Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Жанга баткан жалгыздык

girl-face

Кезектеги жаңы долбоор тууралуу сүйлөшүүгө келген инвесторлор коштошуп чыгып кетишкенде саатты карасам, кечки алтыдан өтүп калыптыр. Аңгыча катчы кыз Айзада эшикти тыкылдатып, баш багып калды.

– Алтынай Саматовна, мен кете берсем болобу? — деди.

– Ооба, бара бер. Мен бираз кармалам го,- дедим.

Компьютерге үңүлүп, иштеп олтуруп, кантип күүгүм кирип калганын да байкабаптырмын. Биздин кабатта жалгыз калган окшойм, эшикти жаап чыксам тыптынч экен. Дайымкысындай машина токтотуучу жайда меникинен башка унаа жок. Машинага олтуруп, күзөтчү менен баш ийкеп коштошуп чыгып кеттим.

Жолдо баратып, май куюучу жайга кире кетейин дедим. Антпесе, эртең менен май куйганга убакыт да болбойт. Сиңдим Асылайдын эртең туулган күнү болчу. Ага белек алганга да жетишпегенимди ойлоп баратып үйгө жеттим. Каалгага кыстарылган төлөм баракчаларын алып, үйгө кирдим. Босогодон дароо мага жедеп көнүп калган “жылгыздыгым” тосуп алды. Мурун мен аны жакшы көрчүмүн. Анткени, ал мага кунт коюп окууга, оюмду бөлбөй үйдө да көп иштеримди бүтүрүп алууга шарт түзүп берчү. Акыркы кездери экөөбүз тең бири-бирибизге ынак болбой жүрөбүз.  “Качанга чейин ушинтип жүрмөк эле…” деп ал деле мени аяп жаткандыр.

Бир кезде баары башкача болчу. Шаарда ата-энем менен чогуу тургандыктан, студент кезде да жакындардан алыстап, куса болуу, жалгызсыроо кандай болоорун сезген жокмун. Анда биздин үйдө күн сайын кечинде шайыр күлкүлөр, апамдын, Асылай экөөбүздүн тентегибизге калп эле ачууланган, Аскар байкемдин бизди чычалаткан үндөрү чыгып турчу. Атам болсо токтоо мүнөз, абдан көтөрүмдүү киши. Кичирээк кезде биз сиңдим экөөбүз атамдын ийинин талашып эле чырылдап жүрчүбүз. Андай кубанычтан боюм өсүп, күндөн-күнгө чоңоюп баратканымды сезип, мен биринчи оолактадым. Асылай болсо үй-бүлөлүү болуп, эне болуп калса да дагы деле атама эркелеп кетмейи бар. А мен апам менен сырдашмын. Апам да мени ойлоп жүрүп чачы бубак басмай болду. Мага байкатпайын деп аракет кылганы менен көздөрүнөн көрүп эле турбаймынбы. Ошол мээримге толгон көздөрдөгү мени аяган көз караштан качып, жалгыз жашап кетпедим беле…

 ***

Курсагым ачып турса да тамак ичким келген жок. Муздаткычты ачып, бир алманы колума алдым да, сыналгыны ары-бери которуштуруп кирдим. Кызыктуу эч нерсе тапкан жокмун. Мурун ушинтип кечинде жумуштан кийин сериал көрүп деле убакыт өтө берчү эле. Азыр эми анын да кызыгы тарады. Баса, кечээ китеп сатып албадым беле? Карасам күзгүнүн алдында туруптур. Аны алып максатсыз барактап, кайра жаап койдум. Уфф… Эмнеге мынча тынч бул жер? Кой, ваннага суу толтуруп, деңиз тузун кошуп алып жатайынчы. Ваннадан кийин жалгыздыгымдын кучагында ар кайсыны ойлонуп жатып уктап кеттим.

 ***

Эртеменен телефондун коңгуроосу ойготту. Туруп алып, чай да ичпестен жумушка жөнөдүм.

Жумуш күнү дайымкыдай өтүп жатты. Түш ченде апам телефон чалыптыр. Кечинде сиңдимдин туулган күнүнө чогуу баралы дейт. Мен жумуштан чыгып өзүм бараарымды айттым. Түшкү тамактануу учурунда бирөө менен расмий жолугушуу белгилеп койгон элем. Катчым экөөбүз ал жакка бардык. Ошол жерден кызыктуу окуяга туш болдум. Тээ бир кезде 1-2 курстарда ынак болуп жүрүп, кийин турмушка чыгып кеткен соң кабарлашпай калган эски курбум  менен капысынан жолугуп калдым. Биз ресторанга кирип баратсак, ал жанаша орун алган балдардын кийим дүкөнүнөн чыгып кел жатыптыр. Бир баласын колуна көтөрүп алган, дагы бир тамтуңдай баскан кызы, анан секелек чачын экиге бөлүп өрүп койгон 5-6 жаштагы кызы жүрөт. Жанында аларды ээрчиткен жолдошу. Көрө сала, дароо бири-бирибизди тааныдык. Колундагы уулун күйөөсүнө кармата коюп, экөөбүз кучакташып көрүшүп калдык. Жарык маңдайына бирин-серин тырыш түшүп, көзүнүн айланасын да күндүн шооласындай майда бырыш каптап турганы менен жайдары күлкүсү баягыдай эле экен. Анын көзүндөгү нур, мээрим мени бир чети таңдантса, бир чети суктантты. Анткени, мындай сулуулук бир гана төгөрөгү төп келишкен эненин жүзүндө гана болушу мүмкүн. Өзүмдүн эң чоң кемтигимди, мага толук бактылуу болууга жетпей жүргөн эмне экендигин курбумду көрүп чындап түшүнгөндөй болдум. Билбейм, эмнегедир аларды көрүп ичим тарый түштү. Жок, тарыган деле жок. Дегеле, мен бирөөнүн бактысына көз арткан жан эмесмин. Жөн гана өзүмдүн каалоолорумду күзгүдөн көргөндөй болдум.

 ***

girl-on-beach-with-shoe-contest Жашоомду, буга чейин өткөн өмүрүмдү, андагы урунттуу учурларды эстеп жатып, кантип кеч киргенин да байкабай калыптырмын. Ал кеч мен үчүн андан да оор болду. Анткени, апам менен атамды көрүү, алардын жанында болуу мен үчүн канчалык бакыт болсо, ошол эле учурда күндөн күнгө оор болуп бараткан. Жолуккан сайын алардын көзүнөн мага болгон санаркоону көрөм. Апамдын мен тууралуу кыялдарын билем. Баягы мен жогорку окуу жайын бүтөөрдө мага деп даярдаган кол килеми, туш кийизи дагы деле катылып турат. Кийин сурасам: “Аны мен сенин себиңе берем” деп күлүп койгон. Апам менен атамдын изги тилегин орундатып, балалык милдетимди аткара албай жүргөнүмө бушайманданып жатып, коноктор тараганда сиңдим жана күйөө бала менен коштошуп, үйгө кеттим. А мүмкүн Европада же Америкада жашасам мындай маселелерге кагылышмак эместирмин? Билбейм, бизде күйөөгө тийбей жүрүп калган кыздарга дароо эле башкача мамиле кылып калышат. Батыштын маданиятын туурап жарандык никеде жашаганга эскиден бери келе жаткан каада-салтыбыз жол бербейт. Анын үстүнө мындай нерсени ата-энем укса чалкасынан түшүшөт.

Ойлор… Дагы эле баягы ойлор… Акыркы күндөрү ушинтип жалгыз калган кезде ичимде кайдандыр бир өкүнүч сымал, ачуу бир нерсе сызып, жан дүйнөм эзиле берет. Эгерде буга чейин өз учурунда бүлө күтпөй жүргөнүмө өзүмдү күнөөлөбөй, тескерисинче кымбат дүкөндөрдөн кийингениме маашырланып, өз күчүм менен батир, кымбат үлгүдөгү унаа алганыма ыраазы болуп, жумуштагы жетишкендиктериме канааттанып жүргөн болсом, эми анын баары маанисин жоготуп бараткандай… Тасмадай тизилген жаштыгым, студенттик күндөр, андан кийин жумушка алаксып, болгон дитим менен берилип жүрүп акырындап, өзүмдү бүтүндөй карьерага арнап коюптурмун. Жыйырма беш жашка чейин түнкү клубдардын, кечелердин ханышасы болуп жүрсөм, кийинчерээк дароо эле токтолуп, карьерага кирип кетиптирмин. Ал эми жашоонун андан башка ырахаттары, чыныгы аялдык бакыт эмне экендиги тууралуу ал кезде түк эле ойлонбоптурмун. Көз алдымда дайыма заманбап “бизнес вумендин” образын элестетип, өзүм да ошого гана умтулуп жашап келиптирмин. Көрсө, тээ жер каймактагандан бери келе жаткан аялзатынын бакытынын өзөгү бактылуу үй-бүлө куруп, тукум улоо турбайбы.

 ***

Бүгүн менин туулган күнүм. Билинбей өмүрүмдүн 31-барагын жаап, 32ге кадам таштадым. Эртеменен тургандагы башыма келген биринчи ой ушул болду. Бетимди жууп күзгүнүн алдына келип, өзүмдү карап, көздөрүмдөн “жалгыздык” деген жазууну көрө албадым. Анткени, маанайым бир башкача көтөрүңкү болуп, жүзүм жаркырап турган болчу. Балким, мен бала кезден бери туулган күндү өзгөчө майрам иретинде белгилеп салтка айлантып алгангабы, айтор, бүгүнкү күн мен үчүн өзгөчө. Мейли, бул жөн гана менин бүгүнкү майрамга болгон ички даярдыгым болсун, баарыбир мага азыркы абалым жагып жатат. Жүрөгүмдөн тээ тереңин бир үн мага “Болду эми өмүрүңдүн калган бөлүгүн толук бакыт менен өткөрүшүң керек” деп шыбырап жатат. Ооба, дагы деле кеч эмес. Мен эми өзүмдүн теңимди жолуктурам. Буга чейин колумду сурап келгендерди тоготпой кетирип жиберсем, эми алардын ичинен өзүмдүн өмүрлүк жарымды издеп баштайм. Менин үй-бүлөм болот, мотурайган балдарым, кыздарым болот. Мен аял үчүн чыныгы бакыт үй-бүлө экенин эми түшүнө баштадым. Түшүнгөндүн өзү эле чоң олжо эмеспи.

Гүлназ ӨМҮРТЕГИН


Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 − три =


Обсуждения публикаций

  • Олеся Блииииин.... Максим Кречнер такой красавчик!!!!! – Ноя 25, 2:54
  • ayoka слева супер, обожаю ее, еще с фотосессии для Браво, и клипа Абира Касенова – Ноя 23, 9:17
  • Kam анарексички? – Ноя 19, 5:52
  • Гульнура А остальные главы когда опубликуете? С нетерпением жду! – Ноя 14, 10:47
  • аяна у вас в пункте о себе написано кыргызска с не кыргызко внешность а мне кажется что вы чистая кыргызска – Окт 28, 6:36
  • Еще »

Опрос

Хотите увидеть себя на обложке “Бишкекчанки”?
результаты