Женский глянцевый журнал на русском и кыргызском языках

Жийдеш менен Айдин түрк дүйнөсүн дүңгүрөттү

«Тurkvizyon-2015»Үчүнчү Эл аралык конкурсу алгачкы жолу Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды. Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган «Ким билет» аталышындагы ырды аткарган Жийдеш Идирисова биринчи орунга чыкты. Экинчи орун казакстандык «Орда» тобуна тийсе, үчүнчү орунга түркиялык Гөркем Дурмаз ээ болду.

ST7A5384

 100 миллион көрүүчүсү бар 12 өлкөдө көрсөтүлүүчү «ТМВ» эл аралык каналында бир жыл бою клиптерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Жийдеш, журналисттер менен жолугуп даярдык, конкурс, жеңиши жана мекендештеринин колдоосу тууралуу айтып берди.

ST7A5370

23-декабрда AKИпресс маалымат агенттигинде жеңүүчүлөр менен пресс-конференция өттү

Концерттик залдын кире беришинде Кыргызстандын кызыл туусун желбирете тосуп алган мекендештерине, Стамбулдагы кыргызстандык студенттерге, ырдын сөзүн жазган Кыялбек Урманбетовго, колдоо көрсөткөн Канат Култаев, Алексей Сидоров жана аранжировщик Мирлан Ниязовго, костюм тигип, бийин койгон кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.

ST7A5380 (1)

Үчүнчү Эл аралык «Тurkvizyon-2015» конкурсу түрк дүйнөсүнүн тарыхында биринчи жолу 8 жаштан 13 жашка чейинки жаш балдар арасындагы «Бала Түрквизион»  конкурсунун гранд-финалын өткөргөндүгү менен дагы айырмаланды. Албания, Румыния, Украина, Беларусия, Иран, Грузия жана башка өлкөлөрдүн жаш таланттары катышкан конкурста Кыргызстандын намысын Айдин Нурдинов коргоду. «Кыргыз бийи» ырын аткарган Айдин беш миң көрүүчүнүн алдында «Алтын үн» наамына ээ болуп, калыстар тобунан диплом алды.

ST7A5379

 

Стамбулда өткөн конкурска 22 өлкөдөн 300гө чукул коноктор чакырылган. 24 өлкөнүн 40тан ашык каналдары конкурсту түз алып көрсөткөн. Биринчи «Түрквизион» Түркиянын Эскишехир шаарында 24 өлкөнүн катышуучусу, 120 ЖМК өкүлү, 400дөн ашуун сыйлуу меймандардын катышуусунда өткөрүлгөн. Конкурска катышуучуларды Кыргызстандын аймагында аныктоону Kultaev Production жана Коомдук биринчи канал уюштурган эле.

ST7A5394

Пресс-конференциядан кийин Жийдеш Идирисова ар бир ЖМК өкүлдөрүнө жеке интервью берип жатты

139A3324

Жеңүүчүлөрдү сахналаш достору жана күйөрмндары «Манас» аэропортунан кубанычтуу маанайда тосуп алышкан кези

139A3372

139A3463

 

 

Сүрөт: Диля Муминова,  Андрей Шестаков


Один ответ to “Жийдеш менен Айдин түрк дүйнөсүн дүңгүрөттү”

Оставить комментарий

 

 

 


− шесть = 1

Обсуждения публикаций

  • Manas 5++++++++++++++ – Фев 19, 5:03
  • Журогумдун_Жарымы. Чынында айтылуу Ош базарыбыздын тегереги зээнди кейитет. – Фев 12, 7:17
  • Иши Кылса Сонун балдар-кыздар экен, көз тийбесин. – Фев 12, 3:17
  • Aidai Жакшы маек болуптур. Кызыктуу, жонокой жана чындыктуу. Супер инфо кооздоп, кескилеп анан чыгарат го дейм. Пиарга жакыныраак. Ал эми, бул жерден журналист да мыкты интервью... – Фев 04, 8:15
  • Айгерим Прикольно написано! Сальса - приправа для жизни! – Янв 29, 6:00
  • Еще »

Опрос

Что бы вы изменили в журнале BISHKEKCHANKA? (нужно добавить свой ответ)
  • Добавить свой ответ
результаты