Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Лаура Омуралиева: «Феминизм – бул менимче талкалоочу пропаганда»

Лаура Омуралиева: «Феминизм – бул менимче талкалоочу пропаганда»

 

Кантип жакшы, назик, бактылуу аял болууну мектепте, университетте эч ким үйрөтпөйт. Эгер ал жөнүндө сурай келсең, ар ким өз тажрыйбасына таянып гана жооп бере алат. Бирок атайын үйрөтө турган адистер Бишкекте өтө саналуу болсо да бар. Алардын бири эки жогорку билимдин ээси,  англис тилинде түш жооруган, он жылдай чет мамлекеттерде түрдүү тренингдерге катышып, алган билиминин натыйжасында өзүнүн үйрөтүү ыкмасын иштеп чыккан, кыргыз аялдарын бактылуу болууга үйрөтүүнү миссиям деп билген тренер Лаура Омуралиева бизге кызыктуу маек куруп берди. 

 

Нагыз аялга тиешелүү касиеттерге ээ болууну, аялзат энергиясынын күчү, чечендик өнөр эле эмес, өзүн өзү көп кырдуу өстүрүүнүн ыкмаларын, ийгиликке жетүүнүн жолдорун теорияда эмес  практикада үйрөткөн коуч менен баарлашып отурдум. «Аялзат дүйнөсүнүн адиси, дарыгери» деп атап алдым ичимден аны. Тренингине барганымда жаштыгымдан эмес, эгер укпасам өмүр бою билбей эле өтүп кетүүчү билимге аз убакыттын ичинде ээ боло алдым. Башымдагы оор тумагымды бирөө чечип салгансып, жоопсуз жүргөн суроолорума да жооп табыла түшкөнсүдү. Ошондо «интервью алыш керек» деген ой чарк эте түшкөн эле башымда. Алышы алдым, бирок орусчадан кыргызчага которуп жатып, нак айтылган ойлордун, сөздөрдүн маанисин, каймагын жоготуп алдымбы деп көпкө түйшөлдүм.  Аялзатынын энергиясынын касиеттери тууралуу орусча адабияттар көп болгону менен кыргызча маалымат аз деп планда атайын кыргызча бөлүмгө киргизген элек. Назик сүйлөгөн, күмүш күлкүлүү Лаура Омуралиева менен саратанда салкын жерде чай үстүндө сүйлөшүп отурдук. Кай жерде болбосун дайыма жарашыктуу көйнөк кийип жүргөнүнөн улам, адегенде эле сөздү гардеробдон баштадык. 

 

– Гардеробуңузда бир эле жинсы шым бар экенин уккан элем. А калган учурда дайыма юбка кийип жүрөсүзбү? 

– Дагы бир классикалык шымым бар, аны расмий жолугушууларга барганда кийем. Бизде «Аялзат энергиясынын күчү» деген темада мастер-класс бар, ошол жерде узун юбкалардын касиети тууралуу айтабыз. Биз юбка кийгенде жерден энергия алабыз, ошол алган энергия биздин энелик, аялдык милдетибизге жооп берүүчү органдарыбызга келет. Ал энергия биздин жумушубузга, үй-бүлөгө, сулуулукка, ден-соолукка, сүйүүгө, тагыраак айтканда жашоодогу жөндөмдүүлүктөрүбүзгө, иш-аракеттерибизге жумшалат.

– Азыр көпчүлүк айымдар шым кийип эле жүрбөйбү, алардын энергиясы тууралуу эмне дейсиз?

– Эгер башынан айта турган болсом, аялдар энергияны оңой алышат. Жакшынакай картинаны караганда, келбетибизге кам көргөндө, массаж алсак же шопинг кылсак, музыка уксак деле энергияга толо беребиз. Аялзатын дайыма эркелетип, сылап-сыйпап турушу керек. Ошондуктан да биз дайыма кучактоону, кандайдыр бир назик кыймыл аракеттерди жакшы көрөбүз. Биздин физикалык денебиз бар жана андан тышкары энергетикалык денебиз бар. Аялдар тиричилик, үй, жумуш  деп жүрүшүп физикалык денесине деле көп көңүл бурушпайт. Аял – энергиянын очогу. Үй-бүлөсүнө, жакын чөйрөсүнө өзүнүн энергиясынан бөлүшүү үчүн ал өзү энергиялуу болуш керек. Сиз айткан шым кийген айымдар энергияны башка жактан алышы мүмкүн. Дегеле шым кийгенде аялдын бүт энергиясы сыртка тарайт. Башында айтып кеткендей, аялзаты бул дүйнөгө толук энергия менен, эркектер болсо бопбош келишет. Алар айымдар  сыяктуу энергияны бардык тараптан эле ала бере алышпайт. Алар энергияны Жараткандан эле алышы мүмкүн, ошондо да эгер руханий дүйнөсү кенен болсо. Адатта ал энергияны жалгыз аялзаттан алат. Ошондуктан аял өзү «сапаттуу» болсо энергиясы да толук, жакшы болот. Аял эч кимге жамандык каалабаса, ниети жакшы болсо жолдошун сүйүп, баалай алса, камкордук көрсө анын энергиясы да сапаттуу бойдон эркекке берилет.

 

IMG_0040_a

 – Эгер аял толук болсо, сулуу эмес, идеалдуу болбосо кантип өзүн жакшы  көрө алат?

– Мен идеалдуу деген сыяктуу шаблондордон деги эле алысмын.  Кээ бир аялдар    өзүнүн сулуу экенин билишпейт, ишенишпейт. Эгер аял өтө эле толук болсо, бул  ичтеги гармониянын жоктугунан. Аял кишиде 25%  эркектин энергиясы бар, ал эми    75% аялдыкы. Аял өзүнө көп жоопкерчилик алып алганда, көп иштеп, шым кийип,  чачын кыскартып алганда ичиндеги эркектин энергиясы көбөйө баштайт. Баланс  бузулат, дисгармония болуп баштаганда гормоналдык системанын иштөөсү бузулушу  ыктымал. Дегеле адамдын ден соолугун ар кандай коркуу, өзүн өзү күнөөлүү сезүү,  курмандыкта жүрүү сезимдери деле бузушу мүмкүн.

 Чакралык система тууралуу угуп эле жүргөнүм менен жакшы маани  бербептирмин. Эмне үчүн кыздар 7-14 жаш аралыгында апасынын косметикасын  колдонуп, барпырак көйнөк кийгиси келишээринин себеби экинчи чакрасынын ишке  киришкенинен улам болоорун, бул убакта кичинекей кызды «Сен ойсоке болуп  баратасың, эрте эле турмушка чыгат окшойсуң!» деп тыйбаш керек экендигин мен  тренингде билдим. Себеби, экинчи чакра тосулуп калса, аял кийин толук кандуу  бактылуу боло албай, өзүнүн келбетине кам көрүү каалоосу жоголоорун, өз  келбетин сүйө албай калышы мүмкүн экен.  Ошондуктан чакралар тууралуу да  кыскача айта өтүүсүн сурандым. 

– Ар бир адамдын чакралык системасы бар. Бул азыр илимде тастыкталган, өтө  байыртадан келе жаткан билим. Биз океандай энергиянын ичинде жашайбыз,  ошондуктан энергияны туура алып, туура бөлүштүрүүнү билүү керек. Кээде: «Бул адамдын энергиясы жаман экен» деп айтышат. Энергия жакшы жаман болуп бөлүнбөйт. Энергия  нейтралдуу нерсе. Ал эми энергияны ар бирибиз ичибиздеги болгон ой менен жакшы же жаманга өзгөртө алабыз.

Чакра ар бир адамда бар. Бул денебиздин белгилүү бир жерлеринде жайгашкан энергетикалык шакекчелер. Жалпы 7 чакра бар. Биринчи чакра коопсуздук үчүн жооп берет.

Экинчи чакра бала жаралуучу орган тарапта жайгашкан. Ал биздин сулуулугубузга, аялзатка тиешелүү болгон сапаттардын өнүгүүсүнө жооп берет.

Үчүнчү чакра  биздин талантыбызга, мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жана жөндөмдүүлүктөрүбүзгө жооп берет. Бул убакта ал кандай окуу жайга тапшыраарын, ким болоорун чечет. Жашоого жолдомо алган кези болот, эмне колунан келет, эмне келбейт баарын таразалап чече баштаган учуру. Бул мезгилде да кыз баланы колдоо зарыл. Мисалы, анын тандаган кесибин жактырбай, айлык акысы аз болоорун айтып, анын жактырган кесибин көз алдында баркын кетирип жамандабаш керек. Бардык кесип бирдей, бардык тармакта ийгиликтүү болууга болот деп үйрөтүү зарыл. Бир кесипти өйдө, бир кесипти ылдый караган болбойт. Ошол кезде чакрасы тосулуп калса, жашоодо ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн. Негизи эле аялзаты чыгармачылык менен алектенгени пайдалуу. Юриспруденция, математика, спорт  жана так илимдер эркектердин акыл түзүлүшүн берет. Эркектер сызгыч сыяктуу түз ойлонушат, ойлору бүт чынжыр сыяктуу бири-бирине байланышкан. Ал эми аялдардын абалы дайыма күтүүсүз, хаос болот. Бир учурда бир канча жумушту жасап жибергенге жөңдөмдүү. Аял жаратылыштан, табиятынан интуициясы күчтүү, чыгармачыл болгондуктан эгер ал математика, башкаручулук менен алектенип баштаганда анда эркектик энергиясы көбөйүп баштайт. Сыртынан назик, чачы узун, жакшынакай көрүнгөнү менен анын акыл түзүлүшү эркектердикине окшоп калат.

Төртүнчү чакра жүрөктүн ачылышына жардам берет. Бул чакра ишке киришкенде биринчи сүйүү, таанышуулар, жактыруу сезимдери пайда болот. Ушул учурда кыздар көп учурда турмушка чыгышат. Эгер бул чакра ачык болсо кыз чындап сүйө алат жана сүйүктүү болот. Жолдошун кандай бар болсо ошондой кабыл алып, жакшы көрөт.

Бешинчи чакра болсо биздин тамагыбызда жайгашкан. Эгер төртүнчү чакра ачык болсо, анын жүрөгү таза, ак көңүл, ниети түз болуп, бешинчи чакра ачылганда ал түз, жагымдуу, туура сөздөрдү сүйлөйт. Эмнеге ал чакра жабылып калган? Себеби жүрөгүндө  ыйык сүйүүнү түшүнүү, аны сезүү жок. Дүйнөнү туура эмес, жалаң гана жаман нерселерден турат деген көз карашы калыптанып калган. Ошондуктан ал ички туюмуна, өзүн сезүүсүнө жараша сүйлөйт. Аялдын психикалык күчү абдан таасирдүү. Биздин бир гана оюбуз, эркектин бир кылган ишине тең келет. Биздин сүйлөгөнүбүз айланабыздагы тынчтыкты бузуп жибериши мүмкүн. Мисалы, үйдө кыйкырып урушканды кой, жөн эле жагымсыз интонация менен сүйлөгөңдө үйдөгү жакшы атмосфера бузула түшөт. Эгер биз негативдүү ойлонсок, демек, негативди сүйлөйбүз.  Эгер позитивдүү ойлонсок, позитивди сүйлөйбүз.

Кийинки алтынчы чакра маңдайыбызда, эки кашыбыздын ортосунда жайгашкан. Ал интуицияга жооп берет. Эгер ал чакрабыз ачык болсо, мындай куракта аялдар көрөгөч, билерман болушат. Кээ бир нерселерди божомолдоп сезип биле алышат.

Жетинчи чакра болсо башыбызда, уюл тарапта жайгашкан. Бул чакра Кудай менен байланышка жооп берет. Эгер бул чакра ачык болсо аял бул куракта бүт баарын түшүнгөн даанышман, акылдуу,  ден соолугу жакшы аялга айланат.

 

IMG_0255_a

– Аялдын каныша, үй кожойке, жаш кыз, көңүлдөш деген төрт абалы тууралуу да айтып берсеңиз.

– Аялда төрт абал болуш керек, бирок биз дүйнөгө бир гана абал менен келебиз, калган үч абалды ар кандай практикалар аркылуу өнүктүрүүбүз зарыл, анткени бул бактылуу болуунун  шарты. Биз өзүбүздүн Тренинг жана Мастер класстарыбызда айымдардын толук төрт абалын өнүктүрүүгө илимий ыкмалар аркылуу жардам беребиз.

– Ушул төрт абалдын кайсыны менен төрөлгөндөр мырзалар менен жакшы мамиле кура алышат? 

Мырзалар менен тил табышып, ийгиликтүү, толук үй-бүлөө куруп кетиш үчүн баардык төрт абалдын болуусу шарт. Бүгүнкү күндө айымдар өз аялзаттык касиеттерин өнүктүрүш керек экендигин эстен чыгарып коюшкан. Бирок ушул нерсе менен биздин жашообуздун, ички жана тышкы дүйнөбүздүн өнүгүүсү тыгыз байланышта. 

 – Өзүндө жок башка абалды өз аракетиң менен өөрчүтүүгө болобу?

– Албетте болот. Кимдир бирөө интуитивдик абалда өөрчүтөт. Кээ бирлерине билинбестен энеси жардам берет. Кээ бирилери өз алдынча ушул тууралуу адабияттарды окушуп, алардагы тажрыйбаларды колдонушат. Аялдар бул дүйнөгө кыйналууга эмес, бактылуу болуу үчүн жаралганын түшүнүүсү зарыл. Биз дайыма башка бирөө бизди бактылуу кылаарын күтөбүз,  кыздар болсо турмушка чыксам эле бактылуу болот элем деп ойлошот. Ата-энем же мамлекет мындай жардам берсе деп башка тараптан жардам күтүп жүрө беребиз. А биз өзүбүзгө өзүбүз жардам берсек болот: потенциалыбызды өстүрүп, жеке инсандык деңгээлибизди көтөрүп, өзүбүздүн рухий табиятыбызды түшүнүп, аны байытып. Адам дайыма бакытты күтөт же сырттан издейт. А бакыт деген көкүрөктө, жүрөктө.

 – Бул тармакка кандай келип калдыңыз?

– Жашоо турмуштун башка салган ар кандай сыноолорунан кийин келдим. Көп ойлондум, суроолор пайда болду, ар кандай илимий материалдарды окуй баштадым, чет мамлекеттерге чыгып аялзаттын ички дүйнөсүнө тиешелүү темаларда өтүлгөн көп тренингдерге катыштым, билим алып келдим. Алган билимдерим аркылуу өзүмдүн  жашоомду өзгөртүп бир канча тажрыйба топтогондон кийин чет элдик белгилүү адистерден сабак алып, өзүм дагы тренер кесибине ээ болуп келдим. Азыркы күндө  сертификациялуу тренер, адис болуп эсептенилем. Бул менин жашоодо болгон негизги миссиям экендигин түшүндүм. Биз өзүбүздүн миссиябызды, талантыбызды түшүнүүбүз зарыл. 

– Феминизмге кандай көз караштасыз?

– Феминизм — менин оюмча талкалоочу пропаганда. Кудай бизди аял-эркек кылып жараткан. Биз феминисттик аракеттерди кылсак, бул Кудайга каршыбыз дегенди билдирет. Түзүлүшү, тартип боюнча Кудай, андан кийин эркектер, анын астында аял, анан бала-чака. Аялдын деле өзүнүн тартиби бар, биринчи кезекте Кудай, андан кийин күйөөсү, өзү, анан балдары. Эгер аял күйөөсүнүн ордуна бала-чакасын коюп алса, анда өзүнүн да, автоматтык түрдө күйөөсүнүн да тартиби бузулат. Ошондуктан аял бүт баарына жоопкерчиликтүү: үй-бүлөсүнө, ден соолугуна, турмушуна. Үйдө акча барбы жокпу, ал деле аялдан көз каранды. Эгерде жолдошу акча бербесе, демек, аял ага жетиштүү энергия бере алган эмес.

Камыр жууруунун касиети канчалык күчтүү?

– Биз камыр жуурганда бүт баары спираль түрүндө болот. Аалам деле спираль түрүндө жаралган. Туз, ун, суу кошуп камыр жууруп атканда кичинекей-кичинекей ааламды жаратабыз. Алардын баарын аралаштырып бир калыпка келтиргенибизде, үйдөгү гармонияны түзгөн болобуз. Камыр жуурулгандан кийин албетте, жакшы бир тамак жасалат. Эгер биз тамакты сүйүп жасасак, ал даамдуу болот, жолдошубуз да жумуштан даамдуу тамак үчүн эрте келет. Тамагың кандай жасалса, камырың кандай жуурулса сен болжолдуу ошондой ойлоносуң, сенин энергияң ошондой. Эгер акыркы убакта тамакты туздуу кыла баштасаң, демек, ойлоруң жайында эмес, бир көйгөй бар. Камыр жуурганда да оюң, денең, кийимиң, ички абалың таза болуш керек.

 

IMG_9983_a

 – Чачты жайып жүргөндө энергия тарайт деген туурабы?

– Биз чачыбызды жайганда энергиябыз чачылат. Бууганда болсо ал кайра жыйылат. Чачты төбөгө түйгөн болбойт, себеби биз катуу көрүнүп баштайбыз. Ошондуктан чачты желке тарапка түйгөн оң. Чачты өргөндө энергия топтолот, тыгыз болот.

– Сиздин бир макалаңызды окуган элем, жаман жаңылык, окуя болуп жатканда чачты, башты жабыш керек деген. Жаман жаңылыктардан кандай энергия алабыз?

– Чачтын түзүлүшү негизи түтүк сыяктуу. Ошондуктан энергия өткөрүүчү курал катары кээде кызмат кылат. «Аватар» фильминде бар эмеспи, ошол сыяктуу. Негативдүү окуя болуп атканда чач ошол энергияны кармап албаш үчүн чачты жаап алган туура. Кыргыздарда деле жаман жерге барганда жоолук салынып барышат эмеспи. Ушул билимдердин, маалыматтардын баары байыртан эле белгилүү, болгону кээ бирөөлөр маани берет, башкалары жок. Бүт дүйнөдө, бардык элдерде негизги карманган салттары, жөрөлгөлөрүнүн маанилери бир эле, болгону ар ким ар башка түрдө аткарышат. Чоң ааламдын бир эле мыйзамдары бар, болгону аны ар ким ар кандай кабылдайт. Мисалы, жүгүнөт эмеспизби, ошол аябай пайдалуу. Себеби жүгүнгөндө адамда кекирейгендик, менменсинүү кетет. Келинди дагы ошол үчүн жүгүнтүшөт. А биз болсо маанисин түшүнбөй эле салт деп жүгүнө беребиз.

– Аял бала карайт, үй жыйнайт, сыртка чыгып эркектин ишин бүтүрөт. Ошондо кантип өзүн назик аял сезе алат?

–  Азыркы заманда аялзаты өзүнө эркектин жоопкерчилигин да мойнуна алып алган. Ошондуктан ал көп иштеп, өзүн караганга убактысы болбойт. Түнт турмуш. Ошол түнт турмуштан чыгыш  керек. Анын бир гана жолу бар – «аялзатына тиешелуу касиеттерге ээ болуу». Аял назик, аялуу көрүнгөндө анын жанында сөзсүз аны коргой турган эркек пайда болот. Кантип назик болуу керек: өзүбүздү бош, эркин сезгенде,өзүбүзгө жаккан иш менен алектенгенде табиятыбызга тиешелүү жакшы аялдык энергияларды топтой баштайбыз. Ошондуктан өзүбүздү назик сезип, көңүлүбүз көтөрүңкү болгондо ишибиздин, жашообуздун сапаты да жакшыра баштайт. Үйдө болсо жолдошуң үчүн эле эмес, дегеле балдарың үчүн да жарашыктуу кийинүү керек. Себеби, бала апасын кандай көрсө, башка аялзаты жөнүндө, дегеле дүйнөнү ошондой кабыл ала баштайт. Эгер апасы дайыма ачуулуу, каардуу болсо бүт адамдар ошондой деп түшүнөт. Бизде  «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ыр бар эмеспи, дал ошол сыяктуу. Энесинин образы, сүйлөгөндөрү анын дүйнө таануусун калыптантат. Ошондуктан бала үчүн да өзүн карап жүрүш керек. Себеби бала аны өзүнүн турмушунда кайталайт. Мисалы, тамакты биринчи атабызга куюп, атабыз менен гана чогуу чайга отуруп, бул атаңдын орду эч ким отурбаш керек, атаңдан уруксат сура деген сыяктуу мамилени үйдө калыптантыш керек. Качан аял ушуларды калыптандырганда үйдө бир аура калыптанат, мына ушул аялдын энергиясы. Ушундай атмосферадан эркек энергия алат. Натыйжасында, эркектин иши жүрүшө баштайт, жаңы жумуш таап, мансаптык тепкичтен көтөрүлүп, жакшы акча таап… Ошондуктан аял көбүнчө үйдө отуруп, эч кандай чымырканып иштебей өзүнө жаккан иш менен гана алек болгону туура.

 

IMG_0058_a

  –  Сиздин оюңузча, эркектер ушундай үйдө отурган аялдарды жакшы көрүшөбү же өзүн кайсы бир тармакта өстүргөн аялдарды жактырышабы?

– Аял иштеш керек, бирок чымырканууну, кара күчтү, кыйналып акча табууну талап кылбаган жумушта. Коомдо өзүнүн ордун табуу үчүн, өзүнө ырахат берген иш менен алектенгени туура. Үйдө отурса деле өзүнө кызыктуу бир жумуш таап алып, анда өзүнүн талантын көрсөтүп, өнүксө болот.

 – Кээде адам өзүн, өзүнүн келбетин жакшы көрбөй, өзүн тааныбай, коомдо өз ордун таба албай жүрүп эле өтүп кетет. Алардын табиятын кантип түшүндүрөсүз?

– Адамдын вибрациялары болот, тагыраак айтканда энергиясы,  ошол же жогору  же төмөн болушу мүмкүн. Дененин үстүнөн  энергия каптап турат дебедимби, коркуу, кысуу сыяктуу  сезимдер  болуп, энергия бир жерде туруп калган болсо кыймылсыздык,  сенектик адамдын жашоосунда башталат. Кыймыл жок болсо,  демек, жашоо деле жок. Аккан суу кыймылда болгон үчүн таза.  Эгер кыймыл жок болсо, агып бараткан дарыя токтойт, ал убакыт  өтүп сазга айланат. Адам деле ошондой. Энергия, кыймыл бар  болсо адамдын үй-бүлөсү, балдары, жумушу бар болот. Кыймыл  токтосо, жашоо да токтойт.  Адамдарга энергия, вибрация тууралуу айтып берсең  көрбөгөндүгү үчүн түшүнүп, ишене беришпейт. Бирок биз телефон менен сүйлөшкөндө деле толкунду көрбөйбүз, ошол эле учурда байланыш бар экенине ишенебиз. Сиз жогоруда айткандай эле, адам өзүн билбей жүрүп эле өтүп кете берет. Ошол дайыма төмөн  вибрацияда жүргөн адам. Адамда биринчи руханий өсүү болбосо башка нерсенин да болушу өтө кыйын. Биз мектепте ар бир классты окуп бүткөн сыяктуу эле адам жөнөкөй жашоосунда деле окуп, өсүп турушу керек. Вибрация жогорулаган сайын адам өсүп, өзүнүн жетишкендиктерине канааттанып, өзүн кандай болсо ошондой кабыл ала баштайт.

IMG_0191-3_a

– Жолдошу  менен аялы бирге  жашай албасын түшүнүп, тагыраак айтканда үй-бүлө ыдырап баратканда аял кандай кадамга барыш керек? Коё бериш керекпи же сактап калыш керекпи?

– Ар бир үй-бүлөнүн жагдайын өзүнчө караш керек. Үй-бүлөдө болгон бүткөн бардык нерсе аялдан көз каранды, баарына аял энергетикалык деңгээлде жоопкерчиликтүү.Бирок жашоодо ар кандай нерселер болот, баардыгын бирдей карап, бирдей айтууга болбойт. Мага ар кандай көйгөйү менен келип тренинг, мастер-класстарыма катышкан аялдар бар. Бир келип катышкан айымдар кийин дагы келе беришет.Китепти окуган менен тренингке барган эки башка таасир берет. Тренингде көбүрөөк иш жүзүндө кандай болоору үйрөтүлөт. Тренингке келгенде башка аялдар менен таанышат, башкалардын баяндарын угушат. Мисалы, үй-жумуш менен гана чектелгендер көп да. Мисалы, сиздин жумушуңуз жакшы, түрдүү адамдар менен көрүшөсүз, баарлашасыз, өсүү жакшы. Кээ бирөөлөр бир эле чөйрө менен чектелишет, күнүгө окшош нерселер, ошол эле кабинет, ошол эле дубал, он жылдан бери дубалда илинип турган сүрөт, күнүгө көргөн адамдар, буюмдар. Ушундай учурда адамда өсүү жок, туруп калат. Бүгүн эмнебиз бар болсо ошого жоопкерчиликтүүбүз. Вибрациябыз кандай болсо, ошондой вибрациядагы адамдарды тартабыз. Бул жашоодо бизди таарынткан, таштаган адамдар биздин мугалимдерибиз деп кабыл алуубуз керек. Эгер сен ошол адамдан кийин мыкты боло алсаң, сага андан да жаман мугалим келбейт. Эгер сен мурунку мугалимиңден сабак албаган болсоң, кайра дагы бир ошондой мугалимге туш келесиң. Көптөр ошол сабакты алгысы келбейт дагы, кайрадан ошондой адамдарга туш келе беришет. Көптөр өскүсү, үйрөнгүсү келбейт, болгон маалыматка жабык. А бирок өзүнүн өсүүсүн  дайыма камсыз кылган айымдар дайым өзүн бактылуу жана жетиштүү сезе алышат, жеке жашоодо да, иште да ийгиликке жетишишет.

–  Кээ бир үй-бүлөлүк жагдайлар эркектин тарбиясынан, табиятынан деле көз каранды болушу мүмкүн да?

Аял өзүнүн вибрациясы менен өзүнө тең эркекти кезиктирет. Аялдын энергиясына жашоо сапаты дал келет. Эгер аял өзү өсүп, вибрациясын жогорулатса, жанындагы «сапатсыз» эркекти оңдоп кете алат. Вибрациялар туура келбегенде болсо, экөө эки тарапка кетет. Кээде тарбиялуу, жакшынакай эркек эмне үчүн аял кишини капа кылат, кээ бир учурларда кол көтөрөт? Себеби аял кишидеги көбүнчө эркекке тиешелүү болгон агрессияны жана энергияны сезет.  Мисалы, экөө урушуп жатканда аял ачууланып, агрессиясы көбөйгөн сайын анда эркектин энергиясы көбөйө берет. Эркек аны дароо сезет. Эгер аялы үйдө шым кийип, эч кандай кооздук нерселерди  тагынбай, чачы кыска, үнүн бийик көтөрүп сүйлөп  жүрсө, андан бетер жаман көрүнөт көзүнө. Мисалы, аял назик, жумшак болуп туруп туура эмес бир нерсе жасап койсо деле «ай, бул аял да, аялдар ушундай» деп кечирип коё беришет, талашпайт дагы.

 

IMG_9950-2_a

– Эмне үчүн аялдар барган сайын копол болуп кетишет? «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат» деп коёт эмеспи. Эмнеге назик болуп жүрүп эле отуздан өткөндөн кийин орой болуп чыга келишет?

– Жакшы суроо. Аялдар негизи эле аялзатка тиешелүү касиеттерди аз үйрөнүшөт. Кээ бирөөлөргө жолдошу менен кантип мамиле кылууну, өзүн кантип алып жүрүүнү апалары үйрөткөн болот, кээ бирлери өздөрү табиятынан. Кантип окууну, ким болууну баарын үйрөткөн окуулар бар, бирок кантип бактылуу аялзаты болууну үйрөтүшпөйт. Аял киши өзүн дайыма аял катары алып жүрүүсү зарыл, эркектин энергиясын талашпай. Азыр жакшы эркек жок деп айтышат. Себеби аялдар өздөрү аларды ошондой кылып алышты. Көп нерсени өздөрү кылышат, өздөрү чечишет, эркектерге ишенишпейт. Эгер жолдошу бир иш ачайын десе, «кой, акча кетиресиң, болбой калсачы» деп жатып эле эркектеги өзүнө өзү ишенүү сезимин өлтүрүп коёт, оңой эле. Аял эркектин энергиясында, абалында көп болгондуктан сиз айткандай копол боло баштайт.

 Лаура Омуралиева менен болгон маекти барак чектелүү болгондуктан баарын берүүгө мүмкүн болбоду. Сизге айтаар кеңешим, эң жакшысы тренингине барып катышыңыз. Көп нерсени үйрөнөсүз. Өзүңүздү ар тараптуу өстүрүүнү эч качан эртеңкиге калтырбаңыз. Себеби азыр мүмкүнчүлүктөр доору.

 

facebook: Coaching Center LAURA OMURALIEVA

Instagram: Laura_omuralieva

 

Текст: Назира Абдиева

Сүрөт: Юлианна Шевченко

 


Ответов 5 to “Лаура Омуралиева: «Феминизм – бул менимче талкалоочу пропаганда»”

  • Никеляно
    Сентябрь 15, 2015 at 11:09 дп | Reply

    Очень хорошая статья. Есть, чему можно научиться. Особенно Мисалы, экөө урушуп жатканда аял ачууланып, агрессиясы көбөйгөн сайын анда эркектин энергиясы көбөйө берет. Эркек аны дароо сезет. Эгер аялы үйдө шым кийип, эч кандай кооздук нерселерди тагынбай, чачы кыска, үнүн бийик көтөрүп сүйлөп жүрсө, андан бетер жаман көрүнөт көзүнө. Мисалы, аял назик, жумшак болуп туруп туура эмес бир нерсе жасап койсо деле «ай, бул аял да, аялдар ушундай» деп кечирип коё беришет, талашпайт дагы.

    Это строчка очень понравилась.

  • Никеляно
    Сентябрь 15, 2015 at 11:52 дп | Reply

    И считаю, что женщины должны стараться не носить штаны, брюки. В чем внешнее отличие мужчины от женщины, так женщина всегда должна носить юбки/платья, каблук минимум 4 см и волосы ниже плеч. В характере — женственность, хозяйственность и мудрость. А мужчины — короткие волосы, брюки свободные, и еще лучше щетины/короткие бороды. С характером — решительным, сильным, и серьезным. Вот что позабыли наше поколение. Мне очень понравились советы Лауры Омуралиевой.

  • Иши Кылса
    Сентябрь 25, 2015 at 4:01 пп | Reply

    Абдан жакшы макала экен, чоң рахмат!

  • Guliaim
    Октябрь 16, 2015 at 12:20 пп | Reply

    Не зная феминизма не суди.

  • Guku Sardal
    Ноябрь 10, 2015 at 9:01 пп | Reply

    Ooба мага да жакты.Лаура МК ыныз кыргыз тилинде да болобу?болсо качан.кечиресиз билеттин баасы канча?

Оставить комментарий

 

 

 


семь × = 56

Обсуждения публикаций

  • Guku Sardal Ooба мага да жакты.Лаура МК ыныз кыргыз тилинде да болобу?болсо качан.кечиресиз билеттин баасы канча? – Ноя 10, 9:01
  • Rossi Молодцы ребята, спасибо что делаете нашу прекрасную столицу еще прекрасней и красивее! – Ноя 07, 5:56
  • Rossi Так держать Жийдеш, начало у тебя шикарное, особенно твой клип Омур запал мне в душу, после этого клипа везде ищю глазами тебя-умничка! Удачи!! – Окт 27, 11:07
  • Зарина Исамбаева Уважаемая Тамира, посмею спросить, а в чем собственно проявляется моя избалованность изобилием в данном конкретном тексте? :) Где по вашему прямая зависимость изобилия от темы... – Окт 19, 6:20
  • Guliaim Не зная феминизма не суди. – Окт 16, 12:20
  • Еще »

Опрос

Что бы вы изменили в журнале BISHKEKCHANKA? (нужно добавить свой ответ)
  • Добавить свой ответ
результаты