Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Садык Шер-Нияз: «Мен өзүмдү азырынча режиссер катары эсептебейм…»

Кыргыз кино сүйүүчүлөрү менен талдоочуларынын бүйүрүн кызыткан «Курманжан Датка» тарыхый фильми кыш мезгилинде каражаттын жетишсиздигинен улам токтотулган эле. Жаз алды менен кайрадан кино тартуу иштери жандандырылды. Өз кезегинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таркатылган фильмдин тизери элдин жүрөгүнөн орун таап, бардыгыбыз чыдамсыздык менен күтүп жаткан учурубуз. Кыргызстандын тарыхындагы эң ири тарыхый кино долбоорду жетектеген режиссер Садык Шер-Нияз менен маектешип, бир катар суроолорубузга жооп алдык.

садык агай2_a«Курманжан Датка» фильмин тартуу идеясы кимдики? Фильмди тартып жаткан  команда тууралуу айтып берсеңиз? Курманжан Датканын ролун аткарууга  актрисалар кайсыл критерийлер менен тандалды?

Идеянын автору Курманжан датка фондусунун төрайымы, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева. Ошол кишинин опол тоодой эмгеги жана да айтканынан кайтпаган каармандыгы менен ушул кино тартылып жатат десем жаңылышпайм. Бул кишинини эмгегин баса көрсөткөн  себебим, эгер бул үлгүнү  башка дагы бир инсандар улантып кете алса, анда кыргыз кинематографиясында дагы көптөгөн тарыхый фильмдер жаралып, биздин маданиятка зор салымдар болот эле.

Тарыхый чыгармаларды жаратууда  өтө көркөмдөп жиберген же аша чаап кетиптир, бурмаланган деген сын-пикир көп айтылат эмеспи. Сиз профессионал катары ушул моментти эстен чыгарбасаңыз керек?

Көркөм чыгарма болгондон кийин албетте, ар бир сүрөткер өзүнүн  сүртүмдөрүн  кошсом деп тилек кылат. Ошол эле учурда тарыхый чындыкты бурмаланышына жол берилбеш керек. Курманжан энебиздин тагдыры ансыз деле көп драмалык окуяларга жык толгон, өтө көп десем да жаңылышпайм. Тарыхый инсандарды эле санап олтурсак жүздөн  ашат. Ошондуктан бул чыгарманын бушайманчылыгы окуяларды ойлоп табуу эмес, тескерисинче кантип чыгарманын өзөгүн  сактап, ошол эле учурда окуяларды кыскартууда болуп олтурат.

   адык агай 14_aМамлекет каржылаган ири долбоорлордун алгачкысы дагы «Курманжан датка» фильми болсо керек. Ошентсе дагы бөлүнгөн каражат максатты ишке ашырууга жетишээрликпи?

Мамлекеттик каржылоо – алыбызга жараша. Бир гана кудай анан фильмге ишенген фанатиктерден топтолгон тартуучу топ бул фильмди аягына чыгарат деген ойдомун. Негизинен кино, жалпы эле маданият  эмне экенин түшүнбөгөн  топтон куралган мамлекеттик ишмерлердин» жардамынан тоскоолу көбүрөөк  болуп турган учур. Өзүңүз салыштырып көрүңүз, тарыхый  тасма «Миң балага» казактар 12 миллион  доллар жумшады. Эки эсе кыйын «Курманжан даткага» силер ушуга баштай бергиле деп биздин мамлекет 0,8 миллион доллар берди. Анын 15-тей пайызы «Кыргыз фильм» киностудиясына жаңы техника сатып алууга кетти. Эгерде «Айтыш фильм» киностудиясы жардамга келип, өнөктөш болбогондо кыйналып калмак экенбиз. Чоңдор фильмдин тартылган жарымысын көрүп, кинону бүтүргөнгө  0,4  миллион  доллар которуп беребиз деген сөздөрдү берип жатышат.

Сиздин кино тармагындагы барандуу эмгектериңиздин бири «Курманжан Датка» болуп калаары бышык. Бизге «Биринчи кадр» фильми дагы абдан жагат. Сиз иш учурунда дал ушул кинодогудай кызыктуу окуяларга кабылдыңыз  беле?

Негизинен ал фильм Темир Бирназаровдун «ПАРЗ» деген кыска метраждуу фильмин тартып жүргөндө чыныгы болгон окуялардын негизинде тартылган.

Кыргызстандагы кино тармагындагы өсүштөрдү кандай баалайсыз? Жаштардын арасында сиздин  көзүңүз түшүп, келечегинен үмүттөндүргөн режиссерлор барбы?

Абдан позитивдүү көз караштамын. Негизинен кыргыз кинематографиясы КМШ же болбосо мурунку СССР өлкөлөрүнүн  ичинен, чыныгы феномен жарата алды. Ал феномен – Кыргыз кинематографисттери өз элин улуттук киного кайрып алганы, биздин башка өлкөлөрдөгү кесиптештерди чынында суктандырып, тамшанта турган абалда. Бул феноменди, казактын белгилүү продюсери Сергей Азимов Алматыдагы жолугушууда моюндаса, «Кыргызстан –  кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» фестивалына келген Россия, Казакстан, Украина, Грузия мамлекеттеринин кино ишмерлери суктануу менен белгилеп кетишти. Кыргыз кинематографисттеринин биримдиги жана ишмердүүлүгү менен айкашкан бул чоң эмгек, стратегиялык багытыбыздын туура экенин көрсөттү жана берилип иштөөнүн арты береке болорун далилдеди. Бул чоң бурулуш албетте өзүнөн-өзү келип чыккан жок. Көптөгөн  кинофестивалдардын уюштурулушу, Артык Сүйүндүков  баштаган аксакалдарыбыздын жаштарга билим бериши, жаңы кино жабдыктардын Кыргызстанга алынып келиши, даңазалуу орто муун: Актан, Марат, Эрнест, Темирлердин үлгүсү, жаш режиссерлорубуздун амбициясы, аларга бел болуп берген «Манас»  кинотеатрынын жаңыланышы, Эрнест Абдыжапаровдун чеберканасы, сапатты өстүрүүгө багытталган «Ак Илбирс» улуттук кинопремиясынын уюштурулушу, жана да Нуртай Борбиев баштаган «Кыргыз Кереметин» жаратуучуларынын бизге тирек болушу, дагы дагы көп факторлор ушул зор башталышка алып келди десем жаңылышпайм. Албетте жаш кинорежиссерлорубуз бар. Болбосо кантип биз кинематографияны сактап калабыз. Баарын айтпай, жаз майрамынын астында кыздарыбыздын эле атын айтайын: Дальмира Тилепбергенова, Асель Жураева, Ырыс Окенова, Айдай Чотуева, Наргиза Маматкулова, Ульяна Коновалова,  Айгуль Баканова. Ушул кыздарыбыздын ар бирөөсү канчалаган Эл аралык фестивалдардан Кыргызстандын байрагын желбиретип намыс алып келгенине далай жолу күбө болгонбуз. Режиссер инилерим таарынбайт деген ойдомун алардын баарын айтып олтурсам, жарым бет болчудай…

садык агай 7_aКаныңдан жаралган балдардын ичинен дагы бирөөсү өтө жакын болот дейт экен, буга чейинки эмгектериңизден кайсынысы жүрөккө жакын?

Көп сынга кабылса да «Биринчи кадр». Бул фильм кандайдыр бир ачыктык жана да тазалык менен тартылгандыктан көптөгөн жаңылыштыктарын ошол «бала кыялы» менен жаап тургансыйт.

 Эл ичинде: «Садык өзүн таланттуу режиссер катары таанытты, имиджин түзө алды, бирок Эл аралык гана эмес КМШнын деңгээлиндеги дагы киносу, эмгеги жок,» – деп айткандарын кулагым чалган эле. Сиз кошуласызбы мындай пикирге?

Кошулам, мен өзүмдү  азырынча режиссер катары эсептебейм.

«Айтыш» коомун түзүү менен  төкмө акын, манасчылардын чоң мектебин түптөй алдыңыз.  Эмгегим бааланды, акыбетим кайтты деп ойлойсузбу?

Эмгекти эл баалап, тарых таразалайт, ага али көп убакыт бар. Албетте, мени таанып учурашса кубанам.

Сиз маданият министри болсоңуз ишти эмнеден баштайт элеңиз?   

Театрдан. Театрды  дагы өзүнүн кыргызга гана таандык жол менен алып чыкса болот деген ишеничим бар. Анан адабият. Анан Манастан калган оюндар. Министр болбосом деле бул үч багытта «Айтыш» фондунун чон пландары бар.

Ушул суроонун канчалык эски жана тажатма экендигине карабай, сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде экенин билгим келди?

Эгер бир нерсеге көзүң жетсе, эл сени апенди деп ойлосо да аягына чейин күрөшө билүүдө. Анан да ошол ишиңдин, сага ишенген команданын ишеничи биринчи орунда болуш керек.

 садык агай 1_aДал ушул учурда сизди кубандырган жана түйшөлткөн жагдайлар кайсылар?

Кыргыздын уулдары, мындайча айтканда бир туугандар, мансапкорлук жана байлык кумарынан арыла албай, биздин мекенибиздин алсырашына «көмөк» көрсөтүп  жатканы.

Бактылуулук дегенге бир сүйлөм менен кандай аныктама берет элеңиз?

Эгерде бакыт деген эмне деп ойлонбосоңуз, ошол убактыңыз эң  бактылуу убакыттар.

 »Бишкекчанка» журналына  каалоо-тилегиңиз?

Бүгүнкү  мезгилде маалымат айдыңында иштөө өтө оор. Саясатчылардын «оорусу» маалымат каражаттарына да оошуп бара жаткандай. Кызыгы, кээде элге жакын, бирок чындыкка жакын эмес маалыматтар болот. Жаман нерсе жугумдуу болот, бийиктиктин азабы бар. Ар-намысты биринчи орунга коюп, иш алып кете алсаңар, анда асмандан дагы бир жылдыз жангандай болор эле…

Маектешкен Бегайым Талантбекова 


Один ответ to “Садык Шер-Нияз: «Мен өзүмдү азырынча режиссер катары эсептебейм…»”

  • Иши Кылса
    Сентябрь 25, 2014 at 4:35 пп | Reply

    Кыргызча тарыхый кинолор абдан аз, дагы сапаттуу тарыхый кинолор тартылса жакшы болмок.

Оставить комментарий

 

 

 


7 + четыре =

Обсуждения публикаций

  • Инка Смотришь на такие людей - самодостаточных, красивых, талантливых и, по-настоящему, широко мыслящих,и радуешься за своих соотечественников. Думаю, они еще много раз нас удивят и порадуют. – Окт 11, 4:38
  • Инка Давно импонирует внешность Мээрим Атантаевой, есть в ней что-то притягательное. А по ее ответам, и личность очень интересная. – Окт 11, 3:15
  • Иши Кылса Кыргызча тарыхый кинолор абдан аз, дагы сапаттуу тарыхый кинолор тартылса жакшы болмок. – Сен 25, 4:35
  • Диана Суперски! а я не смогла приехать посмотреть :( но благодаря вам я теперь ощутила как оно там было. Спасибо! – Сен 11, 3:49
  • Malika Добрый день!Очень нравиться эта рубрика. Как же это приятно когда тобою восхищаться,а главное твой внешний вид в гармонии с внутренним состоянием. Очень долго ищу свой... – Сен 09, 3:34
  • Еще »

Опрос

Где бы вы хотели провести свадьбу?
  • Добавить свой ответ
результаты