2012-жылдын жыпар жыттары

Абдан кооз көйнөккө дагы, жок дегенде бир тамчы атыр керек. Атырлар гана кийимдин толук бүткөндүгүн жана сиздин сүйкүмдүүлүгүңүздү баса белгилейт.Ив Сен Лоран

BISHKEKCHANKA сүйүктүү окурмандары үчүн 2012-жылдын көрүнүктүү жыпар жыттарынын саамалыгын тартуулайт.

DKNY (Donna Karan New York) тарабынан тартууланган Golden Delicious – чексиз экспрессивдүү, күчтүү жана абдан назик жыт. Анын ар бир тамчысында сүйүү магнити бардай сезилээрин да айта кетели. Анткени курамында алма жана апельсин бар. Ал эми негизин ландыш жана ваниль түзөт.

 

 

 

Люкс классындагы кийимдерди, атырларды чыгарып келе жаткан британиялык Burberry компаниясы элеганттуу Body атырын тартуулайт. Курамындагы туруктуу абсент дароо эле күчтүү жытты баса белгилейт. Бирок роза, ваниль жана сандал багы (эфир майы көп жыгачтын бир түрү) акырындык менен жытты жумшартып, сиз күткөн жагымдуу жытка айланат.

 

 

 

 

 

 

 

 

2012-жылдын эсебинен көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн Vanitas атыры Versace брендине таандык. Жованни Версаченин айтымында, ар бир айым сезимтал, ошол эле убакта тайманбас болушу керек. Бул сапаттарды, албетте, Vanitas жыты баса белгилей алат. Vanitas цитрустардын, гүлдөрдүн аңкыган жыттары менен толукталган жер ортолук деңиз мотивдерине ээ.

 

 

 

 

Christian Dior мода үйү чыгарып жаткан жаңы жыт – Miss Dior Eau Fraiche деп аталат. Бул парфюм сатыкка ушул жылдын жаз айларында чыкты. Ал эми анын жүзү голливуд актрисасы Натали Портман болуп аныкталды.

Бул жылы Christian Dior бренди атактуу Diorling парфюмун кайрадан чыгарып баштоону чечти. Бул жыт 1963-жылы пайда болуп, коомдун жогорку катмарындагы айымдарга багытталган. Түзүүчүлөрдүн айтуусу боюнча, алар 1963-жылдагы асыл жыт менен бүгүнкү күндүн парфюмердик тренддеринин ортосундагы оптималдуу балансты таба алышкан.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Dahlia Noir (Далия Нуар) деп аталган жаңы жыпар жытты Givenchy (Живанши) француз үйү чыгарды. Аны эмитен эле өзүнө тартуучу кумар гүлү деп атап чыгышкан. Өтө эле күчтүү жыт табышмактуу, сырдуу айымдарга арналат. Албетте, парфюмда романтикалуу кошумча жыттар да бар. Парфюмердик композициянын курамында: ваниль, кызгылт мурч, сандал багы, мимоза, мандарин сыяктуу жер-жемиш жана гүлдөрдүн кошулмалары бар.

 

 

 

 

Малайзиялык Jimmy Choo (Жимми Чу) бренди Jimmy Choo Eau de Toilette деп аталган жаңы жыпар жытты тартуулайт. Бул жыт шайыр жана кубулуп кулпурган, ошол эле учурда өзүнө ишенген, күчтүү айымдарга багытталат. Композиция айымдын айланасында «көз уялтуучу назиктик аурасын» түзөт.

 

 

 

 

 

Таланттуу парфюмерлер Кристина Нажель, Бенуа Лапуза жана Франсуа Демака жараткан эң эле сонун жана бираз жеңил атыр «Miss Pucci» деп аталат. Анын негизин мускус, роза гүлдөрү, магнолия, цитрустар жана ирис түзөт. Жыты бир аз жаш кыздарга ылайык деп айта кетишибиз керек.

 

 

 

Жыгач жана жемиш ноталары

Gucci италиялык мода үйү 2012-жылы Flora by Gucci Gorgeous жана Flora by Gucci Gracious Tuberose жыпар жыттарын чыгарууну пландап жатат. Алардын ноталары толугу менен гардениянын жыпар жытына арналган. Flora by Gucci Gorgeous атырынын жыты камыш кантынын ширин ноталарында түзүлгөн. Gracious Tuberose жүрөгүндө ачылуучу туберозанын кумардантуучу, мас кылуучу жыпар жытына арналган.

 

L`Eau de Chloe – Chloe француз мода үйүнүн жаңы жыты. L`Eau de Chloe атырын себинип алсаң, өзүңдү үлбүрөгөн шифондон көйнөк кийип алып, жапжашыл талаада жылаңайлак басып бараткандай сезесиң. Парфюмдун кээ бир ноталары кокусунан жүзгө тийип, кытыгылаган күндүн алгачкы нурлары сымал сезимдерди жаратат.

 

 

 

 

 

Бул жылы Roberto Cavalli I Love Her деп аталган жаңы жыт тартуулайт. Анын айтуусунда, жаңы жыт кедр, бергамот, мускус, сандал багы, жемиштер жана ванилдин таттуу ноталары камтылган күчтүү композиция менен ар бир адамды арбап алат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Атактуу бут кийим бренди Nine West да башкалардан кем калышпай, Inter Parfums компаниясы менен биргеликте Nine West Love Fury деген атырын чыгарды.

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле, бул жылы америкалык ырчы Мадоннанын гүл ноталарын камтыган Madonna Truth or Dare, Рианнанын какао, малина жыттарына бай Rihanna Rebelle аталыштагы жыпар жыты, Леди Гаганын, Селена Гомездин дебюттук атырлары чыкты.

 

 

 

 

 

P.S. Жогоруда бир канча атырлар тууралуу сөз кылдык. Табитиңизге жараша өзүңүзгө жаккан жытты тандап аласыз деген ишеничтебиз. Биздин милдетибиз – сизди кайсы бир тармакта кызыктуу, керектүү, жаңы маалымат менен камсыз кылуу. Ал эми тандоо дайыма сиздин колуңузда.

 

Оставить комментарий

 

 

 

Вы можете использовать HTML теги:

<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>


три + 6 =

Наши обложки

18

Смотреть все »

Последние Комментарии

Опрос

На носу свадьба. Где вы планируете искать фотографа на свадьбу?
результаты