Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Өрнөктүү өмүр. Жаркын элес. Рахат Ачылова

Мээримдүү кыз, күйүмдүү бир тууган, мыкты жар, жароокер келин, мээрман эне, ойчул, чыгаан окумуштуу, патриот инсан. Бул сөздөр менен  белгилүү илимпоз, коомдук ишмер Рахат Ачылованы сыпаттоого болот. Кыргыз элинин эсинде ондогон илимий эмгектердин автору, философ жана устат  катары көбүрөөк калды. Рахат Ачылова үстүбүздөгү жылдын март айында, 74 жаш курагында күтүлбөгөн жерден келбес сапарга кете берди. Үстүндө улуттук кийим, башындагы жоолук жана олуттуу сөздөрү, элдик педагогикадагы зор эмгеги менен кыргыз коомчулугунда жаркын элеси калды. Окумуштууну кызы Назик Бейшеналы эскерди. 

 

Илимге карай чыйыр жол

Рахат Ачылова 1941-жылы Баткендин Орто-Боз айылында туулуп өскөн. Рахат апанын атасы Ачыл Эргешев мектептин директору болуп турган. Экинчи Дүйнөлүк согуш башталганда алгачкы ыктыярчылардын катарында майданды көздөй бет алган экен. Ал кезде окумуштуу тогуз айлык наристе кези. Балалыгы кызуу эмгек жана  окуу менен өтүптүр. Кичинекей Рахатты катуу түйшөлткөн согуштан кайтпай, дайынсыз жоголгон атасы эле. Энеси Саламат убагында айылдык советте кызмат кылган. Уулунан ажыраган чоң апасы Сейде небересин жалгыз өзү тарбиялап, чоңойтот. Рахат, Баткен кыздарынан биринчиси болуп, 13 жашында Жалал-Абаддагы кыздар жатак мектебин, андан соң Ташкенттеги педагогикалык окуу жайды, Фрунзедеги КМУнун тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, Санкт-Петербургдан кандидаттык диссертациясын, Москвадан докторлук диссертациясын жактаган. Анын илимий эмгектери дүйнө жүзүнө жарыяланды. Ал кезде Баткенден чыккан жөнөкөй кыздын илимдин дөө-шааларынан билим алып, алардын катарына кошулгандыгы чоң жетишкендик эле. Атасын келет деп үмүттөнүп,  кабар күткөн жаш илимпозго «кайсы бир жерде туткунда болсо керек. Атым чыкса, илимим аркылуу элге таанымал окумуштуу болсом, балким, атам мени таап калар», – деген ойлор түрткү болчу. Бул издөө бир нече жыл уланып, Кыргызстанга эгемендик орногондо гана токтогон. Өзүнүн ар бир чет жердеги сапарында «балким, үй-бүлөлүү болуп, балким акчасы жетпей калды бекен бөтөн жерде» деп кадам сайын бейтааныш адамдардын жүзүнө үңүлө карап, атасын издечү экен.

ipp

Илимий иш үстүндө

Жароокер жар

Мектепти аяктап, борбор шаарга келген жароокер, татына кызга ашык болгондор көп болгон. Рахат да артынан чуркаган жигиттерди чекесинен чертип тандамак, бирок алардын ичинен мамилеси олуттуу, кийимди тандап кийген шаардык жигиттердин бири Эркин Борбиев өзгөчөлөнөт. Эркин таланттуу, Кыргыз ССРинин КП БКнын маданият бөлүмүндө сектор башчысы болгон, шайдоот жигит эле. Рахат билимдин чордону болгон Санкт Петербург шаарында аспирантурасын окуп жүргөн кезде Эркин Баткендик кызды Москванын мыкты ресторандарына чакырып, дефицит мандариндерди белек кылып жүрүп, экөө бирге турмушка карай аттанат. Эркин менен Рахаттын тоюн азыркы күнгө чейин Асылбаш айылында жомок кылып айтышат: «Селкинчек тээп, фокстрот бийлеп, «Ессентукки» ичкенбиз», – деп. Ошентип, диссертация жактоо маалында Самаргүл аттуу кыздуу болушкан. Сүйүктүү жубайы Рахатты жактоосуна дыкаттык менен даярдап, кызын карап, жалаяктарын жууп берип турган Эркин Борбиев чынында мыкты жар болгонун окумуштуу көп эскерчү. Ийгиликтүү жактоодон кийин жубайлар Фрунзеге кайтып келип, жашоо өз нугу менен уланган.

ipp

Людмила Гурченко баштаган СССР кино ишмерлери менен

Кайын эненин камырынан

Рахат Ачылова мыкты маектеш, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон камкор жар, тың келин болду. Кайындарын кызындай сүйүп, өзгөчө мамиле кылды. Кайын энеси да келинин уулунан артык көрүп, айтканын айткандай, дегенин дегендей кылдыртчу. Кайын энеси менен бир дагы жолу кабак чытышпай, ымаласы ысык жашайт. Тескерисинче, кайын энеси Рахатты үй оокатына аралаштырбай, илимге ыктасын дечү экен. Кайын атасы токсонго чыкканда «Рахатымдын диссертациясын көрүп калайын» деп абдан күтөт. Рахат кайындарына карата сый-урматка толгон өзгөчө мамилеси менен, кыргызда калыптанып калган стереотиптерди бузуп, үлгүлүү келин-кайын эне образын түзгөн. Жолдошу Эркин жыйырма беш жыл бою Кинематографисттер союзунун башчысынын орун басары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун оң колу болуп иштеди. Өзү да жазуучу, сценарист,  чыгармачыл дүйнөнүн адамы эле. Бүткүл жумурай журтка белгилүү совет доорунан азыркы убакка чейин ар бир бөбөк көргөн «Сандардын чатагы» мультфильминин жана «Кайрадан саат тогузда», «Мала күндүн батышы» сыяктуу аңгемелер жана «Улыбка на камне», «Тринадцатый звук», «Будь, что будет», «Солдатенок», «Еще один радостный день», «Хроника суровых лет», «Автопоезд», «Кыргызстандын кинолетописи» сценарийлердин директору жана автору болгон. Жубайлар совет доорундагы чыгармачыл, интеллектуалдык дүйнөнүн алптары менен катышып, жакын санаалаш болуп, өзгөчө чөйрөдө жашашкан. Ошол мезгилде эле Эркин Борбиев өзү барбаса да, Рахат эжебизди Мексика, Франция өлкөлөрүнө жана «Карловы Вары», «Железноводск», «Пицунда»  курортторуна эс алууга жөнөтүп турган. Рахат Ачылова менен жолдошунун мамилеси өзгөчө назик, ишеничтүү эле. Ата-энесинин башкаларга окшобогон. кылдат, жумшак мамилесин Назик: «Кийинчерээк атам күтүүсүздөн ооруп калды. Аны карай турган атайын медайым жалдоого кенен мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок апам өзү багып, өзү кам көрдү. Бир да жолу айлана-чөйрөсүнө кыйналгандыгын көрсөтпөй баккандыктан, биз балдары дагы атабыздын оорусун жеңил кабыл алдык. Атам өмүрүнүн акыркы күндөрү адамды таанып, тааныбай калган оор учурларында дагы апам алдына барып, жаңылыктарын айтып, көпкө маек куруп отура берчү», –  деп эскерет.

ipp

Жубайлар Болгарияга эс алууга барганда

Мээрман эне

Жубайлар Самаргүл, Адам жана Назик аттуу бактылуу балдардын ата-энеси болушту. Самаргүл Ленинград университетин Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы жана араб тили факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Кезегинде атташеден министрдин орун басарлыгына чейин жетип, азыркы учурда Индияда элчи. Уулу Адам көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, азыр жеке ишкер. Энесин Меккеге ажылыкка алып барып, акыркы күнүнө чейин аздектеп баккан баласы. Кичүү кызы Назик Франциядан билим алып, докторлук диссертациясын жактап, Кыргызстанга келип Улуттук стратегия иликтөө институтунун директорунун орун басары жана Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору болуп иштеди. Азыркы учурда БУУ системасында саясий маселелери боюнча кеңешчиси. Рахат Ачылованын философ болгондугу жашоосун көп жеңилдеткендей. Баланын тарбиясында эненин орду чоң экендигин жазбай түшүнүп, балдарына еврей энелеринин үлгүсүндөй тарбия берген. «Ата менен баланын мамилеси эне аркылуу түзүлөт» деген сөздү бекем кармангандыктан, атасын балдарына көкөлөтүп мактап, алардын ортосунда сыйкырдуу мамиле түзө алган. «Балдарым музыкант болуп чыкпаса да, музыка эркин ойлонууну өстүрөт, ар бир чеберчиликтин кереги тиет», –  деп көп айткан коомдук ишмер, балдарын музыкалык мектепке берген. Апасы балдарын руханий жактан тарбияласа, атасы Эркин Борбиев интеллектуалдык жакка көбүрөөк көңүл бурчу. Ата үчүн китептер эң маанилүү эле. Улуу кызын турмушка узатып жатып, 10 куту китеп сатып келип «Бул Самаргүлгө менден сеп» деген экен. Назик кызы төрөлгөндө: «Бейшеналы атам айлыбыздын молдокеси, биринчи мугалими, согуштун ардагери болгон. Атын өчүрбөй алып жүрсүн», – деп, кызына фамилия катары «-ова», «-ева» кошумчасы жок, Назик Бейшеналы деген ысым ыйгарат. Бул маселе Москвада айлар бою талкууланып, араң дегенде уруксаат алышат. Атын Назик деп Чынгыз Айтматов коёт.

8 copy

Өмүрлүк жолдошу Эркин Борбиев менен

Үй-бүлөдө кайсы бир кырдаал жаралып калса, эне катары балдарын какыс-кукус кылбай, түшүнүү менен мамиле жасап, анын тегерегинде талкуу болуп, ар бирөө өз пикирин айтып, бир чечим ортого чыгарышчу. Кичүү кызы мектепти аяктап, биринчи жолу достору менен дискотекага барууну суранса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турса да: «Мейли, бийлегиң келип жатса баргын. Бирок мен силер менен барам», – деп кызы менен барып, шаардын дискотекасында китеп окуп отурганын Назик жылмаюу менен эскертет. Күнүмдүк майда-баратка, жакшы сөз укса, тамагы элге жакса, жакшы кийим алса деле төбөсү көккө жетип сүйүнгөндү, адам кандай жамандыкка барбасын айыптабаганды балдарына үйрөтүп турган Рахат Ачылованын кубаныч-кайгысынын көпчүлүгү да балдары, неберелери менен байланышкан. Назиктин Бельгияда туулган француз тектүү балдарын бешикке бөлөп, кыргыздын бардык ырым-жырымын жасайт. Бешикке бөлөнгөн неберелерин ооз комуздун күүсү менен чоңойткон. Бельгиядагы кыргыздар менен жолугуп, «ынтымактуусуңарбы, үйүңөргө кызыл тууну илип алып, абстрактуу патриот болбой, иштериңер жакшы болсо, бири бириңерге жардам бергиле», –  деп кеңешин берчү экен.

ipp

Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору

Мыкты устат

Рахат Ачылова илим менен коомдо жүргөн элүү беш жылдан ашуун убакыт аралыгында замандаштары, окуучулары, студенттери, шакирттери жана жөнөкөй адамдарга жан дүйнөнүн улуулугунун үрөөнүн сээп, кеңешинен акчасына чейин аябастан, жанын үрөп иштеп жашады. Азыркы тапта Рахат Ачылованын шакирттери ар чөйрөдө ордун тапкан өлкөнүн белгилүү инсандары. Жанда жок адамга болгон сүйүүсү менен музду эритип, жашоосунда туш келген ар бирөөнө мээримин төгүп, биринчи өзүн ойлобостон жанындагысын ойлогон ойчул окумуштуунун улуулугун бардык жан эле түшүнө бербестир. Рахат Ачылова өмүр бою мугалимдик ишин үзгөн жок, 1966-жылдан баштап Улуттук университетте социология лабораториясынын жетекчиси, кафедра башчысы болуп иштеди. Депутат кезинде дагы университеттен кеткен эмес. Акыркы жылдары «Ата-Түрк Ала-Тоо» университетинин профессору болгон. Жолдошу Эркин менен жаны бир сымал, каза тапканынан үч ай өтпөй үстүбүздөгү жылдын март айында илимпоз эжебиз да дүйнө салды.

Үй-бүлөлүк мааракеде copy

Үй-бүлөлүк мааракеде

 

Ажылык сапарында copy

Ажылык сапарындагы сүрөт

Брюссельге небересин бакканы барганда copy

Брюссельге небересин бакканы барганда

 

Назик кызынын тоюнда copy

Кызы Назиктин тоюнда

 

Текст: Мээрим Кайыпсагын

 

 

 

 

 

 


Ответов 2 to “Өрнөктүү өмүр. Жаркын элес. Рахат Ачылова”

  • Aijan
    Декабрь 21, 2015 at 2:21 пп | Reply

    Рахат эже балдарына эн мыкты тарбия берген. Эже балдарын кыргыз мектепке берип, кыргыз тилдуу кылып чонойткону учун тарбиялуу ыйбалуу балдар болуп чоноюшкан. Аны озу дагы каза болордун алдында бизге айтып калчу, балдарды кыргыз мектепке берип кыргыз кылып чонойткула дечу. Эжедей адамдар коп болсо, улутубуздун ан сезими орус тилине байланмак эмес эле. Коп интеллигенттерден айырмаланып, Рахат эже улутка куйгон инсан эле. Жаткан жери жайлуу болсун!

  • Гулиза
    Декабрь 21, 2015 at 10:59 пп | Reply

    Сонун макала болуптур, Бишкекчанка азаматсынар, дагы жазып турсанар ушундай макалаларды)

Оставить комментарий

 

 

 


7 − три =

Обсуждения публикаций

  • Инесса Императрица Ки -ну просто Вау!!!!! Шедевр. – Дек 28, 10:57
  • Незнакомка я тоже согласна с Алиер. я сама поработала моделью хотя у меня не ах-ти 90-60-90, но могу гордится своим английским. да-да английским потому что мы... – Дек 25, 3:17
  • Гулиза Сонун макала болуптур, Бишкекчанка азаматсынар, дагы жазып турсанар ушундай макалаларды) – Дек 21, 10:59
  • Aijan Рахат эже балдарына эн мыкты тарбия берген. Эже балдарын кыргыз мектепке берип, кыргыз тилдуу кылып чонойткону учун тарбиялуу ыйбалуу балдар болуп чоноюшкан. Аны озу дагы... – Дек 21, 2:21
  • Дамира Мне 19 лет я с г.Каракол.Работаю бухгалтером люблю свою работу, обожаю все пробовать, люблю рисовать, путешествовать, читать книги и еще многое многое, горжусь собой тем... – Дек 20, 8:42
  • Еще »

Опрос

Что бы вы изменили в журнале BISHKEKCHANKA? (нужно добавить свой ответ)
  • Добавить свой ответ
результаты