Жыл башында Instagram баракчасы аркылуу жарыялаган эгиз балдардын кызыктуу сүрөттөрү долбоору соңуна чыгып, аларга фотосессия өткөрүп, журналга чыгарган элек. Ошол элжиреткен эгиздер тууралуу кызыктуу маалыматтарды апаларынын оозунан укканбыз. Сиз да бул эгиздердин сүрөтүнө бир суктана карап алыңыз, мүмкүн сизге да кирип келе жаткан жылда кудайдын белеги бардыр.
Максутов Амир жана Максутова Мадина, 7 жашта.
Мырзагүл: «Экөөнүн мүнөзү аябай окшош, дээрлик бирдей ойлонушат. Кичине кезинен тартып эле жакшы окуу керектигин, чоңойсо ата-энесин багып, үй жумуштарына жардам беришээрин так билишет. Бизди чет өлкөгө эс алганы жиберебиз деп сүйүндүрүшөт. Бири-бирине күйүмдүү. Бир жолу Мадина ооруп калды. Биз Амирди «көп жакындаба, сен дагы ооруп калып жүрбө»,- дегенбиз. Амир тескерисинче: «Жанында болсом тезирээк айыгат, анткени мен оорубай элемин да»,- деп күлдүрдү».
Канайым жана Даткайым, 5 жашта.
Чынара: «Шайыр, көп нерсеге кызыккан, күлкүчү кыздар. Сүрөт тартканды жактырышат. Көркөм гимнастикага барышат. Ынтымактуу, көп урушпаганга аракет кылышат».
Тимуров Амир, Тимурова Асель, 2 жашта.
Бегайым: «Экөөнүн мүнөзү эки башка. Амир менен сүйлөшүп, бир пикирге келүүгө болот. Асель аябай өжөр, айтканынан кайтпайт. Амир жайдары, адамдар менен оңой тил табышып, сүйлөшө алат. Асель тескерисинче, түнт. Адамдарга, айланадагыларга көнүшкөнчөубакыт керек. Балдарым менен сейилдегени чыксам экөө эки тарапка чуркады. Кимисинин артынан жүгүрүштү билбейм. Кичинесин эптеп колтуктан алдым дагы уулумдун артынан жөнөдүм. Үйгө араң алып кирдим. Азыр эки балам менен сейилдесем сөзсүз жаныма жардамчы ала чыгам».
Арген жана Арсен Буларкиевдер, 9 жашта.
Асыл: «Балдардын сырткы келбети дагы, мүнөзү дагы окшошпойт, бирок эгиздер. Арген гуманитардык илимдерге кызыкса, Арсен математикага жөндөмдүү. Күлкүлүү, шайыр жигиттер».
Айдар жана Ильдар Муктарбековдор, 3 жашта.
Айгүл: «Биздин эгиздердин сырткы келбети окшош болгону менен кыял-жоругу эки башка. Айдардын мүнөзү жумшак, ийкемдүү, жалгыз ойногонду жакшы көрөт. Ильдар тың жана өжөр. Кичинекей балдар Ильдар менен Айдарды көпкө тиктеп туруп, эмнеге менин өзүмө окшош бир түгөйүм жок деген суроону көп беришет. Эгиздердин бир жашка гана улуу Азирет аттуу байкеси бар. Бизге үчөө эгиз сыяктуу сезилет».
Бакай жана Атай Тилектешовдор, 2 жашта.
Кундуз: «Мүнөздөрү эки башка, бирок суроо-талаптары окшош. Таттууну жана «Маша жана аюу» мультфильмин жакшы көрүшөт. Бир кызыктуу окуя атабыз ооруп калганда болгон. Ага ийне салып жатканда ыйламыш болуп койду. Балдарым чуркап келишип, атасын өпкүлөп, кучактап, мага сөөмөй кезеп, аябай ачууланышкан».
Аман жана Эсен Семеевдер, 2 жаш 4 ай.
Нурзат: «Биздин балдар бири-биринен бир топ эле айырмаланышат. Аманчик токтоо, берешен жана ийкемдүү, ал эми Эсенчик шок, жаны тынбай ар нерсеге кызыгат. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Бардык эле балдардай тентектик кылышат. Бир жылы туугандарга жайлоого бардык. Жаңы эле төлдөгөн ити бар экен. Балдарым көзү жаңы ачылган күчүктөр менен ойноп жатышкан. Биз боз үйдө отурсак күчүктөрдү жүдөтүп, бирөөсүн арыктагы сууга жуунтканга үлгүрүшкөн экен. Күчүк үшүгөнүнөн калчылдап, кыңылдап баштаптыр. Жылытабыз деген ой менен чакага бастырып коюшуптур. Күчүк андан бетер улуп баштаганда биз көрүп, отко кактап жылытып алдык».
Аймээрим жана Айсезим Нурбековалар, 9 жашта.
Алтынай: «Кыздар тил алчаак, тыкан, бири-бирине абдан жакын. Кичинерээк чагында сиңдиме калтырып, конокко кеткем. Сиңдим кезеги менен кыздарга тамак бермек. Адашып бир кызга эки жолу тамак берип, экинчи кызым ачка калыптыр. Бир маалда катуу ыйлап баштаганда билиптир».
Февраль 12, 2016 at 3:17 пп |
Сонун балдар-кыздар экен, көз тийбесин.