Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Таттуу уйкуга жол ачкан шейшептер

Күнү кечке чарчап-чаалыгып, жаздыкка баш коюуга зар болгон адам кандай шейшепке жатаарын ойлобошу мүмкүн. Бирок  терең уйкуга кетээр алдында көзүбүз көргөн акыркы элес албетте, шейшептен калат. Эгер таза, ачык түстүү, кооз гүлдөрү көңүлдү көтөргөн шейшеп болсо,өзүбүздү бейиш гүлбагына түшүп калгандай сезген бойдон уйкуга кетебиз. Бул саныбызда дал ошол ар бир айымга анча-мынча көйгөй жана жакшы маанай жараткан шейшептердин түрлөрү, аларга туура кам көрүү тууралуу кеп салабыз. 

Чыт

Шейшептердин сапаты жана баасы көбүнчө тигилген кездемеден көз каранды болот. Мисалы, эң арзан жана узакка кызмат кылчу шейшеп кадимди бөздөн же башкача айтканда чыттан тигилет. Бул кездеме табигый кебезден ийрилген атайын жиптерден өтө жыш токулат. Ошондуктан аба өткөрүүсү мыкты, нымды өзүнө бат сиңирип алат жана тез кургайт. Анткен менен чыт шейшептер бүгүнкү күндө сатин сыяктуу кездемелер менен тең тайлаша албайт. Бирок тез-тез жууп, узакка колдонууну максат кылып жана акчасын үнөмдөөнү каалаган кожойкелер ойлонбостон чыт шейшеп ала берсе болот.

Ранфорс

Бул кадимки эле чыт, бирок андан сапаттуураак. Анткени ранфорс токулмалары калың, бекем болот. Тактап айтканда, эгерде чыттын ар бир сантиметринде 42 жип болсо, мында 50-60 чейин жетет. Ранфорс табигый кебезден токулгандыктан аба өткөрүү, нымды сиңирүү жана кургатуу жагынан эч кандай маселе жаралбайт. Айтмакчы, мындай түрдөгү кездемеге тартылган гүлдөрдүн боёктору да узакка баштапкы өңү өчпөй сакталат. Ошондой эле ранфорс бөлмөнүн температурасы менен бирдей кармалып тургандыктан, кышында жылуу, жайында салкын болуп, денеге жумшак, жагымдуу келет.

Ева_черный_ранфорс

Поплин

1:1 эсебинде эриш-аркак жиптер менен айкалыштыра токулган бул кездеменин оң тарабы менен тескери тарабы бирдей көрүнөт. Болгону үстүнө тартылган сүрөттүн боёгунан гана айырма табылышы мүмкүн. Кездеменин эки тарабынан тең ар кандай майда, чоң жиптин өзөктөрү табылышы мүмкүн. Мындай кездеме абдан бышык, денеге жумшак, жагымдуу келет. Ошондуктан да поплинден шейшептен тышкары башка буюмдар тигилбейт. Поплин шейшептердин баасы көп кымбат эмес, түсү кооз болгондуктан учурда кеңири колдонулат. Айрымдар үчүн бул баягы эле чыттай көрүнүшү мүмкүн. Бирок колго кармап көргөндө поплиндин жумшактыгы сезилет. Ал эми туура сактоо жаатына келгенде бул кездемени 30С°  ашпаган температурада жууган талапка ылайык болот.

поплин111

 

Люкс классындагы шейшептер дүйнөсүнө кош келиңиз!

Сатин – жибектин орун басары

Сатин – эшилген кебездин чыйратылган жибинен тигилген жалтырак, тыгыздыгы жогору болгон кездеме. Бүгүнкү күндө сатин шейшептер өтө кеңири пайдаланылгандыгы менен популярдуу. Жууганга ыңгайлуу, кармаганга жумшак, көрүнүшү жибек сымал кооз сатиндер чыт кездемелерден кымбат, жибектин орун басары болгону менен андан арзан турат. Тез жуулуп, тез кургап, аба өткөрүүсү, нымдуулукту тартуусу абдан жакшы. Сатиндин курамында кебез болгондуктан көпкө чыдайт, түлөбөйт, сүрөттөрдүн өңү да көпкө чейин өчпөй сакталат. 200-300 жолу кир жуучу машинеге жууганга чыдамдуу, химиялык заттарга (айна, агартуучу каражаттар) да жакшы туруштук берет.

саттттин

Перкаль – узакка кызмат кылуучу кездеме

Перкаль – пахтадан жасалган жука, жумшак, сапаттуу кездеме. Сырткы көрүнүшүнөн батистке окшоп кетет. Бул кездеменин өзгөчөлүгү – токууда ийрилбеген жип колдонулат. Бирок сырты жылмакай болушу үчүн жиптерге алдын ала жука желим сүртүлөт. Ал эми токулган жиптердин жыштыгы 10 сантиметрге 90-160 жип туура келет. Перкалдын баалуулугун арттырган дагы бир сапаты ага ар кандай татаал сүрөттөр дагы түшүп, оңой боёлгондугу. Жууркан менен жаздыктагы куштун канаттарын сыртка чыгарбайт. Баасы жагынан перкаль сатинден бир аз, чыттан үч эсе кымбат болушу мүмкүн. Баса, мындай шейшептерди биринчи жууганда муздак сууга жуусаңыз, боёгу жакшы сакталат. Суунун температурасы 60 С°тан ашпай, үтүктүн ысыктыгы 150С°жогору болбошу керек.

перкаль3232

Тенсел – эч качан тердетпейт

Тенсел (TENCEL) – бул жибекке тең тайлаш турган, жогорку сапаттагы табигый була. Бул кездеме өзүнүн экологиялык тазалыгынан сырткары аллергияга каршы тургандыгы, бактериялардын өсүүсүнө бөгөт койгондугу, сезимтал терилүүлөргө эң мыкты тандоо болгондугу менен өзгөчөлөнөт. Жалпылап айтканда тенсел кебездин жумшактыгын, бамбуктун бактерия менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жана жибектин жеңилдигин алган. Кебез кездемелерге караганда нымды 50% га көбүрөөк сорот, бул деген уктап жаткан адам канчалык тердесе да, төшөгү эч качан ным болбойт дегенди түшүндүрөт.

tensel111

Жаккард – көркөмү көздү арбаган кездеме

Жаккард – курамында органикалык дагы, синтетикалык дагы була болгон, татаал согулган, бирок түгү жок жылмакай кездеме. Өзгөчө кооз сүрөт токулмасы менен өзгөчөлөнөт. Эч бир  шейшеп жаккард сыяктуу табигый көркөм сүрөттөргө ээ боло албайт. Мындай шейшептер кылдат колдонсо, ондогон жылдар бою кызмат кылышы мүмкүн. Кадыры күчтүү жакындарга белек кылуу үчүн акча аябай туруп, жаккард шейшеп тандап алсаңыз жаңылышпайсыз.

жаккард22 

Бамбук – бактериялардын көбөйүшүнө бөгөт коёт

Соңку жылдары бамбуктан ар кандай кийимдер, ич кийимдер менен бирге шейшептер да даярдалып калды. Бул кадимки тропикалык өсүмдүк бамбуктан жасалган жиптерден токулган жумшак, жогорку сапаттагы, денеге жагымдуу, жумшак, ар кандай аллергияны алдын алуучу табигый кездеме. Ал эми бамбуктан тигилген шейшеп абаны мыкты өткөрүп, нымдуулукту жакшы сиңирип алгандыктан, дененин дем алып турушун шарттайт. Кызыгы бамбук кездемени микроскоптон караганда жипчелердин ичинде ар кандай тешикчелерди көрүүгө болот. Дал ушул тешикчелер анын нымдуулукту соруп алуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Кадимки кебез менен салыштырсак бамбук 1,6-1,7 эсе көп нымдуулук сиңирип алат. Ал эми бамбуктун ар кандай бактериялардын көбөйүшүнө бөгөт койгон сапатын анын курамында «бамбу бан» деген  заттын бар экендиги менен түшүндүрсө болот. Кызыгы, бул зат бамбук кездемени 1 эмес 50 жолу жуугандан кийин да жоголбойт. Бамбук шейшептерди башка шейшептерден бөлүп, кылдат (деликат) режимде 30С°тан ашпаган температурада жууш керек. Ошондой эле агартуучу каражаттарды өтө аз колдонуп, же такыр эл кошпой койгон туура. Кир жуучу машинанын ичинде кургатууга болбойт, мүмкүнчүлүк болсо ачык асман алдында кургаткан жакшы. Ал эми үтүктөгөндө төмөнкү жылуулукту тандап алыңыз.

бамбук

Жибек – бул кездемелердин ханышасы

Жибектен тигилген шейшептер мурунтан бери эле дөөлөттүү, бардар жашоонун символу катары эсептелет. Чарчап келип жатканда назик, жумшак, сыйда бул кездеме денеңе тийгенде эле маанайың ачылып, ширин уйкуга кетесиң же көпкө чейин кыялдар дүйнөсүнө сүңгүйсүң. Уктап жатканда өзүнүн жумшактыгы менен денеңди эркелеткен жибек шейшеп чыдамдуу, бышык болот, сапатын жоготпой көпкө кызмат кылат. Ысыкта салкын, суукта жылуулукту кармаган мындай шейшеп өзүн сыйлаган, уктоочу бөлмөсүн сүйгөн ар бир кожойкенин үйүндө жок дегенде бирөө болушу керек.

2012-New-Europe-luxurious-Top-grade-summer-cool-air-condition-100-mulberry-silk-bedding-set-16mm

welk

____________________________________________________________________

 

Биз айымдар үйдөгү ар бир буюмду алаарда тандоого аябай маани беребиз. Албетте, шейшеп тандап алууда баардык тарабын  тең таразалоого туура келет. Мисалы, уктоочу бөлмөнүн жалпы жасалгасына жараша алсаңыз болот. Эгерде жөн гана жагымдуу түстөгү пайдалуу шейшеп алгыңыз келсе, түс терапиясына саресеп салып коюңуз.

Кызыл түс  – жылуу, активдүү бирок оор өң. Жеңишке болгон ишенимди арттырган бул түс түнкүсүн түгөйлөргө ысык маанай тартуулайт.

Күлгүн сары түс депрессиядан арылтып, маанайды көтөрөт. Позитивдүүлүктү, кубанычты, бейпилчиликти «камтыган» бул өңдөгү шейшепте ойгонгондо жашооңуз дароо шаңдуу боло түшөөрүн унутпаңыз.

Эс алдыруучу, чарчоодон арылтуучу жашыл өңдөгү шейшептер сиздин түнүңүздү тынчтыкка бөлөйт. Стресстен арылтуучу күчкө ээ болгондуктан жатаары менен терең уйкуга кетесиз.

Жеңил, салкын көк түс да эс алдыруучу касиетке ээ. Ошондой эле жайдын аптаптуу күндөрүндө бөлмөдөгү температураны адаттагыдан төмөн сыяктуу сездирет.

Сыя түс кыялкечтер менен философтордун түсү деп эсептелип, мындай шейшепке жаткандар өзгөчө түштөрдү көрүшөт. Сыя өңдү табит менен чектеп колдонгон кезде ал чарчоону басат.

Кара шейшепке жатууну көпчүлүк айымдар өмүрүндө ойлонушпайт. Себеби, биздин элесибизде уйкуга жарык өңдөр менен бирге баруу керек деген түшүнүк бар. Бирок үйдүн интерьерине жараша же жөн гана байкап көрүүнү каалап, кара шейшепке жаткандар, андай шейшептен экинчи бар тартпай калышат.

Ак – шейшептердин табигый түсү сыяктуу сезилет. Ошондуктан ак бардык учурда, бардык шартта туура келген кынтыгы жок түс.

___________________________________________________________________________

Шейшеп сатып алууда дагы эмнелерге көңүл буруу керек?

Ар бир кожойке сатып алган шейшеби мүмкүн болушунча узакка кызмат кылып, баштапкы көрүнүшүн сактап калышын каалайт. Анда төмөнкү жагдайларды эстен чыгарбаңыз.

  • Алгач этикеткасын караңыз. Анда шейшепти чыгарган ишкананын дареги, телефон номерлери, кездеменин курамы, топтомдун курамы өлчөмдөрү менен жана колдонуу, жуу эрежелери жазылып турушу керек.
  • Шейшептин тескери бетин ачып тигиштерин караңыз. Баары талапка ылайык түз тигилиши керек. Айтмакчы, сапаттуу шейшеп бүтүн кездемеден тигилет. Ортосунда кошулган жери болбойт.
  • Сапаттуу шейшеп түсү дал келген бышык жип менен тигилет жана бурчтарынан тигилгенден ашкан жиптер көрүнбөйт.
  • Жыттап көрүңүз. Жакшы шейшеп бир гана кебез жыттанат. Эгер боёктун жыты аңкып турса, жууганда боёгу чыгышы мүмкүн. Шейшептин боёгу сапаттуубу жокпу, колуңузду нымдап туруп сүртүп көрсөңүз болот.

Шейшеп сатып алуудан мурун ага сала турган жууркандын же матрацтын узун-туурасын өлчөп алыңыз. Айтмакчы, бул жаатта атайын эл аралык өзгөчөлүктөр бар. Орусияда шейшептердин жаздык кабы 70Х70 болсо, Францияда 65Х65, Германияда 80Х80. Ал эми Италияда жана Испанияда 50Х70 болушу мүмкүн. Ошондуктан чет өлкөгө чыкканда шейшеп ала турган болсоңуз, өлчөмүн текшерип алыңыз. Ишенимдүү ишканалар шейшептерди жууганда кирип кетээрин эске алып, жалпы кездемеге 3-5% кошуп тигишет. Сапатсыз шейшептер, тескерисинче, жаңысында эле тар келип калышы мүмкүн.

Учурда шейшептер балдар шейшеби, 1 кишилик,  2 кишилик жана Евро болуп бөлүнөт. Акыркысында 2 орточо жууркан салгыч же 1 өтө чоң жууркан салгыч, 1 шейшеп, 2 же 4 жаздык кап болот.

Шейшептерди колдонуу боюнча кеңештер:

  • Жаңы сатып алган шейшепти тескери оодарып туруп, сөзсүз жууп, анан колдонуңуз.
  • Шейшепти эң узак болгондо 2 жумада бир, болбосо жумасына алмаштырып туруу керек.
  • Шейшептерди жууганда суунун температурасы 50-60 °Стан ашпашы керек. Этикеткадан кошумча маалымат алсаңыз болот.
  • Кир жуучу каражаттардын курамында агартуучу кошулмалардын аз болушун көзөмөлдөңүз. Түстүү шейшепке жана ак шейшепке өз-өзүнчө атайын каражат алсаңыз да болот.
  • Жуулганда шейшепти дароо жайыңыз жана толук кургай элегинде үтүктөңүз.
  • Шейшептерди көпчүлүк учурда тескерисинен үтүктөгөн ыңгайлуу. Эгер үтүк менен алышып олтурууну каалабасаңыз, атайын бырыш сыяктуу кездемеден алыңыз.
  • Кир машинага салаардан мурун жууркап салгыч менен жаздык капты тескери оодарып коюңуз.

Жакшы шейшеп уктоочу бөлмөнүн көркүн ачып, чаалыккан денени жазып, ырахат тартуулайт. Ошондуктан шейшепке эч качан көңүл кош карабаңыз, жыргал тартуулаган буюмдан болсо, эч качан акчаңызды аябаңыз.

Гүлназ БАКИРОВА

Оставить комментарий

 

 

 

Вы можете использовать HTML теги:

<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>


4 + = тринадцать

Наши обложки

Обложка февральского номера

Смотреть все »

Опрос

Хотите увидеть себя на обложке “Бишкекчанки”?
результаты