Мектептен берилген үй тапшырмаларды аткаруу ата-эне менен баланын ортосундагы пикир келишпестиктерге себепчи болгон-болгон. Бүгүнкү күндө өзүбүздү да, балабызды да кыйнабай сабак даярдоо мүмкүнбү? Күнүгө кечинде урушка айланган булл маселеден кантип арылууга болот?
Алдын ала даярдык
Күнүгө балдарыбыз ыр жатташ керек, дилбаян жазыш керек, китеп окуш керек деген тапшырмалар менен үйгө кайтышат. Андыктан, үйдүн босогосун аттаганда эле «Бүгүн эмне үйрөндүңөр?», «Кандай тапшырма берди?» деген суроолорду берүүнүн ордуна мектеп дүйнөсүнөн бираз алыстатып, жылуу маанай менен тосуп алыңыз. Мектеп түйшүгүнөн алыстоого 13 жашка чейинки балдарга 45 мүнөттөн 2 саатка чейинки убакыт талап кылынат (тамактануу, оюн ойноо, анын ичинде кыймыл-аракеттүү оюндар).
Ата-эненин даярдык көрүү чаралары
- Сабак окуй турчу столду ирээтке келтирүү;
- Тапшырмаларды аткаруу үчүн керек болгон куралдарды даярдоо;
- Бардык буюмдардын ыңгайлуу жерде жайгашканын текшерүү;
- Столго түшүүчү жарыкты туура коюу;
Негизги эреже
Үй тапшырмаларды аткарууну күнүгө бир убакта, бир жерде аткарылуучу адатка айландырып алыңыз. Бул окуу процессин ирээтке келтирүүгө жардам берет. Адистердин айтуусу боюнча, тапшырмаларды аткаруу үчүн эң ыңгайлуу убакыт саат 15:00 дөн 17-18:00 чейин. Андан кеч болуп кетти дейли, балаңыз дагы деле сабак окуй элек. Бул учурда эмне кылыш керек? Бүгүн – эч нерсе: болгону жетишпей калдыңыз. Аткарылбай калган тапшырмаларга эртең менен эртерээк туруп кайрылсаңар болот.
Ал эми сабак окуу узактыгы баарыныкы бирдей эмес: ар бир баланын ритми ар башка; тапшырмалардын көлөмү да түрдүүчө болушу мүмкүн. Сабак окуу убагында би раз тыныгууларды кылып туруу да шарт экенин унутпаңыз. Танапис учурунда бала дене боюн, колдорун, көзүн эс алдырат. Ал арада бир стакан сүт ичип, алма же бираз шоколад жесе болот. Бирок өтө тоюп албашы керек, болбосо шалдырап уйкусу келе баштайт.
Балага жардам берүү керекпи?
Башында сөзсүз жардам керек. Анткени балдарга өз ишин тартипке салуу бираз кыйынырак. Өз алдынча окуп, күн тартибин белгилөөнү үйрөнгөнгө чейин бир эмес, бир нече жыл талап кылынат. Тапшырманы жалгыз аткара турган болсо, шартын жакшы түшүнбөй кайра-кайра окуп, бир көнүгүүдө такалып калышы мүмкүн. Мындан сырткары, балдар үчүн колдоо абдан зарыл. Ата-энесинин жанында болушу баланын көңүлүн ток кылып, өзүнө болгон ишеничин арттырат, албетте, алар аны урушуп, басмырлабаса.
Эгер күнүгө бир убакта балаңыздын жанында болуу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, үй тапшырма аткаруу эрежелерин түзүп алыңыз. Мисалы, балаңыз өз алдынча китеп окуп же жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткарып турат, сиз иштен келгенден кийин калганын аткарганга жардам бересиз.
Канча убакыт жардам берүү керек?
Бала ата-энеси анын тапшырмаларын аткаруу үчүн эмес, жардам берүү үчүн гана жанында отурганын билиши керек. Сиз берилген тапшырманы карап, кандай аткарыла турганын түшүндүрүп коюп өз иштериңиз менен алек боло берсеңиз болот. Ошол эле учурда жардам керек болсо, жакын жерде экениңизди айтып коюңуз. Баланын жанында отуруп алып, анын ар бир кыймылын көзөмөлдөөнүн кажети жок. Бул анын кыжырын келтирет. Ар бир кадамын текшере берип баланын өз алдынча, жоопкерчиликтүү болуусуна тоскоол болосуз.
Дагы бир эреже: эч убакта тапшырманы балаңыздын ордуна аткарбаңыз. Анын ордуна ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн туура суроолорду койгонду үйрөтүңүз. Жыйынтыгында балаңыз тапшырманы өзү аткаргандыгы үчүн кубанып, көңүлү көтөрүлөт.
Берилген тапшырмаларды аткаргандан кийин теманы жакшы түшүнгөнүн аныктоо үчүн дагы бир-эки суроого жооп беришин өтүнүңүз. Ал суроолорду жаза катары кабыл албашы үчүн: «Бул тапшырманы аткаруу сага оңойго турган жок. Ошондуктан мектепте өзүңдү ишенимдүү алып жүрүү үчүн дагы бир көнүгүүнү аткарып көр», – деп түшүндүрүңүз.
Кризистен кантип чыкса болот?
Эки сааттан бери түшүндүрүп атканыңызга карабай балаңыз тапшырманы аткармак турсун, жөнөкөй эрежени кайталай албай атса, жиниңиз келип, үнүңүз катуу чыгып баштаса – демек сиздин бирге үй тапшырма аткаруу ишиңиз кризиске кирди деп билиңиз. Мындай учурда баарын кайталап чыгуусун талап кылып, кыйкырып урушпаңыз. Китеп, дептерлерди жаап коюп башка иш менен алек болуңуз. Ата-эне кыжырданып, ачуусу келе баштаганда тапшырма аткаруу уруштун себебине айланышы мүмкүн. Натыйжада балдар өздөрүн күнөөлүү сезип, сабак окугусу келбей калат. Эгер ата-эне баласына жардам берүүдө өзүн кармай албай дайыма жиндене берсе, анда бул милдетти репетиторго же башка туугандарга тапшыруусу керек.
Баланы качан өз алдынча коюуга болот?
Эртедир, кечтир ар бир ата-эне күткөн, баласы тапшырмаларды өз алдынча аткара баштаган учур келет. Бул – балаңыз өз ишин жана убактысын пландаганды үйрөндү дегенди билдирет. Бирок бул учур ар кимге ар башка убакта келет. Аны кантип аныктоого болот? Бир гана ыкма – жакшы көңүл буруңуз жана да эч убакта аны классташтары менен салыштырбаңыз. Балаңыздын алгачкы кадамдарын эстеп көрсөңүз: алгач сиз эки колун кармап, ага тең салмактуулукту сактоону үйрөткөнсүз, кийинчерээк ага сиздин бир бармагыңызды кармоо эле жетиштүү болгон. Андан кийин өзү эле сиздин колуңузду койо берип, ишенимдүү кадамдарын таштаган. Сабак окуу дал эле ушундай: өз алдынчалыкка акырындык менен үйрөнөт. Алгач үй тапшырманы эки күндө бир, кийинчерээк үч-төрт күндө бир текшерип туруңуз. Эгер балаңыз тапшырмаларды өз алдынча аткара баштаса, анда жанына отуруп жардамдашуунун кереги жок. Ошентсе да, бала 13 жашка чыкканга чейин ата-эненин колдоосу жана алкоосу зарыл.
Жыйынтыгында – балаңызды гений кылам деп ашыкпаңыз. Күндөлүктөгү баа баланын мектепти бүткөндөгү жашоосу менен дайыма эле байланышта эмес. Көпчүлүк учурда мыкты окуучулар кийин акчасын айдан айга жеткире албай кыйналса, экиге окуган окуучулар ийгиликтүү ишкер болушу мүмкүн. Эң негизгиси – ак көңүл, боорукер, абийирдүү адам кылып чоңойтуп, бири-бириңерге болгон сый мамилени сактаңыз!
Латифа ЮСУПОВА
фото Любовь Костенко