Аялдар ааламында ак ниет, акылдуу жана күчтүү мырзаларга дайыма суроо-талап болот. Биз аларды билебиз жана сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
Бакыт Жусупов, 26 жашта, Samsung Electronics Central Eurasia компаниясынын телекоммуникацияларды өнүктүрүү менеджери

Бакыт Жусупов, 26 жашта, Samsung Electronics Central Eurasia компаниясынын телекоммуникацияларды өнүктүрүү менеджери
Өзү тууралуу
Мен өжөр адаммын, ошол себептен көпчүлүк мүнөзү татаал деп эсептешет. Айрымдар сөз чыкпайт деп ойлошот. А чынында мен токтоо, ишенчээк жигитмин. Активдүү эс алууну, табият койнуна чыкканды жактырам. Шаардан 30 мүнөт алыстаганда эле аба алмашат. Ысык-Көлдү жанымдай көрөм. Көл менен сырдашып, өз жан дүйнөңдү тазартып, түрдүү кыялга батсаң болот. Футбол ойнойм, мелдештерди калтырбай көрөм. Тай боксу менен машыгам. Кээде коркунучтуу фильмдерди көрөм, коркуу сезими адамды сергитет.J
Эсте калган окуя
Бир жолу өзүмдү Тарзан сезип, терезенин темир тосмолору аркылуу өйдө чыккам. Эки бутумдан жараат алсам дагы экинчи кабатка чейин көтөрүлгөм.
Айымдар, идеалдуу жолугушуу жана келечек кыялдар
Мен бирге жүргөндө убакыт куштай учуп, жолугушуулар эстен кеткис окуяларга айланган кызга жолуккум келет. 10 жылдан кийин бул тууралуу бала-чакабызга айтып берсек дейм.
Кубат Орозалиев, 27 жашта, Sport Machine спорттук клубунда машыктыруучу, сүрөтчү, актёр
Өзү тууралуу
Түбүм Жалал-Абаддан, бирок Бишкек шаарында төрөлүп, өстүм. Абдан көп кырдуу, чыгармачыл адаммын. Музыка, спорт, искусствого жакынмын. Достордун арасында шайыр жана тамашакөй, үйдө токтоомун, талапты катуу коём. Адамдарга жардам бергенди жактырам. Колдон келишинче жакындарымды колдоп, коргоп тургум келет. Алсыздарды басынткандарды, адилетсиздикти көтөрө албайм. Ачуум чукул, дароо аралашып кетем.
Кино тууралуу кыялдар
Кино тармагынын чоң күйөрманымын. «Аят-2», «Эрежесиз» жана «Миллиондук мелдеш» тасмаларында роль жараткам. Келечекте атактуу актёр болуп, чет элдик тасмаларга тартылууну кыялданам. Кино тармагы чексиз, ушунусу менен кызыктырат.
Сюрприз жана сүйүү
Күтүлбөстүк уюштурууну жакшы көрөм. Жагымдуу нерсе менен таң калтырып, алардын реакциясына байкоо салган жагат. Сүйлөшкөн кызым болсо күн сайын түрдүү белектерди берип, мисалы, романтикалык кеч уюштуруп, пианинодо сүйүү ырын аткармакмын.
Эх, кыздар
Бүгүнкү кыздардын текебердиги менен жарым жылаңач кийип жүрүшү жакпайт. Кыска юбка же айрылган джинсы кийген кызды көргөндө олуттуу мамиле куруу тууралуу ой дагы келбейт. Албетте, мырзаларды кызыктырат, бирок башка максатта. Анан чылым чеккен кыздарды жактырбайм. Өзүм спортчу болгондуктан ичпейм, чекпейм, кыздарды дагы Өзүңөрдү сактагыла деп чакырып кетем.
Эркин Усенбаев, 25 жашта, шоумен, актёр
Өзү тууралуу
Эс тарткандан эле активдүү, демилгечимин. Бир орунда көпкө отура албайм, мени дайыма алга сүрөгөн бир күч башкарат. Балким, бул менин текечер жылдызынын алдында төрөлгөндүгүмдөн болсо керек. Бирок дал келүүлөр кубантканы менен жылдыз төлгөсүнө ишене бербейм. Баса, мен таттууну аябай жакшы көрөм. J
КВН ааламы
Студент курагымда «ТамаШоу» лигасында ойнодум. КВН мага көп нерсе берди: досторду, атактуулук, жумуш жана көп тааныштарды. Ар бир саханага чыгышым машыгуу болду десем жаңылышпайм. Айрымдар кавээнщиктерди түшүнбөй, саханага чыкканды оңой ойлошот. Бирок миңдеген көздөр сени тиктеп, оңтойсуз тамаша үчүн уят кылып, мыкты оюн үчүн өйдө туруп кол чапканын элестетип көрүңүз.
Кесибим
Менин жумушум – адамдарга майрам тартуулоо. Аткарган ишимден элдин маанайы, салтанаттын сапаты көз каранды. Андыктан дайыма бүт 100 % өзүмдү жумушка арнайм. Бош мүнөт боло калганда тынч жайда эс алам. Маңыздуу фильмдерди көрүп, моралдык жактан эс алам.
Эсте калган окуя
Бир ирет Ысык-Көлгө кетем деп толкунданып кийим-кечегимди салыштырып жаткам. Ошол маалда телефон шыңгырап, таанышым кастингге чакырып калды. Беш мүнөткө келип эле милициянын формасын кийип көрөсүң деген. Бирок пландар өзгөрүп, мен режиссёрго жагып калып, тартуучу топ менен шаардын четине алып кетти. Эки жумага! Ошентип мен «Участковый» фильминде башкы каармандын ролун ойнодум.
Кыялымдагы кыз
Көпчүлүк кыздар жасалма болуп кетишти. Популярдуулук менен моданы кубалайбыз деп табият берген өзгөчөлүктөрүнөн айрылып жатышат. Бул өкүнүчтүү көрүнүш. Менин алсыздыгым – эч боёксуз, табигый сулуу кыздар. Маданияттуу, тартиптүү жана өз баасын, баркын билген кыздар дайыма модада.
Нурлан Чайка, 21 жашта, Samsung Electronics Central Eurasia компаниясынын сервис-менеджери
Өзү тууралуу
Ооба, ооба… Бул менин чыныгы фамилиям, паспорт боюнча кыргызмын. Көптөр фамилиямды укканда таң калышат, мен көнүп калгам, тескерисинче сыймыктанам. Жашоодо токтоо, сабырдуумун. Адамдардагы пафос, көйрөңдүк, жасалмалуулук кыжырдантат. Кайда болбосун жөнөкөйлүк менен табигый нерселерге маани берем.
Мыкты чөйрө жана адреналин
Ырдаганды жыктырам, караоке-клубдарда көп жүрөм. Негизи эле мыкты компания менен бардык жерде кызыктуу жана күлкүлүү. Бир жолу кышында достор менен Ысык-Көлгө барып калдык. Күн жылуу болгондуктан, чоң эрдик кылганы жатабыз деген ой менен өзүбүздү шыктандырып, сууга түшмөй болдук. Суу абдан муздак экен. Бир мүнөткө эле сууга киргенибиз менен, бир күн бою ошол адреналин менен жүрдүк.
Адамдык баалуулуктар
Ар бир нормалдуу адам келечекте жетиштүү турмушта жашагысы келет. 10 жылдан кийин өзүмдү үлгүлүү үй-бүлө кожоюну, сыймыктуу ата, бактылуу жар катары көрөм. Жубайым жагымдуу жылмайган, келишимдүү келбети бар, чыныгы адамдык баалулуктарды барктаган, табигый сулуу аялзаты болот.
Текст: Индира Акматова
Сүрөт: Андрей Костикин