«Тurkvizyon-2015»Үчүнчү Эл аралык конкурсу алгачкы жолу Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды. Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган «Ким билет» аталышындагы ырды аткарган Жийдеш Идирисова биринчи орунга чыкты. Экинчи орун казакстандык «Орда» тобуна тийсе, үчүнчү орунга түркиялык Гөркем Дурмаз ээ болду.
100 миллион көрүүчүсү бар 12 өлкөдө көрсөтүлүүчү «ТМВ» эл аралык каналында бир жыл бою клиптерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Жийдеш, журналисттер менен жолугуп даярдык, конкурс, жеңиши жана мекендештеринин колдоосу тууралуу айтып берди.
Концерттик залдын кире беришинде Кыргызстандын кызыл туусун желбирете тосуп алган мекендештерине, Стамбулдагы кыргызстандык студенттерге, ырдын сөзүн жазган Кыялбек Урманбетовго, колдоо көрсөткөн Канат Култаев, Алексей Сидоров жана аранжировщик Мирлан Ниязовго, костюм тигип, бийин койгон кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.
Үчүнчү Эл аралык «Тurkvizyon-2015» конкурсу түрк дүйнөсүнүн тарыхында биринчи жолу 8 жаштан 13 жашка чейинки жаш балдар арасындагы «Бала Түрквизион» конкурсунун гранд-финалын өткөргөндүгү менен дагы айырмаланды. Албания, Румыния, Украина, Беларусия, Иран, Грузия жана башка өлкөлөрдүн жаш таланттары катышкан конкурста Кыргызстандын намысын Айдин Нурдинов коргоду. «Кыргыз бийи» ырын аткарган Айдин беш миң көрүүчүнүн алдында «Алтын үн» наамына ээ болуп, калыстар тобунан диплом алды.
Стамбулда өткөн конкурска 22 өлкөдөн 300гө чукул коноктор чакырылган. 24 өлкөнүн 40тан ашык каналдары конкурсту түз алып көрсөткөн. Биринчи «Түрквизион» Түркиянын Эскишехир шаарында 24 өлкөнүн катышуучусу, 120 ЖМК өкүлү, 400дөн ашуун сыйлуу меймандардын катышуусунда өткөрүлгөн. Конкурска катышуучуларды Кыргызстандын аймагында аныктоону Kultaev Production жана Коомдук биринчи канал уюштурган эле.

Жеңүүчүлөрдү сахналаш достору жана күйөрмндары «Манас» аэропортунан кубанычтуу маанайда тосуп алышкан кези
Сүрөт: Диля Муминова, Андрей Шестаков
Декабрь 31, 2015 at 3:02 пп |
Moлодец Жийдешь, Талантливая девушка! и Парень молодец, удачи в будущем!