Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Кумар Жалиев: «Жүрөгүм бош эмес…»

IMG_6210-2

Мекенибиздин кызыл байрагын бийик көтөрүп, намысты алдырбай келе жаткан Евразия эки жолку жана Азиянын эки жолку  чемпиону, 2009-жылдын кикбоксинг боюнча Президенттин кубогунун ээси, жылуу жүзү менен жагымдуу жылмаюусу далай селкилердин жүрөк кылын чертип өткөн жылдыздуу мушкер Кумар Жалиев менен болгон маекти сунуш кылабыз.

Мен бала чагымда эле спорт чөйрөсүнө аралашып калдым. Мени спортко алып келген, ушул ийгиликтерге жетүүмө түрткү болгон ата- энем.  Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз. Беш кыздын ортосундагы жалгыз эркекмин. Бизди ата-энебиз абдан эркин өстүрдү, дайыма каалоолорубуз менен эсептешчү.  Машыгуу учурунда кысталыш жумуш чыкканына карабай сөзсүз жөнөтүшөр эле. Турнирлерге катышам десем «катардан калба» деп бирөөдөн карызга акча алып берип болсо да жөнөтүшчү. Чоң спорттогу ийгиликтеримде  А. Воиновдун эмгеги зор.

Мен катышуучу мелдештерге ата-энем барбайт. Апам бир да жолу барган эмес, телевизордон көрсөтүп калса дагы карабайт. Мен мелдештен кайтып келгенде апам уттуңбу же утулдуңбу иши да жок, «эч жерин эч нерсе болгон жокпу, буту-башың сообу»  деп  текшерип кирет. Атамды мушташтын жыйынтыгы кызыктырат. Таймаштарда, уруш башталганда жакындарымдын эч кимисин байкабайм,  бүткөндөн кийин кайдан-жайдан атам пайда болот.

IMG_6296-2

Спорт биринчи кезекте мени бекем тартипке көндүрдү. Акыл-эсимди өстүрүп, токтоолукка үйрөттү. Кыргызстандын желегин көтөрүп, жеңиштерге жетишүү – бул чоң намыс, чоң бакыт.

Мелдештер ар бири  өз алдынча оор болот. 2007-жылы Президенттин кубогу үчүн мелдеш болгон. Бизден Ален Офойо экөөбүз чыкканбыз. Сегиз спортчунун ортосунда таймаш болуп, бир күндө үч ирет мушташканбыз. Мен Николай Коренев аттуу Украиналык балбан менен чыгып калдым. Ал убагында Жамбулат Амантаев менен урушкан, тажрыйбалуу спортчу болчу. Экинчи раундда кабыргам сынып кетти. Он беш мүнөттөн кийин кабыргамдын ооруганына карабай Казакстандан келген спортчу менен беттешип, финалга чейин жеткем. Ушул мелдеш аябай эсимде калыптыр.  Мушташтын алдында түрдүү ырым-жарымдарды колдонбойм  же атайын белгим деле жок, болгону мушташтын алдында же чет өлкөгө чыгып бара жатканда сөзсүз Оштогу ата энеме жолугуп, жок дегенде  телефон чалып, батасын, ыраазычылыгын алгандан кийин гана жолго чыгам.

Бирөөнү идеал тутуп, ошого умтулуу менен адам өсөт. Кичинекей кезде жаңы баштап келаткан учурда кикбоксингдин улуу мууну Жанбулат Амантаев, Анвар Ибраев, Малик Борбашевдерди кумир тутчубуз. Убакыт өтүп булар менен бир катарга туруп калдык. Жашоодо Федер Емельяненкону спортчу катары сыйласам, канчалык жамандабасын талант жагынан Флойд Мейвезерди барктайм. Анын жашоодогу жолу эмес рингдеги өзүн алып жүрүшү жагат. Константин Цзюнун мээнеткечтигин сыйлайм.

Чыныгы спортчунун негизги үч сапаты: каалоо, тартип жана өжөрлүк. Ар бир жеңилүүдөн сабак алып, ар бир жеңиштен кийин тажрыйбасын арттыруу керек. Спортчулардын арасында дагы түрдүүлөрү бар. Бир аз машыгып, булчуңдарын чоңойтуп алып көчөгө төшүн көтөрүп баскан «чала спортсмендер» дагы кездешет.  Менин пикиримде чыныгы спортчу эч качан мен спортчумун деп мактанбайт, чемпионмун деп айтпайт. Мисалы раматылык Раатбек Санатбаев аганын көкүрөгүн көтөргөнүн бир дагы жолу уккан эмесмин.

IMG_6153-2

Чет өлкөлөрдө бизге салыштырмалуу спортчуларга жакшы шарттар түзүлгөн. Аларда бир жылдык планды түзүп коёт да, негизги максаты жеңиш. Бизде үйлөнүш керек, үй бүлөнү багыш керек, ата-энеге каралашыш керек. Жеңиштер болгону менен спорт андай акча алып келбейт. Ата энеси «аныңды коюп акча тап, бизнес кыл, эгин эк» — деп айтат. Көп спортчулар ушундан сынат. Кээ бирөөлөрдү  «бандиттер» чакырат, жакшы акча төлөп берет. Акчанын кыныгын алган спортчу берилип кетет, байлык жыят, ошентип отуруп укук коргоо органдары изине түшөт, акырында андай спортчубуз өзү да жок болот.

Мен жашоодо кандаймын? Бул суроого мени жакшы билген адамдар жооп беришсе сонун болмок. Жалпысынан алганда жинденсем бат жазылам, дээрлик токтоомун. Тамакты ылгабайм, бирок таттууга абдан жакынмын. Досторум көп, мага жакпаган адамдар деле бар. Бирок аларга билдирбегенге аракет кылам.

Кыздар биринчи кезекте ыймандуу, жөнөкөй болушу керек. Ой-максаты  башка кыздар дароо эле билинет. Дагы бир айтарым, социалдык тармактардын жакшы жактарын алышса дейт элем.

Жеке жашоомду коомчулукка жарыя кылганды жактыра бербейм. Убакыт сааты келгенде бардыгы белгилүү болот. Башкысы жүрөгүм бош эмес.

Адамдар эмнеге үйлөнүшөт? Жеке менин үй бүлө куруудагы негизги максатым үй бүлө очогун улоо. Жаш балдарды жакшы көрөм. Кыздардын акылына, жашоодо өзүн алып жүрүшүнө, кыйынчылык убактарда абалдан чыгып кетишине чоң маани берем.

Сырткы келбетим кудайга шүгүр, ушуга ыраазымын. Эркек киши маймылдан бир аз эле айырмаланышы керек дегенге кошулам. Сакалымды алганым болбосо кам көрбөйм деле, сулуулук каражаттарын колдонбойм. Крем сүйкөнгөн эркектерди түшүнө албайм. Ал эми жаштардын кийингендери бир аз өкүндүрөт. Чачтарын өстүрүп, түшүнүксүз кийимдерди кийип жүргөндөрдү жактыра бербейм.

Акча жашоодо керектүү нерсе. Тилекке каршы азыркы заманда акчага бардыгын сатып алууга болот. Жеке жашоомдо мага акча кереги жок деп айта албайм. Бирок байлык колдун кири, келет кайра кетет. Буга карабай акча үчүн бирөөнү сатып же бирөөнүн көңүлүн оорутуп келебиз. Менде бир принцип бар – акча кантип келсе ошентип эле жок болот. Мисалы иштеген жеримден алган айлыгым акырындан короп, маанилүү сарпталат, ал эми спортто кээде мушташтан гонорар алып калсам, кантип жок кылганымды байкабай дагы калам.

Кайырчыларга чын жүрөгүмдөн кайыр-садага берем. Бардыгы Алла Талаанын буйругу менен болот, маңдайына жазганды көрөт деп билем.

Өкүнгөнүм биздин муундун батышты, европаны туурап жатышы, улуттук баалулуктарыбыздан айрыла баштаганыбыз. Балдарды биримдикке, достукка жана ыйманга тарбиялаган союз мультфильмдерге биздин муун аз-маз илээшип калдык. Азыр кайда барба, кайсыл каналды караба атышкан, мушташкан, бири-бирин өлтүргөндөр.  Менин оюмча жаштардын психологиясы бузулуп бара жатат.

Өлкөнүн экономикасы өнүкпөй жатканы мени түйшөлтөт. Мурдагы системадан чыга албай, мурда эле кетирген катачылыктарды кайталап келебиз. Мисалы Казакстан алдыга кетип жатканда, биз ордубузда турсак дагы мейли эле, биз артка кетип жатабыз. Экономиканын алсыздыгынан, акчанын жетишсиздигинен спортко жетишээрлик көңүл бура албай калдык.

Мекендин кадырын  четке чыкканда билесиң. Мен өз өлкөмдү эч нерсеге алмашкым келбейт. Эң таза суу, эң таза аба, кышы кыштай, жазы жаздай, эн даамдуу тамак бизде жолугат. Башка өлкөнүн жалтыраган асфальтына караганда айылдагы көңдүн жыты ары жакын, ары жагымдуу сезилет.

Жек көргөнүм жердешчиликке, уруу-уруу болуп бөлүнгөндөр. Чет элде жүрүп дагы түштүк, түндүк болуп бөлүнгөн кыргыздарды көрүп жүрөм. Бизде кыргыз деген бирдиктүү идеология жок.

IMG_6198

Кино тармагына кокусунан аралашып калып, алардын түйшүктүү ишине күбө болдум, искусство адамдарына болгон көз карашым өзгөрдү. Кинодогу башкы каарманга менин образым ылайык келсе чын дилим менен аткарат элем. Кайсыл жерде конкуренция күчтүү болсо сапат жогору болот. Кыргыз киносунун өнүгүү темпин жогору баалайм.

Келечекте  Кыргызстандын болочок чемпиондоруна насаатчы болгум келет. Жашоомду спортко байлагандан кийин ушул тармакта өлкөнүн өнүгүшүнө салымымды кошсом дейм. Моюнга алуу керек, бир кездерде гүлдөп өнүккөн кикбоксинг азыр өчүп барат. Андыктан мурдагы деңгээлге жеткирип, керек болсо ашырсам дейм.

 Бегайым ТАЛАНТБЕКОВА

Сүрөт: Андрей КОСТИКИН


Ответов 2 to “Кумар Жалиев: «Жүрөгүм бош эмес…»”

Оставить комментарий

 

 

 


семь − = 1

Закажите журнал

Обсуждения публикаций

  • Бурул Я согласна с Вами Курманжан с Вами тоже Айжан. Но Мээрим действительно женщина с сильным характером. Как руководитель молодец. – Авг 08, 10:49
  • 555 хороший парень и девушка у него шикарная.. – Авг 06, 7:18
  • Айдай Помню, как кто-то танцевал под Time to say goodbye Андрея Бочелли. Свадебный танец под песню о прощании – Июл 22, 7:30
  • 555 Шикарная девушка, и фильм Курманжан Датка классный, вообщем все суппер )) – Июл 17, 4:46
  • Aijan Легко рассуждать, когда есть богатый муж или отец, которые спонсируют твое детище. Когда ты красивая и все дается легко. К сожалению, в нашей стране построить... – Июл 16, 11:46
  • Еще »

Опрос

Что бы вы изменили в журнале BISHKEKCHANKA? (нужно добавить свой ответ)
  • Добавить свой ответ
результаты