрадан эле стереотиптер жөнүндө сөз кылабыз. А макаланын аягында сизге берилген үй тапшырманы аткаруу менен жалгыздык көйгөйүнө байланышкан бир топ суроолорго жооп аласыз.
Жалгыздык ар кандай болот. Сырткы жалгыздык (жаныбызда жакын адамдарыбыз гана болгондо же эч ким болбогондо), ички жалгыздык (көп адамдардын арасында деле жалгыздыкты сезгенде). Ошол эле убакта ичтеги жалгыздык дагы бир канчага бөлүнөт: кээде биз жалгыздыктан ырахат алабыз (айланаңдагы адамдардан эс алуу), жалгыздык жан дүйнөнүн көнүмүш абалы (интроверттерге таандык) жана эч кимге кереги жоктуктан кооптонуу. Эми ар бир жалгыздыкка токтолуп, түшүнүүгө аракеттенип көрөлү, бул жалгыз бой жүргөн көп эле кыздарга кызык болуш керек.
Курчаган адамдардан эс алуу. Коомдон обочолонуп, өз алдыңча болуу кылмыш эмес да, туурабы? «Баары тажатты!» – деп жумуштан кетебиз, алыска сапар тартабыз, кээде жатып алабыз, музыканы катуу коюп угабыз. Изоляция – бул сырткы агрессивдүү чөйрөдөн коргонуунун эң байыркы психологиялык жолу. Эгерде биз изоляцияны колдонбосок, стресстен, бирөөнүн кеп-сөзүнөн, психосоматикалык натыйжалардан улам убагыбыздан эрте аркы дүйнөгө кетмекпиз.
Интроверттин жалгыздыгы. Интроверттер экстраверттерден айырмаланып, өзүнөн дем-күч алууну билишет. Алар ой жүгүртүүнү жактырышат, ызы-чуулуу иш-чараларга болсо кыска убакытка гана катышышат. Экстраверттер бийлеп, тамашалашып, эмеректерди сындырганга чейин жетип, шапар тээп жүрсө, интроверттер болсо толкундуу тостторду тынч бурчта гана айтышат.
Кээде адамдар «экстраверт-интроверт» эмне экенин билбей, баарлашууда ар кимдин талабы ар кандай экендигин эске албастан «Мен башкаларга окшобойм. Мен жолсузмун» деп өзүн «жей» беришет. Мындай убакта психолог менен жолугушуу же бул тармакта билими кененирээк адам менен сүйлөшүп, өзүңдөгү талаптарды кабыл алып, бир пикирге келсең болот. Ал талаптар эс алуу үчүн жалгыздыкты самагандардын талабынан көп деле айырмаланбайт.
Эмнеге мен жалгызмын? Эмнеге менин эч кимге керегим жок? Бул эки суроо дайыма кайчылашып жүрөт. Себеби мени сүйгөн адам жок болсо, демек, мен жалгызмын деп ойлойбуз. Эгерде адам сүйүктүүсүн табууга кылган аракети майнапсыз болсо, бул анын өзүнө төмөн баа берүүсүнө, өзүнө болгон ишенимди жоготуусуна алып келет. Менин айткандарым аял менен эркектерге бирдей эле таасир этет. Эркектер жашы жогорулаган сайын бойдокчулуктун артыкчылыктарын көрүү менен ичиндеги келишпестикти аялдарга салыштырмалуу жакшы жеңе алышат. Аялдарда болсо бул маселе таптакыр башка тарабынан ачылат. «Он кызга тогуз эркек» деген статистика бул жерде эч кандай роль ойнобойт. Ошондуктан мен азыр мындан ары сулуу, акылдуу, сымбаттуу, бирок жалгыздыктан жабыр тарткан кыздарга стереотиптер тууралуу айтып берем.
Стереотип № 1. Бабалардан калган мурас
Социалдык, психологиялык жактан толук бышып жетиле элек акыл-эсибизге жыйырма жаштан баштап эле ата-энелерибиз, туугандарыбыз, досторубуз, тааныштарыбыздан бери «Качан турмушка чыгасың?» деген суроолору менен сокку уруп башташат. Мындай убакта кулак түргөн, боору ооруган адамдар толтура, бирок сиз жалгыз экениңизди эсиңизден чыгарбашыңыз керек. Тамчы тамып отуруп, ташты тешип жибергендей эле, ашыкча суроолор да сизди «Менин башкалардан эмнем кем?» деген сыяктуу туура эмес ойлорго түртөт.
Башканы коё туруп, чыгыш жана европалык жашоо образын ойлонолу. Акыркы жүз жылда бул айырма көп сезилбей баратат. Жүз жыл мурун Азияда он үч жаштан баштап жыныстык жактан жетилген кызды турмушка чыгууга даяр деп эсептешсе, азыр окуп, карьера кылып, андан соң гана турмушка чыгып, бала төрө деген сыяктуу көз караштарды карманып, акырындап европалык стандартка жакындап баратабыз. Бойго жетүүнүн айырмасы бизде 18 жаш болсо, Японияда 20, Европанын кээ бир өлкөлөрүндө турмуш курууга өз алдынча чечим кабыл алуу же шайлоолорго катышуу жашы 21ге келгенде гана болот.
Эми ойлонуп көрөлү, биздин «жалгыздыгыбызга» ким көбүрөөк кайгырат? Албетте, ата-энебиз жана бизден улуу муундар, тагыраак айтканда, эрте турмуш куруу дооруна илинип калгандар. Биздин салттарыбызды эске алганда, чоң энелерибиз түгөй тандоо укугуна ээ боло алышкан эмес, ата-энелеринин каалоосу менен гана турмуш куруп келиндин, кийинчерээк апанын ролун ойноп калышкан. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн кийинки муундан «кек алуусун» байкаса да болот. Алар башкача ыкма менен деле үй-бүлө курууга болоорун элестете албагандыктан азыр деле ошол адаттагы, стабилдүү ошол «салтты улантууну» каалашат.
Деги кайсы убактан баштап турмуш курууну ойлоно баштаган туура? Бул кызыктай суроого мен бир жактуу жооп айта албайм. Бул бардык телефондорго бирдей түшө турган түзмөктү издегендей эле кеп. Биз баарыбыз ар башкабыз. Биздин ар түрдүүлүгүбүз дене-түзүлүш, жүз-келбетибизден гана эмес, ар кимдин талаптары, социалдык, физиологиялык өсүп жетилүүсүнөн да айырмаланып турат. Он үч жашында үчүнчү өлчөмдөгү көкүрөгү болгон курбуңузга теңелип таптакыр кереги жок.
Стереотип № 2. Идеалдын артынан түшүү
Болбой жатабы – демек, менин бир жерим кем. Бул жерде белгилүү мультфильмдеги «Колдор… Буттар… Башкысы – куйрук» деген цитатаны эстетким келет. Ооба, куйрук биздин көйгөйүбүз.
Кыздар биринчи кезекте эле жалгыздыгынын себебин сырткы келбетинен издеп башташат. Мурдум бучук, бетимдин жайык, бетимде безеткилер бар, семизмин деген сыяктуу себептерди таба башташат. Эгерде кыз башкалардын сырткы келбетин объективдүү караган стилисттин, сулуулук салондорунун жардамы менен көйгөйлөрүн чечсе жакшы, себеби, биз өзүбүздү сырттан карабайбыз. Бирок өтүшүп кеткени, кыз өзүндөгү проблеманы чечпестен пластикалык хирургияга чейин жетип, мурдун түздөтүп, экинчи өлчөмдөгү көкүрөгүн төртүнчү кылып чоңойтуп, андан ары дагы бир жерин өзгөртүп жүрүп отурса, ага жөн гана өзүңдү жакшы көрүүнү үйрөн деп кеңеш бермекмин.
Эгерде стилисттин көрсөткөн жардамы сиз күткөндөй болбосо, мырзалардан, тааныштардан жакшы комплимент уга албасаңыз, эч ким сүйүүсүн арнабаса анда ичтеги проблеманы үйрөнүүгө убакыт келди.
Стереотип № 3. Жакшы мырзалар кырылып калды
Бул стереотип «Бардык эркектер адам эмес, а мен канышамын» деген менен барабар эле.
Эгерде келечеги бар жакшы бала менен түнкү клубда же көңүл ачуучу жайларда тааныша турган болсок, үйдө жана сыртта биз ар кандай ролду ойноорубузду унутпашыбыз керек. Эс алып жүргөн адамды жашоодогу өнөктөш катары элестетүү ыкмасы – үй-бүлө курууга кызыктай жол болуп саналат.
Бул стереотип – примитивдүү психологиялык коргонуу – тануу менен баркы түшүүнүн натыйжасы. Психотерапевттер айткандай, тануу – көйгөйдүн биринчи белгиси, жан дүйнөсү кабыл албай жаткандыгын моюндабагандык. Ошол эле мезгилде, башка бирөөнү баалабастык «ак ат минген ханзаада эмес» деген шаблонду колдонгон менен барабар. Ак менен кара деп бөлүү, түстөрдү ыраңдарына карап ажыратканга караганда оңой, ошондуктан ак-кара принциби менен жашоо оңой.
Бул стереотиптен кутулуу кыйыныраак. Жон Грейдин «Эркектер Марстан, аялдар Венерадан» деген китеби стереотиптер менен күрөшүүдө табылгыс колдонмо болуп бере алат. А (канышанын синдромуна) «Жигитиңден кантип 10 күндүн ичинде арылсаң болот?» деген комедияда башкы каарман өзүнүн кемчиликтерин мойнуна албаган куу айымдын ролунда сонун ойноп берген.
Стереотиптер тууралуу ушуну менен бүттүк, эми үй тапшырмага киришебиз.
- Таптаза ак кагаз алабыз.
- Төмөндөгү суроолорго жооп жаза баштайбыз.
– Сиз өзүңүздү жалгыз сезесизби?
– Өнөктөш табуу каалооңузду он упай шкала менен баалаңыз. Канча экен?
– Өнөктөшүңүздүн кандай сапаттарын баалайт элеңиз, кайсыл сапаттарын жактырбайсыз?
– Ар бир пункттун тушуна өзүңүздөгү окшош жакшы, жаман сапатты жазыңыз.
– Өнөктөшүңүздүн эмнесин кечире алат элеңиз, кандай кылыгын кечирбейсиз?
– Макалада жазылган стереотиптерге макулсузбу?
- «Мен күйөөгө тийгим келет», «Мен күйөөгө тийишим керек» деген сөздөрдү үнүңүздү чыгарып айтыңыз. «Тийгим келет», «тийишим керек» деген сөздөрдүн айырмасын сездиңизби?
- Жазган барагыңызды четке алып коюңуз.
- Үй тапшырманы бүткөндөн кийин өзүңүзгө шоколад сатып алыңыз жана үй тапшырманы жакшы аткарганыңыз үчүн өзүңүздү мактаңыз .
Текст: Юлия Эфф
Сүрөт: Перизат Сабинова