28.06.2016
Люди / Интервью

Анжелика Бекболиева: «Жашоонун даамын чыгарып жашаш керек»

Ырчы, дизайнер, бизнесвумен, визажист, жароокер жар, мончоктой үч кыздын ажарлуу энеси Анжелика Бекболиева менен айымдарга кызыктуу темаларды козгоп, эч нерсени жаап-жашырбай, чын дилден сүйлөшүп отурдук. Үй-бүлөсү, бизнеси тууралуу сүйлөп жаткан жайдары жүздүү бул сулуу айымдын ой толгоолору, позитивдүүлүгү, кылган жумушу заман менен төп келгени мени суктантты.


– Саламатсызбы, Анжелика! Бешик боо бек болсун!

Рахмат, кечирип коюңуз, кечиккеним үчүн. Төрөгөндөн кийин күндү, айдын канчасы экенин да унутуп калып жатам. Бүгүн КТРКга дагы барышым керек экен, эсимден чыгып калыптыр. Кыздарымдын бирөөсүн чакырсам, үчөөнүн атын тең кайталап жатам.

– Төрөгөндөн кийин өзүңө келгиче ошондой болот эмеспи. Кандай өттү төрөтүңүз?

Үчүнчүсүндө алдын ала баарын алып даярданып, тажрыйбалуу болуп калат экенсиң. Биринчи кызымда төрөлө элек балага эч нерсе албаш керек деп ырымдап, байпак да сатып алган эмесмин. Экинчисинде дагы улуу эжесинин кийимдери бар деп алган жокмун. Үчүнчүсүндө манежден баштап баарын алдым. Балам аман-эсен төрөлөт, ушуга жатат, балам ушул кийимди киет деп жакшыга ырымдап, жакшы ой менен ала берсең болот экен. Коляска алдым, кийимдерин баарын алып жууп, үтүктөп даярдандым.

– Пландап эле төрөдүңүзбү?

Менин балдарым ичимде эле аябай гиперактивдүү болгон үчүн төрөлөөрдө дайыма башы менен эмес туура эмес абалда келип калышат. Ошондуктан үчүнчү жолу да пландап эле «кесарево сечение» менен төрөдүм. Меникиндей он сегиз сааттык толгоону эч кимге каалабайм. Биринчи наристемде эс-учумду жоготуп, «эне же бала» деген абалга келип калганда жолдошум уруксат берип, операция кылышкан. Үчүнчүсүндө 1-октябрга пландап жатканбыз, бирок коркуп эки-үч күн жүрдүм. Анан жетинин бири кызыр, Путиндин да туулган күнү экен деп, 7-октябрда төрөдүм. Дагы жүрө турайын десем, отуз тогузунчу жумадан ашып калган эле. Жыл өткөн сайын жаның таттуу болуп калабы, корктум. Мурда циркте коопсуздугу жок эле ар кандай көнүгүүлөрдү аткарып жүрсөм, азыр андай жасай албайм.

– Жаш өткөн сайын адамдын курчтугу мокойт эмеспи. Канча кг төрөдүңүз?

3350 гр. Эжекелерине караганда чоңураак төрөлдү.

– Кесареводон кийин кыйналышат эмеспи, кантип калыпка келип жатасыз?

Үчүнчүсүндө баштагыдай көп кыйналган жокмун. Жылдан жылга медицина өнүгүп жатканын сездим. Профессор Асымбекованын клиникасында төрөдүм. Биринчи кызымды ким төрөтсө, экинчисинде, үчүнчүсүндө деле ошого бардым. Себеби ал кайсы жерден кескенин, жолдорун билет. Жалпы наркоз албаган үчүн баарын көрүп турдум. Кыялымда хирург болгум келгендиктен, бүт баарын өз көзүм менен көргүм келди. Менден да апам аябай коркту. Операцияга кирип баратсам калчылдап коркуп алыптыр, жолдошум болсо машинеге кетип калды. Анестезиолог менен тамашалашып сүйлөшүп отурдук. Ошентсе да өлүмдүн алдында жатканыңды сезет экенсиң. Бирок бул жолу ооруну сездирбей турган дарылар, препараттар өтө күчтүү болду окшойт. Себеби алты сааттан кийин эле баланы коридордо көтөрүп басып жүрдүм. Экинчи күндөн тарта ичимди таңып баштадым.


– Менин билишимче, сиз бир айга жетпей эле жумушка чыктыңыз. Ымыркай баланы таштап чыкканга эмне муктаждык болду?

Мен он төрт күндөн кийин эле чыктым. Биринчи кызым менен үйдө үч жыл отурдум.Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда болуп, чыгармачылыктан алыстап, бакытка батып жүрдүм. Жумушка чыккандарды көрүп, «кичинекей баласын кантип таштады» деп таң калчумун. Эки жашынан кийин бала бакчага барды, үчүнчү жылы иштеп баштадым. Экинчи кызым менен бир жарым жыл отурдум. Үчүнчүсүндө болсо үйдө отурбай деле койсо болот экен деген жыйынтыкка келдим. Азыр баланы тиктеп эле карап отура берген мезгил эмес экен. Тажрыйбалуу апа катары бала 2-3 айына чейин курсагы ток болсо сенин бар-жогуңду билбей эле уктай берерин билдим. Баланын курсагы ток, эч жери оорубаса ыйлабайт. Кызым жоош болгон үчүн да ар бир эки саатта эмизип коюп, жумуштарымды бүтүрө берем. Өзүмдү төрөгөндөн кийин аябай эле жакшы сезип жүрөм. Кубаныч Курманбеков деген тамашоучу жигит бар эмеспи, ошолор бизди өкүл апа, өкүл ата кылып тандап калышты, төрөгөндөн кийин биринчи жолу ошол жакка бардык. Өкүл аталар биринчи тост сүйлөшөт эмеспи, сүйлөп коюп эле качтым. Үйдөн бир аз чыкканымда эле жүрөгүм лакылдап, балам ыйлап жаткандай сезиле берет. Эшикке чыкканда телефонумду кайра-кайра карай берем. Телефон чырылдаса, демек, ойгонду деген белги, 20 мүнөттүн ичинде үйгө жетип калышым керек. Мурду кызарып ыйлап баштаганын ойлогондо, учуп жөнөйм.

– Кайсы фирманын подгузнигин колдоносуз?

Pampers. Мен биринчи кызымда бул калың экен, бул жука экен деп алмаштыра берчүмүн. Азыр дем алдырганы, ыңгайлуусу Pampers экен деген жыйынтыкка келдим.

– Бала багуучуңуз ким?

Өзүмдүн апам. Мени чоңойткондон кийин ага ишенем да. Буга чейин кайненем каралашчу, азыр ал 85тен ашып калды. Атасы экөөбүз жуунтабыз, кезектешип карайбыз. Үчүнчү кыздуу болосуңбу, же алтынчыбы, жетинчиби, ошол наристени колуңа кармап жатканда өзгөчө бактылуу болот экенсиң. Менин апам жакта да, атам жакта да кыз жок. Мен баарына жалпы кыз болчумун, дайыма сиңдилерим, эжелерим болсо деп кыялданчумун. Ошол тилегимди кудай орундатып атат. Айым азыр сегиз жашка чыгып, аны менен сыр бөлүшүп сүйлөшүп калдым. Атасы да: «2-3 жылда көрөсүң, үйдүн жумуштарынын баарын ушулар жасап калышат», – деп айтып калат. Бирок былтыры наристелүү бололу деп пландап жатканда өзүмдүн врачыма барып: «Уулдуу болууга мага календардан эсептеп бербейсизби», – дедим. «Мен өзүмө эсептеп жаңылып калгам, мен эми Кудай эмесмин да», – деди. Мага деле биринчи кезекте ден соолугу чың наристе керек болчу.

– Үйдүн жумуштарын ким жасайт?

Мен жасайм. Кайын сиңдим бар, ошол каралашат. Бүгүнкү күндүн шартында үй жумуштары өтө деле кыйын эмес.

– Кээ бирөөлөр болот, адамдардын назары тиет деп үй-бүлөсүнүн, балдарынын сүрөттөрүн социалдык түйүндөргө койбойт. Сиз кандай көз караштасыз бул нерсеге?

Кичинекей кызымдын сүрөтүн толук коё элекмин. Мен негизи көз тиет деген сыяктуу негативдерди адамдардан күтпөйм, бир эле Кудайдан корком. Эгер Кудай сага жаман нерсе каалабаса, эч нерсе болбойт. Мен жети жашымдан баштап эл астында чоңойдум, көз тийсе мага деле тиймек.

– Өзүңүздү кайсы тармакта профессионал, ийгиликтүүмүн деп эсептейсиз? Жакшы бизнес-вуменсизби, ырчыбы же дизайнерби?

Ырчылык кесип мен үчүн биринчи орунда. Бул менин каныма аралашып калган, өзүмдү чыгармачылыктан, ырдан сырткары көрө албайм. Мен ырдабай, сахнадан кетип үйдө отуруп көргөнмүн. Жаман сөздөрдөн, ушактардан тажап кеткен элем ал убакта. Азыр элдер жөнөкөй эмеспи, ал кезде жөн гана учурашып коюштун ордуна бармак кезеп көрсөтүп, эл башкача кабыл алчу. Кичинемден баштап ырдаган үчүн жөнөкөй эле эне, жөнөкөй эле адам болгум келип кетчү.

– Ошол үйдө отурган үч жыл ичинде эмне болдуңуз, эмнени сездиңиз?

– Телевизордон жаңы ырчылар чыгып жатканын көрүп аябай сүйүнчүмүн. Бирок баары бир экрандын ары жагы мага андан да кызык болчу. Чыкканымдын бир чоң себеби кайра эле элдин сөзү болду. «Күйөөсү ырдатпай койду, үйдө отургузуп койду», – деп жүрүштү туугандар кошулуп.

– Элдин пикиринен ошончолук көз карандысызбы?

– Бизде кайын-журт, туугандар бар, менталитетибиз башкача, элдин ою мага баары бир деген жашоо бизде эмес. Атың жакшы жагынан чыгып жатса, бул жакшы да.

– Инстаграмдагы, интернет баракчаларындагы жагымсыз оюн билдирген адамдардын негативинен кантип коргоносуз?

Интернеттеги жаман комментарийлер мен үчүн эч нерсе эмес, маани бербейм. Мен андан да коркунучтуу жолду басып өткөм. Көп нускалуу гезиттер мен жөнүндө жашагыңды келтирбей турган нерселерди жазган кездер болгон. Ошондойдо дайыма күйөөм жооткотчу. «Эң башкысы мен билем, досторуң билет сен кандай экениңди, ата-энең сыймыктанат сени менен. Бул эң башкысы, алар эмне десе да, алардын пикири», – дечү. Кийин мен биринчи кезекте жакындарың үчүн жакшы адам болуш керектигин түшүндүм. Жакындарыңа жакшы адам боло албасаң, эч качан чочундарга жакшы боло албайсың. Инстаграмда мени сындаган адамдар мени тааныбайт, мени билишпейт. Баарына жагыш кыйын.

– Бирок атактуулардын силерге байланыштуу сындарын кандай кабыл аласыңар?

– Мисалы?

– Мисалы, белгилүү бир айым: «Анжеликанын көйнөктөрү менин апамдын төшөктөрүнө окшош», – деп айтканы бар.

– Туура эле кабыл алам. Демек, апасы таланттуу экен да (күлүп). Кийимдер менин көз карашым менен жаралып жаткандан кийин менин табитимди жактырган адамдар табылып, алып жатышат. Кооз, сонун нерсе жаратсаң, адам оор басырыктуу мүнөздөгү кийимди жактырышы мүмкүн. Токтоо өңдөр менен, оор басырыктуу кийим тиксең, ал кулпурган, ашкере кооз кийимди тандайт. Ар кимдин табити ар кандай. Мен өзүмдү дизайнермин деп эч качан эсептебейм, мен дизайнер эмесмин чындыгында. Менин аябай таланттуу тигүүчүлөрүм, бычуучуларым бар, бирок алардын идеясы жок. Эгер алардын идеясы жакшы иштесе, алар өздөрү жарата беришмек. Көбүнчө идеяларды мен берем.

– Учурда кайсы тармактагы бизнесиңиз аябай кирешелүү?

Ырчылыгым. Себеби көбү мени ырчы катары таанышат. Мен жашырбайм, быйыл, былтыр менин кирешемдин 80% ырчылыктан түштү.

Өзүн өзү каржылабай, артка тарткан бизнесиңиз барбы?

– Андай жок, андай болсо мен дароо эле жаап салам. Мен өсө турган, өнүгө турган бизнести алып кетүүгө даярмын. Бизнес артка кетип жатса, аны оңдоп-түзөөнүн кереги жок.

Гардеробуңуздагы кийилбей калган кийимдерди эмне кыласыз?

– Менин гардеробумда мен аябай жактырган кийимдерим бар, аларды эч нерсе кылбайм. Мисалы, мен бут кийимдерди аябай жакшы көрөм, жакшы көрүп, аярлап, абайлап, көпкө кием. Беш жыл өтсө да модадан чыкпаган, эскирбегендери бар. Кээ бир кийимдер болот, аёосуз эле сатып алып, кайра оңой эле таратып коём. Мен ар кандай долбоорлор аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар менен таанышкам, аларды сиңдилерим деп коём. Көп кийилбей калган кийимдеримди ошолорго берем, алар барктап киет деп ойлойм.

Жылдык кирешемдин белгилүү бир пайызын кайрымдуулук ишине жумшайм деген принциптериңиз барбы?

– Үй-бүлөбүздө бар. Жолдошумдуку өзүнчө, меники өзүнчө. Жолдошум «Адеп башаты» деген фонддун мүчөсү. Белгилүү бир убактарда акча берип турат, андан сырткары бир канча студентти өз мойнуна алган, ошолорго каралашып, стипендия берет. Мен көбүнчө онкологиялык оорулар менен ооругандарга жардам көрсөтөм. Менин акча салгыч кутучам бар, ошого чогултам. Чогулган акчага Жаңы жылдын алдында балдар үйүнө белек алып барганды жакшы көрөм. Жаңы жылды мусулмандар майрамдабайт дегени менен Жаңы жыл мен үчүн кичинемден күткөн сыйкырдуу майрам. Менин балам жеп жаткандарды алар да жесин деп таттуу көп алып барам. Килограммдап конфеттерди алып, аны кайра кичинекей пакеттерге бөлүп салгандан, ал белектерди бергенден аябай ырахат алам.

Үй-бүлөлүк чыгымдарды ким көтөрөт? Кимиңердин кирешеңер көп?

– Албетте, менин кирешем жолдошумдукуна жетпейт. Күйөөмдүн кирешеси көп болгондугу үчүн азыркы күндө аябай сонун үйдө жашайбыз, сонун машиналарда жүрөбүз. Менин батир сатып ала тургандай кирешем жок. Бирок азык-түлүк сатып алуу сыяктуу күнүмдүк чыгашаларды өзүм жабам. Күйөөмдү 5000-6000 сом бер деп майдалап, жүдөткүм келбейт.



Косметикаларды кайдан аласыз, кандайларын колдоносуз?

– Мен косметикага өтө кылдат мамиле жасайм. Менин бир оорум бар, шампунь менен атырды көрсөм эле ала берем. Менин терим бир учурда кургак болсо, кайра бир аз убакыт өтүп эле майлуу болуп кетет. Ошондуктан бардык кремдер эле туура келе бербейт. Азыр Vichy фирмасынын кремдерин колдоном. Ушул фирманын кремдери таза негизде жасалат деп билем. Кооздук үчүн косметикалардан болсо Atelier фирмасынын боёктору, Bobbi Brown фирмасынын хайлайтери, MAC фирмасынын помадасы жагат. Бир фирманын бүт продукциясын колдонбойм.

Чачыңызды канча убакта бир боёп турасыз?

– Чачымды бир жылда бир боёп турам. Өзүмдүн чачымдын өңү сары. Мен мелировка кошуп коем. Себеби чачты тармалдатканда ал аябай таасирдүү, жакшынакай болуп, фотосессияларда да кулпуруп көрүнөт. Мелировканы ак чачы барлар жасаса болот, себеби ал билинбей калат. Мен мелировка жасатам, ал эми чачымдын боёгун болсо ар бир эки айда алмаштырып турам. Тонировка деп коет, ал боёкко кирбейт, курамында аммиак, кычкыл суутек жок болгондуктан чачка зыян келтирбейт. Бирок боёкко караганда көпкө сакталбайт. Кирпиктеримди болсо эки жыл узартып жүрдүм, азыр болсо эс алдырып атам. Төрөөрдүн алдында алып салгам, себеби реставрацияга баралбайм.

Эмнеге өзүңөрдүн салонуңарга да баралбайсыңарбы?

– Баргандан кийин эки саат жатыш керек да. Кантип баламды таштап коюп эки саат жата алам? Үйгө адисти чакыруу өтө эле аша чапкандык болот. Эгер бир жакка бара турган болсом, өзүм визажист болгондуктан жасалма кирпиктерди туура чаптаганды билем.

Мейк-ап жасоону каяктан окугансыз?

– Жаңы үйлөнгөнүбүздө жолдошум менен Москвада жашап калдым. Ал күнүгө эртең менен жумушка кетет, мен үйдө жалгыз калам. Ошол убакта өзүмдүн салонум болот, өзүм боёном деп кыялданып, иштегим келип жүргөн учурум эле. Ошол себептен окуп калдым. Мурда канча салонго барбайын, ыйлап чыкчумун, же жакпай калчу, же улуу кылып салышчу. Анан ушулардыкындай эле эки колум, эки көзүм бар туруп, кантип ушул нерсени үйрөнө албайм деп окуганмын. Бирок мен ал окуумдун аягына жетпей калдым, себеби, Египетке бал айына кетип калдык. Египеттен Бишкекке келдим. Келген учурда кош бойлуу болуп калдым. Үйрөнүп алганым үчүн тогуз ай бою өзүмдү, апамды, курбуларымды, туугандарымдын баарын эле боёй берчүмүн.

Азыр салонуңарда канча визажист бар?

– Беш визажист бар. Андан сырткары башка адистер да бар. Жакында чоң салонубуз ачылат. Азыр кийим, мода тармагында жалпы бир чоң борбор ачуу долбоорунун үстүндө иштеп атабыз.




Байтик Баатыр көчөсүндө спорттук кийимдерди саткан дүкөнүңөр бар эле, иштеп жатабы?

– Жок, ал жакты башкаларга өткөрүп бергенбиз. Шарты биздин өлкөгө туура келбей калды. Кирешелүү эле болчу, бирок дал ошондой жасалмалары чыгып жатпайбы. Оригинал менен жасалманын айырмасы көрүнүшү бирдей, бирок сапаты башка болгондугу. Бизде жасалмасын көп кийишет, себеби, ошого жараша акча табабыз да. Алардын шарты боюнча товар өтсө өтпөсө дагы белгилүү бир суммада алып туруш керек. Биз ошого жооп бере албай калдык. Кийим алып сатуу иши меники да, жолдошумдуку да эместигин түшүндүк да, жаап салдык. Мага кайра эле көйнөк, боёктор менен иштеген жакшы экен. Мен өзүм экономист болгондуктан, жумушта да, үйдө да бухгалтерияны өзүм алпарам.

Сулуулук салонун, дүкөнүңүздү ижарага алгансызбы же жеке менчикпи?

– Сулуулук салонун мага жолдошум белекке берген. Дүкөнүмдү ижарага доллар 40 кезинде алган элек. Азыр айырмасы өтө көп болуп кеткендиктен көчүп кеттик Ахунбаев көчөсүнө, үйүмө жакын жерге. Азыр кичинерээк жерде турабыз, бирок чоң кеңсе алдык. Буюрса, ошол жакка көчөбүз. Мен ошол студия аркылуу көп айымдарга жардам бергим келет, ошол эле учурда кылган жумушумдан ырахат алып. Акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес, ошого болушунча жашоонун даамын чыгарып жашаш керек деп ойлойм.

Жетпей калган кыялдарыңыз барбы?

– Мен дайыма каалоо айтканда да «Сен жетпеген кыялдарга балаң жетсин» деп көп айтам. Кээде ушундай күтпөгөн кыялдарың орундалып калат. Мен эч качан үч кызым болот, көйнөк тигем деп ойлогон эмесмин, азыр мен кыялдангандан да жакшы нерселер болуп жатат жашоомдо.

Атактуулук сизге эмне үчүн керек?

– Атактуулук эмне үчүн керек мага? Чынын айтсам, бул тууралуу ойлонбоптурмун. Мүмкүн, мен өзүмдү анчалык атактуу деп эсептебейттирмин.

Жашооңузда кайсы бир окуя, бир бурулуш же идеядан кийин турмушуңуз таптакыр башка нукка бурулду?

– Турмушка чыккандан кийин.

Жолдошуңузду жолуктурбай калсаңыз, жашооңуз кандай болмок?

– Элестете албайм.

Мүмкүн катардагы бир ырчы боюнча калмаксыз, сулуулук салонуңуз деле болмок эмес?..

– Чет өлкөгө кетип, ошол жакта калсам керек эле. Мен өзүмдү дайыма башка өлкөдө жүргөндөй элестетчүмүн. Себеби, атам да Техаста беш жыл иштеп келген үчүн мени дайыма Америкада окутам, ал жакта билимди жакшы берет дечү. Мүмкүн, элдин эсинде кичинекей Анжелика боюнча калмакмын, ал жакта окууну бүтүп, ал жакта иштеп калмакмын. Мүмкүн, ырдап эле жүрө бермекмин, бирок турмушум кандай болмок билбейм. Азыр кетким келбейт. Он сегиз жашымдагы ойлор менен азыркы ойлорум, көз карашым инь-янь. Мен Америка, Дубай, Швейцария сыяктуу көп өнүккөн өлкөлөрдү көрдүм. Бирок биздин жашообуз баары бир жакшы экен. Мен патриот болгонум же мекенчил болгонум үчүн айтып аткан жокмун, бизде жашаган оңой. Америкада, башка өлкөдө ачкалыктан өлүп калышың мүмкүн, бирок бизде эч качан ачка калбайсың. Дос, тааныш, туугандар бар, жериңде береке бар. Бул жерде сен эч ким болбосоң деле мекениңдин өз атуулусуң.

Карьера же үй-бүлө деген аялдарды кандай карайсыз?

– Бирөөнү эле тандап, экинчисин таштап коюп, өзүн бактысыз сезгендерди мен жалкоо деп эсептейм. Эки жакка тең жетишсе болот.

Азыркы жетишкен ийгилигиңиздин канча пайызын жеке өзүңүзгө тийиштүү деп ойлойсуз? Жолдошуңуз бизнесиңизди каржылаган үчүн канча бир пайызы ага да таандык болсо керек?

– Элүү, элүү. Мен көп эле чиновниктердин, колунда бар бизнесмендердин аялдарын жакшы тааныйм. Алар спа-салондорду, дүкөндөрдү ачышкан. Кана азыр алар? Алар «мына мен бизнес ачам, андан ары өзү өркүндөй берет» деп ойлошкон. Бирок улантып кеткенге да тажрыйба керек, жумушчуларга да туура мамиле жасаганды билиш керек.

Түшүнүктүү. Жетекчи катары ийкемдүүсүзбү же диктаторсузбу?

– Мен үйдө да, жумушта да эч качан диктатор болгон эмесмин. Мен көбүрөөк укканды жана андан жыйынтык чыгарганды жакшы көрөм.

Ошол эле жакшы иштей албаган визажисттерди жумуштан кантип кетиресиз?

– Мен эч кимди иштен кетирген эмесмин. Алар өздөрү эле жыйынтык чыгарып кетип калышат. Себеби андай адамдарга иштеш кыйын болуп калат. Мен дайыма ким күчтүү болсо, ошого жакшы акча тапканга шарт түзүп коём.

Демек, келген кардарларды бөлүштүрүп коёсуз?

– Жок, алар кезек менен кардар тейлешет. Бирок кардар экинчи жолу келгенде кимге барышты билип калат.

Сиздин жолдошуңуз тууралуу өтө жакшы пикир угабыз, адамгерчиликтүү, кичипейил деп. Анан сиз барган жерлерде, мисалы, Омардын туулган күнүндө деле, башка бир ырчынын чыгармачылык кечесинде деле чогуу жүрөт, эмне анын жумушу жокпу же кызганабы деген да пикирлер бар. Чынына келгенде сизди кызганабы же чыгармачыл адамдар менен жакын болуп калган үчүн чогуу барабы?

– Биз досторубузду бөлбөйбүз. Мисалы, Урмат тараптан менин аяштарым аябай эле көп. Мен аларга аябай жакшы мамиле жасайм, Урмат да менин досторумду өзүнүкүндөй сыйлайт. Мен азыр жолдошумсуз бирөөнү барып куттуктай албай калдым. Барсам эле баары Урматты сурашат. Жалгыз баргандан негедир тартынам. Жолдошум менен барсам өзүмдү ишенимдүү, толук кандуу сезем. Үй-бүлөлүү айым күйөөсү менен жүргөндө сулуу, сыйлуу, урматтуу болот го дейм. Үй-бүлөлүү айымды жаман сөз да аз ээрчийт, аялдар дагы, эркектер дагы сыйлашат. Урматтын адамгерчилигин аябай баалап, анан тийгенмин. Албетте, башында бизди «не пара», жаш айырмасы чоң экен деген сыяктуу сөздөрдү айтып жүрүштү. Бирок аны менен элдер эмес мен жашайм да. Эң башкысы, мен эгер ооруп калсам, бул адам менден бурулуп кетпейт, колуна көтөрүп багарын так билчүмүн. Жашоого ошондой адамды тандаш керек.

Ушул жерден бир суроо. Отто-сууда да ушул адам мени таштабайт деп кантип акылыңыз жетти? Сиз ал кезде жаш эле болчусуз?

– Апамдын кеңеши болчу. Менин ушундай бактылуу түтүн булатканыма апам себепкер. Апам: «Өзүң көрүп атасың, күндө жуучулар келип жатышат. Өздөрүн чоң сезген кишилердин балдары, биз аларга тең келе албайбыз. Сени жактырган адамдардын ичинен сен Урмат менен гана бактылуу боло аласың. Сага күнү-түнү каякта жүрөт деп ыйлаган күйөө эмес, тынч жашай турган күйөө керек», – деди. Анын өзүнүн жашоодо алган тажрыйбасы бар да.

Апаңыз атаңыз менен чогуу жашайбы?

– Ооба, чогуу жашайт. Менден кийинки иним 14тө, кичүүбүз 12де. Мен аларды өзүм багып чоңойтком. Менин атам менин жөлөгүм, тирегим, ал мен үчүн тоону томкорууга даяр. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деп коёт эмеспи. Эң башкысы, апам ал адам менен аябай бактылуу. Апам мени жалгыз таштабай эки инилүү кылганы үчүн аябай бактылуумун.



Автор: Назира Абдиева

Фотографии: Виктория Бар