Жеңиш Майрамбек уулу: «Мага өзүмдүн мейкиндигим жетиштүү. Башкалардын аралашуусун каалабайм»

Кыргыз кино тармагында «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Биртууганчик», «Напарниктер» аттуу комедиялардын жаралышы менен Жеңиш Майрамбек уулу деген жаңы ысым пайда болду. КВН, «Тамашоу» лигаларынын оюнчусу, БИШКЕКЧАНКА журналынын тандоосу менен «2014-жылдын мыкты актёру», жакында эле үйлөнүп, сүйүктүүсү менен бирге түтүн булата баштаган Жеңиш менен кызыктуу маекти сунуштайбыз.
– Жеңиш, куш боо бек болсун. Бал айы кандай өтүп жатат?
– Чоң рахмат. Мен үчүн «бал айы» эмес, «бал жумасы» болду окшойт. Үйдөн чыкпай, уктап, эс алып жүрөм. Жарым жыл иштеп, жарым жыл эс алган графикке өтүп алгам.
– Учурда кинотеатрларда «Напарниктер» фильми көрсөтүлө баштады. Бул идея кимге таандык?
– «Биртууганчик» фильми аябай көп көрсөтүлүп, кассалык жыйымды абдан эле көтөрдү. Бул комедиянын популярдуулугунан кийин көп режиссёрлор Бакыт Осмонканов экөөбүздү тасмага тартылууга чакырышты. Бирок кандай долбоор болбосун, өзүбүздүн эмгек болсун, күчүбүздү сынайлы деген ой менен «Напарниктерди» тарттык. Тартууга досубуз демөөрчүлүк кылды. Тобокелге салып тарттык эле кудайга шүгүр, кинодон түшкөн каражат менен досубуздун чыгымын жаптык. Андан сырткары прокаттан пайызын алып жатабыз.
– Фильмдеги кайсыл эпизодду тартуу кыйын болду? Негизи эле тасма талаасында кызыктар көп болсо керек?
– Вертолётко жармашып учкан жери бар эмеспи, ошол учурлар татаал болду. Мени аркан аркылуу бийиктикке көтөрүшүп, колумду өйдө көтөрүп учушум керек болчу. Албетте, кыргызча «страховка» деп белимден байлап коюшкан (күлүп). Колум талып калган, кирпич заводдун чаңы буруксуйт, жайдын аптабы, жабык, көлөкө болчу алакандай жер жок. Кичине эс алуу боло калса кепканы башка кийип, кепканы ыргытып салып кайра учуп. Өзүм арык болсом, андай деле булчуңум жок болгон үчүн түптүз арканды гана кармап учуп бараткандай элести бериш кыйын болду. Өйдө жактан кантип учуп жатканымды же эч ким көрбөйт. Ошондуктан бир нече вариантта тарттык. Оператор өзү араң тартып жүрөт, мен кантип учканымды адилет баалап айта албайм. Бул бир эле ракурсту тартуудагы кыйынчылыктар. Экинчи ракурсту тартыш үчүн мени менен кошо оператор дагы учушу керек болду. Үчүнчү ракурста капталынан, төртүнчүдө имаратка барып урунуп, тактайды тешип чыгып, акырында эшиктен ыргып чыгат эмеспи. Монтаж менен баарын сонун кылып чаптап койдук. Бирок тартуу чынында кыйынга турган. Мончодо тартканда деле кыйналдым. Өзүмдүн кан басымым төмөн да, тердейм, кайра чыгам, биринчи эффектти тартыш үчүн чачымды кургатышат. Бир маалда кадимкидей эсим оой баштады. Бетиме муздак суу чачып алып кайра кириштим. Мончодогулар да шаштырып, кардарлар келгенче бүткүлө дешкен. Түшкө чейин өздөрү жууп-тазалай турган күнү тартканга уруксат алганбыз да. Быйылкы «аномальный» ысыкта тартылды. Эшикке чуркап чыгып, дем алайын десең, эшикте мончодон ысык.
– Милиция тууралуу фильмди тартуу үчүн техникалык жактан, машине, форма дегендерди кайдан алдыңар?
– Чүй областтык ички иштер башкармалыгы колдоп берди. Басма сөз кызматынын башчысы Нурбек Токтосунов бир сөзүбүздү жерге калтырбай, сураганыбызды таап берип, фильмди тартууга чоң көмөк көрсөттү. Чыныгы курал керек десек таап, бир машинени бизге бекитип, начальниктин орун басарынын иш бөлмөсүн бошотуп беришти. Кийин премьерага келип, көрүп кетишти. Алардын дагы үмүтүн актадык, милиция таза иштейт деген ойду жеткире алдык деп ойлойм.
– Арык, жүдөгөн, күлкүлүү персонаждарды ойноп жүрө берип, орустун Шуриги сыяктуу ушул образдан чыга албай калам деп коркпойсуңбу?
– Көрөсүңөр го, беш жылдан кийин салабаттуу, курсакчан киши болуп калам. Мен семирсем аябай эле чоң көрүнүп калсам керек. Кичине толсом эле бетиме чыгып, көзүм көрүнбөй калат. Ошондо, бул баягы арык баланы ойногон актёр деп эстешет болуш керек.
– Кудай берген талантым жетиштүү деп ойлойсуңбу же актёрдук билимди өркүндөткүң келеби?
– Көптөр мага актёрдук чеберчиликти же кино тармагында окуп, диплом алып албайсыңбы деп айтышат. Мен бул ишти хобби катары көрөм. Хобби катары мамиле кылганда убактым дагы кенен, кылган ишимди дагы берилүү менен кылам. Ал эми кесип, жумуш катары көрсөм кыйналып калам. Чектелип калып, иренжип баштайм. Мага жагып, хобби болуп атканда кыла берем. Билим алсам көз карашым дагы киночулардыкындай болуп калат. Азыр мен катардагы жаран катары көйгөйдү көрүп, кандай болоорун сезип, туюп, иштеп жатам. Элге жакыныраакмын. Художник болуп кетсем, майда-чүйдөлөрүнө басым жасап калам. Эл үчүн мазмун маанилүүрөөк. Мен издене берем деген ойдомун. «Напарниктерди» тартып жатканда үн жазуучу балабыз экзамен тапшырып жаткандыктан, анын ордуна жазып жүрүп, бул жагын өздөштүрүп алдым. Мага чек жок, баарын үйрөнгүм келет. Режиссёрлукту, монтаж жасоонун сырларын үйрөнсөм дейм. Биз комедиядан башка эч нерсе тарта албайбыз. Жаңы күлкүлүү, боорду эзген персонаждарды ачып, сапаттуу комедия тарткым келет.
– Бакыт Осмонканов экөөңүздөрдүн тандем ийгиликтүү болуп жатат. Кандайча бирге иштеп калгансыздар?
– Бакыт Эл аралык университетте, мен Юридикалык академияда окуп жүргөндө таанышканбыз. Бакыт КВНде мыкты ойноп, сценарий жазып, өтө активдүү студенттерден болчу. Биз сыяктуу жаш командаларга үйрөтүп, ким эмне деп сүйлөйт, качан чыгат, баарын даярдачу. Факультеттер аралык оюнга катышабыз деп, сценарий жаздырганы барып таанышкам. Ал кезде 5000-6000 сом чоң акча эмес беле. Декандын орун басары оюнга деп бөлүп берген акчаны каякка коротобуз деп ойлонуп, Бакытка сценарий жаздырчубуз. Андан бери 10 жыл өттү. Баары өзгөрдү. Бакыт өзгөргөн жок, ошол бойдон калды. Тамашаларыбызды, сөгүшкөнүбүздү көтөрөбүз, сырыбызды жашырбайбыз.
– Кичинеңизден бери чогуу жүргөн досторуңуз барбы? Же чөйрө алмашканы алар да өзгөрдүбү?
– Чөйрө эмес, шартка жараша алмашты го дейм. Классташ досторумдан бирөө эле калды. Буга мектептен мектеп алмаштырганым себеп болду окшойт. Чынын айтайын, начар окучумун. Бир класс жетекчиден башка класс жетекчиге өтө качып. Кыргыз класста окуп жүрүп, кайра орус класска которулуп. Атамдын эрке баласы болгондуктан, жакшы билим алсын деп №5 гимназияга киргизген. Пригородный районунан сары автобус менен түшүп келчүмүн. Уктап калып, далай ирет Аламүдүнгө өтүп кеттим. Аэропорт тарапка өтүп кетип, ыйлап, жүдөп эле жүрчүмүн. Үйдөгүлөр тажашып, жашаган жерибиздеги мектепке киргизип коюшту. Атамдын иниси 4-5 жашымда эле санаганды, окуганды үйрөтүп койгон. Сүрөттү жакшы тартчумун. Менден 3 жаш улуу агам ал кезде окуй алчу эмес. Алты жашымда мектепке барып, 1-2 классты бир жылда окуп бүткөм. Аябай жакшы окуп жүрүп, чарчап кеттимби, ортодо таштап салдым. Ал тургай кийим-кечекти жуушуп, тамак жасашып, апама жардам берчүмүн. Андан дагы тажап кетип, жалкоо болуп кеттим. Мен онго чыкканда инилүү болуп, өз алдынчалыкка үйрөнүүгө туура келиптир да көрсө. Азыр жалкоомун, үй жумуштарын, дегеле иш кылганды аябай жаман көрөм. Көңүлүм калып калган.
– Өзүң айткандай сегиз жыл КВН, беш жыл Тамашоуда жүрүп, эми киного тартылып, Жеңиш Майрамбек уулу деп эл оозуна алынганың сен үчүн узун эле жол. Бирок сыртынан караган кишиге үч фильмге тартылып, эки жылда атактуу болгондой сезилет. Материалдык жактан атактуулук эмне берди?
– Сен эмне максат менен киного тартылып жүрөсүң деп сурашат. Ар кимдин приоритети ар түрдүү да. Мен иштеп жатканда материалдык пайда табуу үчүн иштейм. Акча алып келбесе кылбайт болчумун. А бирок акча таап жаткандан кийин, сапаттуу продукция чыгарууга милдеттүүбүз. Эл күлө турган, көңүлдүү келип, эс алып кете турган фильм болууга тийиш. Долбоор мыкты болсо, биздин эмгектин акыбети дагы ошончо көп болот да. Атактын артынан ээрчибей эле, каражат таап, үй-бүлө багалы деп жүрөбүз, мен деле, Бакыт деле. Атак өзү эле келчү нерсе экен.
– Атак демекчи, «Инстаграмда ушунча фолловерим бар» деген азыркы жаштардай социалдык тармактарда активдүүсүзбү?
– Өзүмдүн мейкиндигим эле мага жетиштүү. Бул мейкиндикке башкалардын аралашуусун каалабайм. Кичинемден эле көз тийип ооруп калмайым бар. Апам дароо эле кошуна эжеге алып барып, дем салдырып келчү. Дем түшкөндөн кийин эс алып, өзүмө келип калчумун. Азыр деле ызы-чуу жайлардан, эл көп топтолгон жерлерден кача берем. Адамдар менин кайда жашаганымды, эмне иш кылып жүргөнүмдү билүүсүн каалабайм. Жеке жашоом өзүмө гана тиешелүү болуусун каалайм. «Мен сиздин фанатыңызмын, актёрлук чеберчилигиңизди баалайм» деп айтышат. Мен деле катардагы адаммын, башкалардан эч айырмачылыгым жок, болгону телевизордон көрсөтүп калышат. Киного тартылсам, акча табыш үчүн иштеп жатам. Кошуналар көчөгө чыксаң, «карачы-карачы» десе жаман болот экенсиң. Мен ушул райондо жашаганыма 20 жыл болбодубу. А баса, социалдык тармактарды жарнама үчүн колдонушат турбайбы? Мен муну жакында эле билдим. Дүкөндөрдүн кийимдерин кийип, хэштег коюшуп, профилин белгилешип, аларды жарнамалап турушат экен. Мага ыңгайлуу, жылуу кийим болсо эле болду. «Секонд хэндге» барып, 1,5 кг кийим сатып алып, таза жууп кийип алам (каткырып).
– Тамашасы жок айткандачы, кийим-кечекти кайдан сатып аласыз?
– Чынын айтыш керек, менин дене-түзүлүшүмө төп келчү кийимди табуу кыйыныраак. Балдар менен чыгып калсам алар алдынан чыкканды алышат, мен дайыма кыскартып, узартып, ичкертип эле жүрөм. «Дордойго» жакын жүрсөм базарга кирип эле керек нерсени сатып алам. Илгери кадимкидей эле «Ош», «Орто-Сай» базарларына барып кийинчүмүн. Азыр көп барбай калдым.
– Сатуучулар таанып, арзандатып береби?
– Мен эч кимден арзандатуу деле күтпөйм. Сүйлөшүп, соодалашып, кадимки кардардай болуп соода кылганды жакшы көрөм. Кирип калсаң: «И-ий, сен баягы баласың да!» – деп эки жагыма чыгып, тиктеп баштаса кеткенче шашам. Бир жолу Ысык-Көлдөн келе жатып, Боом капчыгайына жеткенде ал кезде сүйлөшкөн кызым, азыркы келинчегиме таарынып, жолдо калып калдым. Таштап кетишет деп күткөн эмесмин, бирок кетип калышыптыр. Телефонумдун заряды өчүп аткан, кафелердин бирине кирип заряддап, таксидеги досума чалып, Нурайымды үйгө жакшылап жеткирип кой деп табыштап, өзүм кичинекей сумкамды көтөрүп сыртта турам. Түн, эшик суук. Эки жаш бала, бир кыз болуп машинеде отурушуптур. Терезесин чертип, «Бишкекке барсаңар, ала кеткилечи» десем, терезесин жаап алып, өз ара сүйлөшкөндөн кийин макул болушту. Каткырып, тамашалашып, шаарга абдан көңүлдүү келдик. Үйгө жеткенде акча сунсам, албайт. Анан кетип жатканда: «Брат, давай, кинолорго жакшылап тартыл», – деп жатпайбы. Аябай жагымдуу таң калуу болду. Мени адам катары кабыл алып, мамиле кылганына ичим жылыйт. Мага арзандатуу же өзгөчө көңүл буруунун деле кереги жок. Оорукчандай болгон «клеймодон» кутулсам.
– Ошентсе деле, Корея, Түркия, АКШ сыяктуу мамлекеттердегидей фанаттар жок да бизде. Артыңан сая түшүп, кубалаган.
– Кореяга барганда эмнеси жакты, кандай кийим сатып албайын, баары мага чак болуп жатты. Акчаны анча көп алган эмесмин, ошол үчүн аз эле нерсе сатып алдым (күлүп). Бир соода борборунун жанында жергиликтүү жылдыздын фотосессиясы өтүп жатат. Укмуш кийинген бир кыз келди, модель окшойт. Ме-е сага, артынан чурулдашып жүгүрүп, сүрөткө тартып башташты. Бакыт экөөбүз тиктеп эле калдык, эсибиз ооп. Популярдуулук деген ушул окшойт деп ойлойсуң. Кыйшая карап, биздикилердей «өзүн звезда сезип алганын» деп жактырбай тургандары деле бар экен.
Аларда күн качан бузулат, качан ачылат билип алып, ошого жараша кийинип чыгышат экен. Мен эртең менен чайыттай ачык турганын көрүп, шортачан чыгып алгам. Метрого кирсем мага окшоп тапичке сүйрөп, майка кийген эч ким жок. Баары спорттук бут кийим, куртка кийип алышкан. Кореяда тизени көрсөтпөйт окшойт, туура эмес кийинип алдымбы деп «паника» башталды. Алардын бирөө да мен тарапты карап койгон жок. Эмне кийип алгансың, көзүң чоңбу, бүтүкпү, кайсы улутсуң, эч кимдин иши жок экен. Өнүккөн, элинин пейили, көзү ток экени билинип турат. Бизде аябай жакшы болуп кетсең да, аябай жаман болуп кетсең да болбойт. Ортодо туруш керек да.
– Ушул сапат кыргыздарга кайдан келди деп ойлойсуң?
– Мүнөзүбүздө бар го. Экинчиден, жашоо шартыбыз дагы ушуга түртөт болуш керек. Азыр ар бир кыргызстандык өзүн-өзү багып, жашоосун эч кимдин жардамысыз камсыздайт. Биздикиндей эле ресурстары менен бай жашаган өлкөлөр толтура да. А бизде тээ өйдө жактагылар, алардын бала-чакасы эле бай жашаш керек. Мамлекет тарабынан колдоо болсо, көңүл бурулса, жакшы айлык коюп берсе мен деле өз кесибим менен иштемекмин. Шарт жок болгондон кийин, колдон келген ишти кылып, акча таап, үй-бүлө багып атпайбызбы. Ата-энем шарт түзүп берели дешти, бир чоң курсак байкеге пара берип, жумушка киргизмей болуп. Жок дегенде ошол паранын акчасын өзүң табышың керек го.
– Өзүң чоңойгон үй-бүлө тууралуу айтып өтсөң?
– Өзүмдөн үч жаш уулу агам, 10 жаш кичүү иним бар. Иним он жыл кичүү болгон үчүн өтө эрке чоңойдум. Ата-энем жөнөкөй кишилер, сүрдүү деле эмес, Таластан болушат. Апам келин алсам кызымдай болсо экен, кыз неберелүү болсом экен деп көп айтчу. Акырындап ишке ашып келе жатат.
– Бала чакта шок эле болгон окшойсуз?
– Ооба, аябай шок болчумун. Атамдын чылымынын түбүн терип алып, мончого кирип чегип, апама кармалып калгам. Газ плитанын нан сала турган эшигине отуруп алып машина кылып ойноп жаткам. Бир маалда салмак оорлоп кетип, мен духовканын ичине кирип, эшиги жабылып, плита жерге көмкөрүлүп калды. Ал жерден чыгыш үчүн, алгач бирөө плитаны өйдө тургузуш керек эле. Кыйкырып-өкүрүп, ыйлап атам. Апам чуркап келип, араң зорго чыгарган. Айтор, бир орунга тура албай, тызылдап турчумун. Байкем менен деле үч эле жаш айырма, тентектик кылып районду дүңгүрөтүп койчубуз. Таежелерим апама келип, деги сиздин балдарыңыз аябай шок, качан токтолот деп айтышчу. Азыр өздөрүнүн балдары менден ашат (күлүп).
– Алгач ирет кыз сүйгөн Жеңиш кандай болгон?
– Мектепте окуп жүргөндө бир кызды жактыргам. Дискотега чакырмай болуп, күнүгө мектепке ошол кызды көрүү үчүн барчумун. Биздин класстын эшигин ачып бор, тряпка сурап калса бул мага белги берип атат окшойт деп ойлонуп. Жанымда отурган он бала деле мага белги берип атат деп ойлоп отурганы менен ишим деле жок. Бирок, чындыгында мындай сүйүүлөрүмдө чечкинсиз болчумун. Биринчи кадам кылып, айтып, бир жакка чакырат деген болгон жок. Себеби, мектепте эч кимге көрүнбөй эле жүргөн бала болчумун. Конкурстарга катышып, мелдештерге чыккан аябай активдүү балдар көп болчу да. Мени чыкпайсыңбы десе качып, башкалар чыкса карап кой тигини деп күлүп, жөнөкөй «районовский пацан» болчумун.
– Үйлөнүү тууралуу чечим канча убакытта келди?
– Келинчегим Нурайым менен университеттен таанышкам. Менин эле факультетимде, эки курс ылдый окучу. Алты жыл кыз-жигит болуп, мамиле курдук. Жаңы гана «сүйлөшүп баштадык» деген учур дагы эсимде. 2009-жылдын 1-июнунда жолукканбыз. Ал убакта «кыз-жигит болбойлубу» деп айткан мода болчу. Ошентип, жолугуп, кыялданып, пландарды түзүп дегендей. Ал кыз эмеспи, эркек балабыздын аты тигиндей болот, кызыбыздын атын мындай коёбуз деп айтып калчу (күлүп). Ортодо түшүнбөстүктөр, таарынышуулар, жарашуулар болуп жатты. Ырас эле сага турмушка чыкпаптырмын, ырас эле сага үйлөнбөптүрмүн деген сыяктуу. Азыр минтип баш кошуп, бир үй-бүлө болуп отурабыз.
– Кайсыл сапаттары менен сизди өзүнө тартты эле?
– Албетте, сырткы келбетин жактыргам. Эркектердин бардыгы эле ошондой да. Мен үчүн кыздардын кебете-кешпирине деле өзгөчө талап жок. Жылдыздуу, өзүнө тартып турган бир нерсеси болот го. Жакындан сүйлөшө келгенде адам катары билгенде ого бетер жактырып каласың. Аниме сымал көздөрү, эриндери, кичинекей мурду – бардыгы ошол бойдон. Алты жылдык мамиледен кийин, «мен үч фильмге тартылдым, элдер көчөдөн тааный баштады. Кыздардын баары көңүл буруп жатат, сага үйлөнө албайм» дегеним болбой калат го (күлүп).
– Ырчы Анжеликаны өкүл апа шайлапсың?
– Урмат атамды өкүл ата шайладым. Урмат байке менен көптөн бери таанышпыз, саламыбыз түз. Адамгерчилиги бийик, мага эле эмес бардык адамдарга жылуу, бирдей мамиле кылат. Анжелика ошентип өкүл апам болуп калды (күлүп). Өкүл атам дагы менин атама окшош. Келбети, мүнөзү, спорт мектебинде окугандыгы, бой көтөрбөгөнү, жөнөкөйлүгү, айтор өз атамдай эле.
– Кыздуу болгуң келеби же уулдуубу?
– Досторумдун кыздары аталап тосуп, бетинен өөп, кашык менен тамак жедирип жатканын көрүп калганда кыздуу болгум келип кетет. Мындай романтика кинодо эле болот го десем, жашоодо деле болот турбайбы. Эркек балдарын футболго ээрчитип баргандарды көрсөм уулдуу болгум келет. Ошол үчүн, кудайдын бергени деп айтышат турбайбы.
– Күйөө бала катары кызмат кылганга үлгүрдүңбү? Кинолоруңду көрүшүптүрбү?
– Азырынча отко кирип, эки-жакка чыга элекпиз. Кайната, кайненем жөнөкөй, түшүнүктүү адамдар, бирок сүрдөй берем. Жандарында көпкө тура албай, уяла берем. Жакында эле көлдөн келишип, «Напарниктерге» барып келишти.
Автор: Бегайым Талантбекова
Фотографии: Каармандын архивинен