Ашкананы пландоодогу өзгөчөлүктөр

Учурда ашкана тамак жасалып, ичиле турган гана жай эмес, үйдөгү жашоонун өзөгүн түзгөн жандуу мини-клабга айланды. Ар түрдүү той-топурларда конокторду тосуп алуудан баштап, жай баарлашууга чейин дал ушул ашканада өтөт. Басымдуу убактысын турак-жайдын бул бөлүгүндө өткөргөн кожойкенин психологиялык портретин дал ушул ашкананын пландоосунан,дизайнынан байкаса болот дешет адистер.
Адатта заманбап көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорунда ашкана үчүн азыраак жер бөлүнүп берилген. Буга карабастан кожейке ашкана бөлмөсүн пландоо учурунда аны ыңгайлуу, кенен кылып алса болот.
Эрежеге ылайык, ашкана тамак жасоочу, тамактануучу жана өтүүчү жай болуп башкы үч бөлүккө бөлүнөт. Эң эле иш кызуу кайнаган ашкананын тамак жасоо бөлүгү өз ичине азык-түлүк сактоо, даярдоо жана идиш-аяк жууй турган жайларды камтыйт. Аталган ашкананын бөлүгү максималдуу түрдө ыңгайлуу, көзгө жагымдуу жана кенен болуусу шарт. Кожоюндар ашкананы пландоодо өз табитин, жашоо образын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен бөлмөнүн ар бир сантиметрин пайдалуу колдонууга шарт түзө алышат.
Ашкана пландоонун бир нече тиби бар:
Бурчтагы же Г тамгасы үлгүсүндөгү ашкананы пландоо түрү универсалдуу деп эсептелет. Себеби, мебелди мындай жайгаштыруу менен чарчы түрүндө боштукка ээ болуп, ашканада кеңири кыймылдаганга шарт түзүлөт. Ашкананы мындай пландоо менен анын мейкиндигин үнөмдөсө болот. Ортодогу кенен калган жерге чоң үстөл коюп, ал түгүл мини креслолорду жайгаштырганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок өтө чоң же өтө тар ашканаларга пландоонун мындай түрү сунушталбайт.
Сызык түрүндө же тагыраак айтканда ашкана эмеректерди бир тарапка жайгаштыруу менен эки тарапка плита менен муздаткычты ортого болсо идиш жуучу жайды орноштурса болот. Мындай пландоо ичке, узун, тар 2ден 3,6метрге чейинки ашканаларга туура келет. Кээ бирлери ашкананын аймагын чоңойтуп көрсөтүү максатында бул типти колдонушат.
Параллелдүү же эки катар кылып пландаштыруу ашкана басып өтүүчү бөлмө катары жана кенен болгон учурда колдонсо болот. Мындай пландаштырууда бир тарапка идиш жуучу жай менен плита коюлат, ал эми экинчи тарапка муздаткыч жана идиш-аяк же азык-түлүк сактоочу жайга орун берилет. Бул пландаштыруунун кемчилиги ашкананын так ортосуна тамак иче турган үстөлдү жайгаштыруу мүмкүн эмес.
П тамгасы үлгүсүндөй пландаштыруу орточо жана чоң ашканаларга жарайт. Аталган пландоонун жакшы жери азык-түлүк, идиштерди сактай турган жер көп болот. Бирок мындай пландоо үчүн ашкана 10-12 чарчы метрден чоң болушу керек.
Арал сымал компоновка пландаштыруусунда ашкананын аймагы нормадан тышкары кенен (15 чарчы метр) болгон учурда пайдаланылат. Көпчүлүк учурда мындай ашканалар конок үй менен бириктирилген. Жогоруда аталып өткөн бардык пландаштыруунун типтерине кошумча бөлмөнүн чок ортосуна ашкана шкафын орнотуу менен аралча пайда кылса болот. Аралчанын ролун раковинасы бар үстөл, вино сактай турган муздаткыч же шкаф аткара алат. Анын көлөмү ашкананын көлөмүнө жараша каралат.
Ал эми ашкананы пландаштырууда мебелдин туура жайгаштыруу, тандоо деги эле үй курууну пландоодо эргономика илиминин мыйзамдары мыкты жардамчы болуп берет. Эргономика – бул «адам-зат-айлана-чөйрө» системасында адамдын күнүмдүк ишкердүүлүгүн жана анын турмуш-тиричилигин жакшыртуудагы шарттарды изилдөөчү илим. Эргономиканын эрежелерине ылайыкташтырып пландалган ашкананын интерьери келечекте кожойкенин ишин кыйла жеңилдетет.
Көп функционалдуу ашкана пландоодогу эргономиканын айрым эрежелери:
- «ашкана же иштөө үч бурчтугун» туура жайгаштыруу. Ашкана үч бурчтугу деп плита, муздаткыч жана идиш-аяк жуула турган жай аталат. Бул үч бурчтуктун ортосундагы аралык кенен пландалып, кожойкенин ар бир бурчуна жетүүсү ыңгайлуу болуусу керек. Үч бурчтуктун аралыгын өтө эле чоң же ашыра кичине кылбай 3,5 дан 7,5 метрге чейин кылган оң. Эгер ашкананын аймагы тарырак пландалса, иштөө үч бурчтугунун так ортосунда идиш-аяк жуучу жай, анын эки четинде, андан 1,2 метр узактыгында муздаткыч жана плита жайгаштырылат. Ал эми ашкана П же Г тамгалары үлгүсүндө салынса, идиш жуучу жайды бурчка койгон ыңгайлуу;
- плита же мештин тамак ичүүчү столго жакын жайгашуусу кожойкенин күчүн жана убактысын үнөмдөйт;
- ашкананын кенен же тардыгына карабастан муздаткычтын бурчта турганы жакшы.
- тамак ичилүүчү үстөлдүн чоңдугу, отургучтардын саны үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына, турмуш-тиричилик техникасынын карыларга ыңгайлуулугу каралат.
- идиш-аяк, майда-чүйдөлөр эл көзүнө көрүнбөй коюлуп, керек учурда оңой табыла тургандай сакталышы зарыл. Буюмдардын бардыгы бата тургандай ашкана гарнитурасынын бийик жана тартмаларынын көп болгону жакшы.
- бөлмөгө жарык жетиштүү деңгээлде берилүүсү негизги эрежелерден;
- үй шаймандарын же ашкана эмеректеринин туура жайгашуусу дагы зор мааниге ээ. Ыңгайсыз коюлган эмеректен кожойкенин аркасы талып, дене бою ооруксунуп калат. Негизи ашканадагы гарнитуранын үстү стандарттуу 79 смден 105 смге чейин болот.
Ошондой
эле ашкананы көп функционалдуу пландоодогу кетирилген башкы каталарды карап
көрөлү:
- чүпүрөктөн жасалган буюмдар кооз көрүнгөнү менен тез убакыттын ичинде жыттанып, кирдеп калат. Андыктан, ашкананын тушкагазы жуула тургандай тандалуусу талапка ылайык.
- муздаткычтын дизайны өтө кооз, көп функционалдуу, баасы арзан болушу мүмкүн. Бирок анын эшиги кайсы тарапка ачыла тургандыгын дүкөндөн сатып аларда ойлонулушу шарт. Болбосо кожойкеге чоң ыңгайсыздыкты жаратат.
- моданын курмандыгы болгондой эле интерьердин да курмандыгы болгондор бар. Моданын артынан куугандын ордуна табитке жараша ашканага эмерек орнотуунун жөнү бар;
- кожойкенин табити мыкты болгон күндө деле адис менен кеңешип коюу ашыкча болбойт. Дизайнер менен иштешүү кошумча чыгым эмес, идеалдаштырылган ашкана долбоорунун кепилдиги;
- ашкана мебелинин баасынын арзанына эмес, сапатына караган оң. Улам кайра сатып алчудай бардыгы эле бай эмес.
- идиш-аяк жуула турган жай тар пландалса, жуулган идиш, жер-жемиштер, азык-түлүктөр коюлчу жай калбай калат;
- ашканада кара түстөгү мебель ак дубал менен шайкеш келип, кооздукту жаратканы менен анын тез кирдегени бар. Мындай мебелдин үстүнө чаң бат үйүлөт;
- ашканада төшөлгөн, бат кирдеп, кошумча жуучу каражаттарды талап кылган килемчеге караганда жакшынакай кылып төшөлгөн керамикалык плиталар ынгайлуу. Же эч кандай килемче төшөбөй эле жылуу пол кылып салган деле туура;
- ашкананын эшигинин кармагычынан ашкана гарнитурасынын кармагычтары чоң роль ойнойт. Шашып жатканда же суу кол менен кармоодо ичине кирген кармагычтар ыңгайсыздыкты жаратат.
Адистин пикири
Sakura INTERIORS дизайн фирмасынын архитектор-дизайнери Таалай Момуналиев
Телефон номери: 070197942
"Сиз жогоруда айткандай, учурда жашообуздун маанилүү бөлүгү ашканада өтөт. Жалпы тенденция тууралуу айта турган болсом, азыр көпчүлүгү ашкананы конок үй менен бириктирип жатышат. Башкы максат үйдүн аянтын үнөмдөө болгону менен бул кыйла эле ыңгайлуу. Себеби, ашканадагы жумуш конок үйдөгү чоң телевизор, кичинекей балдар, коноктор менен байланышкан. Ашкана эмеректери мурдагыдай жабык шкаф болбой барган сайын стеллаждарга (ачык тектейчелер), айнек үкөкчөлөргө (витрина) алмашып жатат. Гарнитурлардын сыртын, дубалды фотокагаз менен кооздоо акыркы жылдарда популярдуу болууда. Андан сырткары адаттан сырт ачык түстөр эркин колдонулуп калды десем болот. Психологдор түстөрдүн организмге тийгизген таасири жөнүндө көп айтышат, ал эле эмес түстерапиясы деген илим да бар. Таңкы 6да ойгонгон адам ашканага киргенде маанайы көтөрүлүп, күн бою көңүлдүү жүрүү үчүн кызгыл сары, кызгыл көк жана ачык жашыл өңдөрдү сунуштайбыз. Азыр кооздук элементи катары түрдүү түстөгү техникалар да чыгып баштады. Негизи ашканада басым саркеч заманбап техникаларга көп коюлат. Жалпылап айтканда ашкананын дизайнын карап туруп, үйдүн кожоюнунун же кожойкесинин психологиялык портретин байкап койсо болот. Мен заманбап ашкананы айфонго окшоштурам. Сырты жөнөкөй дизайн болгону менен ичиндеги ар бир бөлүк көп функцияны аткарат".
Автор: Bishkekchanka