«Ургаачынын дени сактыгы – учурунда келген этек кири», – деп чоң энелерибиз бекеринен айтпаса керек. Өспүрүм кезибизден эле айыз жөнүндө кеңири түшүнүк алганыбыз менен, катаал күндөр келгенде көөнүбүз айнып, башыбыз айланып, өзүбүздү коёрго жер таппай калабыз. Айлана бозомтук тартып, бүткүл аалам бизге каршы тургандай сыяктанат. Мындай күндөрү жибектей созулган айымдар дагы ажаанга айланат дешет. Анда аялдардын бактысы да, азабы да болгон айыз тууралуу макалага орун беребиз.
Биз байырлаган аймакта туулуп өскөн айымдардын алгачкы айызынын келиши 12 жаштан 14 жашка чейин болот. Кээ бир учурда кыздарда балакатка жетүү ар башка өтөт. Анткени тукум куучулуктан да көз каранды болушу мүмкүн. Бирок 15 жаштан өткөн кыздын айызы келбесе, дарыгерге көрсөтүү керек. Биринчи жылы этек кир олку-солку болуп калыптануу процесси жүрөт, ошентсе да жыл ичинде 8 гана цикл болушу кажет. Цикл дегенибиз айыз келген күндөн тартып, кийинкисине чейинки убакыт жана ал 21 күндөн 33 күнгө чейин созулат. Айыз өз убагынан 14 күндөн ашык кечигип баратса, кооптонууга негиз бар. Айрым учурда, тескерисинче, этек кирдин тез-тез келишинен жабыркагандар да кездешет. Көп жылдар бою цикл 21-22 күндөн ашпай, акыркы учурларда өтө эле узарып кетсе, бул дагы коркунучтун белгиси болушу мүмкүн. Айыз жана ага байланыштуу майда бирок маанилүү маалыматтарды врач-гинеколог менен бирге сунуштайбыз.
Альгоменорея …
Айыз маалындагы башыбыздын айланып, кускубуз келгенине анчалык маани бербегенибиз менен медицинада бул дарт альгоменорея деп аталат. Бул оору 60-70% айымдарда жолугат. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн арасында көп кездешет. Аялдардын 84% окшуп кусса, 79% ич өткөккө кабылышат, 23% башы айланса, 13,5% аялдар чыдатпаган баш оорудан жабыркашат. 16% таптакыр эле эс учун жоготуп жыгылат. Көп учурда ооруксунуу айызга 1-2 күн калганда башталып, 3 күндөн соң айыгат. Кээ бир айымдар мындайда эмгекке жарамдуулугун таптакыр жоготот.
Альгоменорея аялдын физикалык абалына гана эмес психикасына дагы чоң таасирин тийгизет. Белгилери: курсактын ылдыйкы бөлүгү, бел-бөйрөк тушуңуз сайгылашып, толгоо тарткандай ооруйт. Оору менен коштолгон айыз бардык дарттар сыяктуу эле медициналык кийлигишүүнү талап кылат. Бирок алгач кайсыл түрү экендигин аныктап алуу зарыл. Альгоменореянын биринчилик жана экинчилик деген эки түрү бар.
Биринчилик – деп нерв системасынын ооруларынан улам же аялдын жыныс органдарынын түзүлүшүнүн анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу пайда болгон ооруну айтабыз. Мисалы, жетилбей калган же туура эмес жайгашкан жатын себеп болушу мүмкүн. Ал эми айыз учурундагы ооруксунуу кайталанбай, айрым учурда гана тынчсыздандырса психологиялык жабыркоонун, денеге күч келтирүүнүн натыйжасы болушу ыктымал.
Экинчилик – суук тийгенден жана сийдик чыгаруу системасынын ар түрдүү ооруларынын кесепетинен келип чыгат. Алар эндометриоз, шишик жана киста болушу мүмкүн.
21 кылымдын эпидемиясы…
Экинчилик альгоменорея эндометриоз (гормоналдык дисбаланстын негизинде, иммундук системанын бузулушунан келип чыккан өнөкөт оору. Өөрчүп кеткен ткандардын жатындын сыртына жайгашып калышы) дартынын эсебинен көп пайда болот. Анын негизги мүнөздүү белгиси дагы оору менен коштолгон айыз. Эндометриоз оорусунун башталышында эндометрия (жатындын ичине төшөлгөн, тамырлар менен мол жабдылган былжырлуу кабык) клеткалары «ыңгайсыз» жерлерге – сийдик түтүкчөсүнө, бөйрөккө жайгашканы аз келгенсип, кадимкисиндей өз функциясын аткара берет. Ал эми айыз келген учурда көөп, жарылып канай баштайт. Мындан улам жан кейиткен оору башталат. Эндометриоз оор жүк көтөргөндө, стресске кабылганда жана солярийге какталганда, ар кандай ванналарды көп колдонгондо келип чыгат. Эндометриозду «жашыруун» хламидиоз (жыныстык катнаштан жугуучу инфекциялык оору) инфекциясы сыяктуу эле 21кылымдын эпидемиясы деп келишет.
Ооруксунган айыздын себебин аныктоо үчүн гинекологдун гана эмес эндокринологдун дагы кароосунан өтүү абзел. Гинекологиялык кароодо жатындын жайгашуусуна, өлчөмүнө, ички жыныс органдарынын анатомиялык түзүлүшүнө басым коюлат. Альгоменореянын себебин аныктагандан кийин дарылоого киришсе болот.
Айыз алдындагы алсыздык (ПМС)
«Айыз алдындагы алсыздык» этек кир келээрден 10-12 күн мурда башталат. Кечинде эч нерседен бейкапар уйкуга киришип, эртең менен турганда чачыңыз ирээтсиз чачылып, көзүңүздүн үстү шишип, ээгиңизге кызыл бүртүкчөлөр чыгып, эмчек бездери ооруксунуп калса – айыз жакындап калганынын белгиси. Мындай жагымсыз сезимдер этек кир келип бүткөндөн кийин жоголот. Өзгөчө отуз беш жаштан жогору курактагы айымдарда «айыз алдындагы алсыздык» татаал өтөт.
Мындай көрүнүштү дарыгерлер организмдеги эстроген жана прогестерон гормондорунун бузулушунан деп түшүндүрүшөт. Кадимки абалда бул гормондор айкалышып иштегени менен айыз маалында бири экинчисинен көбүрөөк бөлүнө баштайт. Мындай дисбаланстан организм жабыркайт. Организминде эстроген көп бөлүнүп чыккан аялдар кыжырданып, агрессивдүү болуп калышат. Ал эми прогестерон көбөйгөн учурда алсыз, ыргылжың болуп, чарчап-чаалыга берет. Айрым адистердин белгилөөсүндө циклдин 22-күнүндө аялдын организминдеги прогестерон нормадан 25 эсе көбөйөт. Мындан улам эмчек бездеринин кан тамырларында кан уюп, салмак жогорулап, суюктук сыртка чыкпай калат. Ошондой эле дененин температурасы жогорулап, уйку качып, маанай чөгөт.
«Айыз алдындагы алсыздыктын» келип чыгышынын дагы бир себеби – интоксикация, башкача айтканда организмдеги суу-туз суюктуктарынын алмашуусунун бузулушу. Жагымсыз сезимдер менен жан кейиткен оору болгон «Айыз алдындагы алсыздыкды» 1994-жылы Америка Психиатриялык Ассоциациясы олуттуу депрессиялык дарттардын катарына кошкон. Мындай дартты кантип дарыласа болот? Ооруну сакайтууда табигый гестаген гормонунун көчүрмөсү болгон синтетикалык каражаттар, А, Е витаминдери, магний, кальций, талапка жараша дары-дармектерден турган комплекстүү дарылоо ыкмасы колдонулуп келет. Болгону адистин толук кароосунан кийин гана дарылоо курсу башталууга тийиш. Өзүңүзгө диагноз коюп, чоң апаңыздын ыкмасы менен дарылануу коркунучтуу.
Этек кир тууралуу эки МИФ
«Катаал күндөрдө» аялдын тамакка болгон табити күчөп, ач карышкырдай абалга жетип калат. Бул организмдин өзгөчөлүгү эмес, табияттын тамашасы. Тамашасы дегенибиз, жогоруда айтып өткөндөй айыз маалында организмден прогестерон көп чыга баштайт. Ал эми бул гормон кош бойлуулукка жооп берет, дени сак мураскор көз жарууну ыйык милдетим деп билген аял организми, болочок түйүлдүккө азык-заттарды жыйнай баштайт. Андан сырткары аялдар өздөрүнө өздөрү кээде мифтерди токуп алышат.
Биринчи миф. Этек кир келээрде организм жабыркайт, андыктан жогорку калориялуу тамак-аш жеп, калыбына келтирүү керек
Бул карандай калп! Айыз маалында кошулган 900 граммга чейинки салмак нормалдуу деп эсептелинет. Тилекке каршы айымдар табитти тыя албай, салмагын килограммдан ашырып жиберет. Айыз ар айда кайталанган соң ашыкча салмак чогулуп отуруп, келишкен мүчөнүн кейпин кетирет. Андыктан витаминге бай жашылча-жемиштерге басым жасаңыз. Майлуу колбаса, сыр же эт азыктары, майонез менен куурулган картөшкө биринчи душманыңыз болушу зарыл. Таттууну самап турсаңыз, банан, дарбыз, күн карама жана жаңгак данектерин жеңиз.
Экинчи миф. Этек кир учурунда дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат
Тескерисинче, дене тарбиялык көнүгүүлөр гормондорду тең салмакка келтирип, стресстен арылтат. Муну менен катар ашынган аппетитти басаңдатат. 15 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөр же бий менен машыгуу эмоционалдык абалыңызды жакшыртып, бирок алсыратпайт. Статистика боюнча дагы спорт менен машыккан айымдардын этек кири ооруксунбай, тынч өтөт.
Эске түйүп алыңыз:
- Этек кирдин 3 күндөн 7 күнгө чейин келиши нормалдуу болуп эсептелет.
- Толук кандуу этек кир 28 күндө бир келет. Депрессия, булганыч экологиянын терс таасиринен улам айыз мөөнөтүнөн эрте же кеч келиши мүмкүн. Эки жумадан ашык кечигип баратса, доктур-гинекологго кайрылыш керек. Айыз мезгилинин бузулушу кээде жатындагы ар кандай оорулардан кабар берет.
- «Катаал күндөрдө» айымдар күнүнө 20-50 грамм, жалпысынан 250 грамм кан жоготот. Кан менен кошо организмде темир да азаят. Кээ бирөөлөр үчүн байкалбаса, кай бирлерибиздин организмибиз катуу жабыркайт. Демек, курамында темири көп азык-заттарга муктажбыз. Организм үчүн алмашкыс делген темирди деңиз капустасынан, какаодон таба алабыз. Эт азыктарынан 20-30%, өсүмдүктөрдөн 3-5% темир алса болот.
- Этек кириңиздин келүүсүн контролго алыңыз, сөзсүз календарь колдонуңуз!
- Эгер өнөктөшүңүз ирээнжибесе, өзүңүз аябай каалап турсаңыз, айыз учурунда жыныстык катнашка барууга болот. Бирок бул учурда жатындын моюнчасы ачык болгондуктан, «презерватив» колдонбосоңор, инфекциялардын кирип кетүү коркунучу бар. Андыктан гигиенаны адаттагыдан өзгөчө сактаңыз.
- Этек кир учурунда бойго бүтүп калуу нормалдуу көрүнүш.
Назира Маматова, врач-гинеколог, медицина илимдеринин кандидаты:
Өз учурунда келген айыз аялдын репродуктивдик (тукум улоочулук) системасынын талапка ылайык өнүгүүсүнүн белгиси болуп саналат. Негизи эле аял затынын организми сезимтал келип, ички жана сырткы чөйрөнүн түрдүү өзгөрүүлөрүнөн таасирленип турат. Мисалы, аба ырайынын алмашышы, стресс жана уйкунун канбай калышы, дененин салмагынын жогорулашы же тескерисинче, азайышы, ар кыл диеталар жана абага көтөрүлүү сыяктуу. Ушул себептердин кайсынысы болбосун айыздын кечигишине алып келиши толук ыктымал. Айыздын кечигишинин физиологиялык себеби катары кош бойлуулук саналат. Этек кир өз убагынан өтүп же убагына жетпей келиши репродуктивдик системадагы коркунучтуу оорунун белгиси дагы болушу мүмкүн. Демек, гинекологго кайрылып, текшерилип, себеби аныкталса, дарылануу талап кылынат.
Бегайым ТАЛАНБЕКОВА
Июнь 22, 2013 at 2:09 пп |
rahmat.abdaan kerektuu maalymat eken
Июнь 22, 2013 at 2:10 пп |
choon rahmat,abdaan kerektuu maalymat eken!
Июнь 22, 2013 at 2:14 пп |
rahmat
Август 12, 2013 at 12:19 пп |
Биздин авторлор ар бир номерде сиздей болгон окурмандар учун кызыктуу жана пайдалуу статьяларды жазууга аракет кылышат. Сиз учун биз кубанычтабыз. Рахмат!